"750 орунга 4 миң окуучу". Ак Ордодо төрт нөөмөт иштеген мектептеги абал талкууда

№104 мектеп. Ак Ордо-3, Бишкек шаары.

Бишкектеги Ак Ордо конушундагы мектепте окуучулардын төрт нөөмөт менен окуганы коомчулукта талкуу жаратууда. Маалыматка караганда, 750 орунга ылайыкталган билим берүү мекемесине быйыл 4 миңден ашуун бала кабыл алынган. Мындан улам төртүнчү нөөмөттө окугандардын сабагы саат 16:45те башталууда.

Кыргыз бийлиги өлкө экономикасы өнүгүп жатканын айтып келсе, айрымдар мектептердеги орун тартыштыгы жана төрт нөөмөттүү окуу өңдүү көрүнүштөрдү сынга алууда.

"Төрт нөөмөттө окуу - убактылуу аргасыздык"

Ак Ордо-3 жаңы конушунун тургуну Назира Айтмырзаеванын баласы 2-класста окуйт. Ал уулун кечки саат 16:45те баштала турган сабагына жеткирип келиптир:

Назира Айтмырзаева

"Класс жетекчибиз WhatsApp тайпасына 4-нөөмөттө окуй турганыбызды жазганда эле ата-энелердин баары каршы кабыл алышты. "Балдар кечинде кантип окушат? Азыр алардын оюнкарак убагы. Кечке ойноп жүрүп, кечинде мектепке барышса, мээсине бир нерсе киреби?" деген нааразылык болду. Кечээ жыйырмадай ата-эне чогулуп директорго киргенбиз. Ал бизге "бул убактылуу аргасыздык, 2-чейректен жаңы имараттар бүтсө, эки нөөмөттө окуп калабыз, түшүнүп тургула" деп түшүндүрдү. Балам дагы "караңгы болуп калат экен, кайра өзүмдүн мектебиме барам" деп ыйлаган. Биз №59 мектептен келдик. Азырынча мен үйдөмүн, баламды коштоп келип турам. Бирок жакында жумушка чыгып кетсем кандай болот деп ойлонуп жатам. Анткени сабактан кечки жетиде чыгышат. Азыр күн узунураак болуп жатат, ал эми күн кыскарганда караңгыга калышат. Бизге да бул убактылуу экенин айтышты, ноябрга чейин жакшы үмүт менен күтөбүз. Анткени былтыр деле ушул мектепти 2-чейрекке бүтөт дешкен, бирок быйыл гана жарым-жартылай бүтүрүштү".

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкектеги мектеп: "Балам "Ф" класста 4-нөөмөттө окуйт"

Ал ошондой эле кечинде сабактан келген уулу үй тапшырмасын эртең менен аткарууга аргасыз болуп жатканын кошумчалады.

Ошентип, Бишкектин четиндеги Ак Ордо-3 жаңы конушунда курулуп, быйыл пайдаланууга берилген №104 орто мектепте башталгыч класстын окуучулары төрт нөөмөт менен окуп жатышат.

Бул убактылуу чара экенин, экинчи чейректен тартып окуу эки нөөмөттө жүргүзүлө баштай турганын мектептин директору Топчугүл Кудайбердиева "Азаттыкка" да билдирди. Анын айтымында, 750 орунга эсептелген билим берүү мекемесине быйылкы окуу жылында 4 миңден ашуун бала кабыл алынган:

Топчугүл Кудайбердиева

"Биздин мектеп жаңы ачылды, эки имараты толук курулуп бүттү. 750 орундуу дагы эки имарат 1-ноябрда пайдаланууга берилет. Экинчи чейректен тартып окуу жайыбыз толугу менен эки нөөмөттө иштей баштайт. Учурда 1-2-класстар төрт нөөмөт менен окушат. Акыркы нөөмөт саат 16:45те башталып, сабактар 40 мүнөткө созулат. Төртүнчү сабак кечки жетиден кийин аяктайт. Буга аргасыздан барып жатабыз, анткени окуучулардын саны өтө көп. Жалпысынан 119 класс бар. Анын 79у башталгыч класстар болсо, 40ы 5-11-класстар. Соцтармактарда айтылып жаткандай эле, биринчи класстардын аталышы 1-Фга чейин жетүүдө".

Директордун айтымында, 5-11-класстар эки нөөмөт менен окуп, сабактары 45 мүнөткө созулат. Ал эми 1-2-класстар төрт нөөмөттө билим алышса, сабактын узактыгы 40 мүнөттү түзөт. 3-4-класстар болсо үч нөөмөттө окушат, алардын сабактары 45 мүнөткө созулат.

Аталган мектепте балдардын төрт нөөмөт менен окуп жатканы жана окуучулар көп болгондуктан класстардын саны 20га чейин жеткени тууралуу маалымат соцтармактарда тараган.

Окуу жылы башталганына карабай, балдарын мектепке жайгаштыра албай жүргөн ата-энелер азыр да арбын. Биз барган учурда мектеп директору алардын айрымдары менен жолугушуп, арыз жазып калтырууну сунуштаса, кээ бирлеринен жаңы имараттар пайдаланууга берилгенге чейин балдарын азыркы окуп жаткан мектебинде калтырууну өтүнүп жатты.

Топчугүл Кудайбердиева мунун себебин 750 орундуу эки имаратка аргасыздан 4200 бала кабыл алынганы менен түшүндүрүүдө:

"Анткени Ак Ордо чоң конуш, балдардын саны абдан көп. Биздин микротилкеде алыскы аймактардан көчүп келген үй-бүлөлөр да жашайт. Алардын балдары окубай үйдө калбасын деп кабыл алып жатабыз. Ал эми учурда шаардагы башка мектептерде окуп жүргөн, бирок биздин мектепке өтүүнү каалаган балдардын ата-энелеринен жаңы имаратыбыз бүткөнгө чейин азыркы мектебинде окуусун улантып турууну суранып жатабыз. Бизге жакын жайгашкан №125 мектептин курулушу да аяктап калды. Маалыматтарга караганда, ал экинчи чейректен тартып ишке кириши мүмкүн. Ошол мектеп да ачылса, окуучулардын саны азаят деген үмүтүбүз бар".

Дагы караңыз

Жапаров мектеп тартыштыгы 2030-жылга барып чечилерин айтты

121 мектепте 272 миңден ашуун бала окуйт

Бишкектеги мектеп жетишсиздиги маселеси акыркы жылдары улам көтөрүлүп келет. Айрым билим берүү мекемелеринде бир класста 40-50дөн окуучу билим алып жатканы айтылып, ата-энелер мунун билим сапатына терс таасири тийерин белгилеп келишет.

Бишкек мэриясынын Билим берүү департаментинин адиси Гүлира Молдоисаева "Азаттыкка" билдиргендей, быйыл борбор калаада эки мектеп пайдаланууга берилди:

Гүлира Молдоисаева

"Быйыл №104 мектеп жаңы курулуп, пайдаланууга берилди. Мындан тышкары №23 мектеп толугу менен бузулуп, кайра курулгандан кийин ишке берилди. Ошондой эле №89 мектеп толугу менен жаңыланды. Ал эми №3 мектепке кошумча имарат курулду. Жыл аягына чейин дагы бир мектепти пайдаланууга берүү пландалып жатат. Быйыл 1-класска кабыл алуу электрондук каттоо аркылуу жүргүзүлдү. Өткөн окуу жылын 260 миңге жакын окуучу менен аяктаган болсок, быйыл алардын саны 272 миңден ашты. Анын ичинен 1-класска 25 400дөн ашуун бала электрондук каттоо аркылуу кабыл алынды. Мындан тышкары эки миңдей бала ар кандай себептерден улам катталбай калган, учурда алардын ата-энелеринин арыздары каралып жатат. Ошондой эле өлкөнүн аймактарынан жана чет өлкөлөрдөн келген окуучулар ата-энелеринин арызынын негизинде башка класстарга кабыл алынып жатат. Бир дагы бала билим берүү системасынан сыртта калбайт", - деди ал.

Адистин маалыматы мамлекеттик мектептерге гана тиешелүү. Мындан тышкары борбор калаада 120дан ашуун менчик мектеп бар.

Дагы караңыз

Бишкектеги тыгын: Элдин нааразылыгы, мэриянын аракети жана убадасы

Ак Ордодогу мектепте балдардын төрт нөөмөт менен окуганы тууралуу маалымат тарагандан кийин соцтармактарда билим берүү тармагына көңүл жетишсиз болуп жатканы тууралуу сын-пикир күчөдү.

Жарандык активист Эрлан Бекчоро мамлекет оюн-зоок жайларына каражат тапканы менен мектеп курууга келгенде жетиштүү көңүл бурбай жатканын сынга алды:

Эрлан Бекчоро

"Дүйнө элдеринде "бир мектептин ачылышы бир түрмөнүн жабылышына барабар" деген жакшы сөз бар. Мамлекеттик бюджеттен оюн-зоок жайларын курууга олуттуу каражат бөлүнүп, мектептерге келгенде каражат табылбай калышы эл арасында ачуу пикирлерди жаратпай койбойт. Мектептерди көбүрөөк куруп, билимдүү, илимдүү адамдардын санын арттыралы. Билимдүү жарандарыбыз көбөйсө, андай оюн-зоок жайларынын миңин да кура алабыз".

Быйыл Кыргызстандагы мектептер Шанхай кызматташтык уюмунун мааракелик саммитинин Бишкекте өтүшүнө жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу окуу жылын 15-сентябрда баштаган.

Бишкектин батыш тарабындагы Ак Ордо калкы эң жыш жайгашкан ири конуштардын бири. 2005-жылы бийлик алмашкан маалда миңдеген үйсүз тургун мурдагы эгин талааларын ээлеп, жаңы конуш түптөшкөн. Ошондон бери ал улам кеңейип, борбор калааны курчап турган жаңы конуштардын эң ирилеринин бирине айланды. Учурда анда үч мектеп жана бир бала бакча иштейт. Дагы бир мектеп менен бала бакчанын курулушу аяктоо алдында турат.