Камактагы Кадырбек Атамбаев сот отурумуна алынып келген жок

Эрмек Эрматов, Кадырбек Атамбаев жана Темирлан Султанбеков. 15-январь, 2026-жыл. Биринчи май райондук соту.

22-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” жана “Массалык башаламандыктар” беренелери менен айыпталып жапырт кармалган саясатчылардын соту уланды.

Бул иш боюнча шек саналып жаткан Темирлан Султанбековдун адвокаты Асел Аргымбаева кылмыш ишинин жазуу түрүндөгү материалдары териштирлип бүткөнүн, эми 24-сентябрдагы отурумда аудио жана видео метериалдарды кароо пландалып жатканын айтты.

Анын сөзүнө караганда, 17-сентябрдагы соттук жараянда судья дагы бир айыпталуучу Кадырбек Атамбаевди “тартипти бузду” деген негиз менен сот залынан чыгарып салгандыктан, ал бул жолку отурумга алынып келген жок.

2025-жылдын 22-ноябрынын таңында социалдык тармактарда бир катар саясатчылардын үйү тинтилип, кармалганы тууралуу маалыматтар тараган. Көп өтпөй Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков массалык башаламандыкка чакырык жасаган деген шек менен милицияга жеткирилгенин билдирип, ал бир бөлмөдө эки адам менен сүйлөшүп отурган видеону жарыялаган. Милиция видеодо өлкөдө башаламандык уюштуруу тууралуу сөз болгонун кабарлаган.

ИИМ ушул эле күнү жапырт кармалган адамдарга байланыштуу маалымат таратып, алардын үй-жайын тинтүүдө курал-жарак, ок-дары, гранаталар, байланыш каражаттары, 150 миң доллар, тополоңду каржылоо боюнча документтер жана баңгизаттар алынганын маалымдаган. Мекеме шектүүлөргө Жогорку Кеңешке шайлоодон кийин өлкөдө тополоң уюштурууну максат кылган деген айып койгон.

Кийинчерээк 150 миң доллар “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери, экс-депутат Адахан Мадумаровдуку экени белгилүү болгон. Оппозициялык саясатчы каражат анын үй-бүлөсүнө таандык экенин айтып, ИИМдин кызматкерлери акчаны далил катары алып кеткенин билдирген. Бул иш боюнча Адахан Мадумаров күбө катары сурак берип чыккан.

Кармалгандардын ичинен “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековго, мурдагы президенттин уулу Кадырбек Атамбаевге жана экс-депутат Кубанычбек Кадыровго “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен кине коюлган. Эрмек Эрматовго, Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Дамир Мусакеевге, активист Турсунбай Шараповго, экс-депутат Шайлообек Атазовго жана ишкер Урмат Барктабасовго, ошондой эле толук аты-жөнү белгисиз (К.Н.К. жана У.у.Э.) дагы эки адамга “Массалык башаламандыктар” беренеси боюнча айып тагылган.

Кармалгандар жана алардын жакындары коюлган айыптарды четке кагышкан.

Экс-депутаттар Кубанычбек Кадыров менен Шайлообек Атазов быйыл 25-январда үй камагына чыгарылган. Мурдагы президенттин жансакчысы Дамир Мусакеев башка жакка кетпөө тилкаты менен 9-июлда камактан бошотулган. Айыпталуучулардын калгандары Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда.

Адвокат Асел Аргымбаеванын айтымында, Шайлообек Атазовдун, Урмат Барктабасовдун, Дамир Мусакеевдин иши өзүнчө бөлүнгөн. (BTo)

Дагы караңыз

Былтыр “кустуризациядан” бюджетке 102 млрд сом түштү"Куликов" менен соттошкон блогер Айтилек Орозбаев акталганын билдирдиУкраинада Орусиянын жапырт чабуулунан эки адам каза болду, Зеленский АКШга бардыУкраинадагы согушта каза тапкан орусиялыктардын кеминде 260 миңинин тек-жайы аныкталдыАлексей Ширшов өзү түзгөн фонд боюнча Караколдо комментарий бердиСегиз айда көлдөр жана суу сактагычтардан 101 миң метр тор чыгарылдыИндияда кылмыш кылган кыргызстандыктар мекенине экстрадицияланатАгартуу министрлиги менчик мектептердеги окуу акысын жөнгө сала албай турганын билдирдиЖК комитети президенттик шайлоону дайындоо боюнча токтом кабыл алдыСадыр Жапаров АКШда Кыргызстан Орусияга салынган санкцияларды бузбаганын айтты