АКШнын Иранга каршы чаралары. Борбор Азия Кытайга ыктай баштайбы?

Чабахар соода-өнөр жай зонасы. Иран

Борбор Азия өлкөлөрү соңку кезде Ирандагы портторго карай кеткен маршруттарга кызыгып келди. Мисалы, Тегеран менен келишимдерге кол коюлган, инвестиция салуу пландалган. АКШ Иранды мындан ары да обочодо калтырууга аракеттенген, санкцияларды күчөткөн чакта ал долбоорлордун тагдыры кандай болот? 

Казакстанды Иран менен туташтырган Түркмөнстан аркылуу өткөн темир жол салынганына 10 жылдан ашты. Жүктү андан ары Перс жана Оман булуңундагы портторго, Түштүк Азия, башка аймактардагы рынокторго ташыса болот.

Быйыл июндун этегинде Казакстан бул багытты өнүктүрүү үчүн дагы бир кадам шилтеди: Бендер-Аббастагы Шахид-Ражаи портунда өзүнүн транспорт-логистикалык терминалын куруу тууралуу Иран менен келишимге кол койду. Ага ылайык, эки жыл курулушка кетет, андан кийин Казакстан терминалды 25 жыл колдонмокчу.

Андан эки ай өтүп-өтпөй Кошмо Штаттар Economic Outcast деген операция баштады. Анын максаты Тегерандын экономикалык изоляциясын күчөтүү. АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушунан улам дүйнөдө керектелген мунайдын 20 пайыздайы ташылган Ормуз кысыгындагы кыймыл ансыз да чектелген жана ирандык порттор аркылуу өткөн маршруттардын иши кыйындаган. Эми Вашингтон кеңири санкциялык кампанияга киришип, Ислам жумуриятын обочодо калтырууну, бардык калган каржы булактарынан жана тышкы экономикалык байланыштардан ажыратууну көздөйт.

Экинчи даражадагы санкциялардын коркунучу бүтүндөй Борбор Азиянын транспорт-логистикалык пландарын татаалдаштырмакчы. Өзбекстан Ирандын аймагы аркылуу товарлардын ири көлөмүн ташыйт, Түркмөнстанды кошунасы менен темир жол байланыштырат. Өлкө регионду жер аркылуу түштүк менен туташтырууда маанилүү роль ойнойт. Тажикстан Иран жана Ооганстан менен биргеликте Мешхедди аралап өткөн маршрутту өнүктүрүп жаткан чак. Кыргызстан болсо Тегеран менен Бендер-Аббаста логистикалык борбор түзүүнү жана Бендер-Аббас-Ош маршрутун өнүктүрүүнү талкуулаган.

Борбор Азия Иранды мындан ары да транзит катары колдоно алабы жана Вашингтон аны бууп салууну көздөгөн экономикалык байланыштардан бөлүп карайбы?

Дагы караңыз

Кыргызстанды дүйнөлүк базарга чыгарчу жолдор: Иран, Пакистан жана Кытайдын сунуштары

Иран аркылуу деңизге чыгуу жолдору

Ирандын түштүгүндө Борбор Азия мамлекеттеринин пландарына байланышкан эки порт жайгашкан: Перс булуңундагы Бендер-Аббас жана Ормуз кысыгынын сыртында, Оман булуңунун жээгиндеги Чабахар порту.

2022-жылы Орусия Украинага кол салганга чейин борборазиялык өлкөлөр үчүн бул багыттарды өнүктүрүү маселеси анчалык курч турган эмес эле. Илгертеден бери аймактын дүйнөлүк рынокторго чыккан соода жолдорунун басымдуу бөлүгү Орусия жана Беларусь аркылуу өтчү. Бул маршруттар менен Казакстандын мунайы, ураны, металлы жана дан азыктарынын, Өзбекстандын пахтасы, алтыны, кездемелери жана жер семирткичтеринин, Тажикстандын баалуу металлдары менен алюминийинин, Кыргызстандын алтынынын ири бөлүгү ташылып келген.

Орусия Украинага басып киргенден кийин Борбор Азия өлкөлөрү салттуу түндүк багыттарга альтернативалуу жолдорду активдүү издей баштаган.

Түштүккө кетчү маршруттардын башка варианттары аз болчу. Алар Пакистандын портторуна Иран же Ооганстанды аралап өткөн жолдор.

Өзбекстан, Ооганстан жана Пакистан бир нече жылдан бери Борбор Азияны Пакистандын транспорт түйүнү жана Араб деңизиндеги порттор менен байланыштырууга кудуреттүү Трансооган темир жол долбоорун сүрөп келишет. Бирок Карнеги фондунун Борбор Азия боюнча эксперти Галия Ибрагимова белгилегендей, Иран багыты кыйла оңой көрүнгөн: ондогон жылдарга созулган согуштар, чабал инфраструктура жана татаал рельефтен улам Ооганстан аркылуу транзит кымбатыраак жана кооптуураак болуп калмакчы. Ал эми Иран аркылуу маршрут үчүн негизги тоскоолдукту санкциялар жана өз ара эсептешүү менен жүк ташуудагы кыйынчылыктар түзөт.

Иран багытына болгон кызыгууну соода жана жүк ташуулардын көлөмүнөн да байкаса болот: 2025-жылы Казакстан менен Иран ортосунда темир жол менен жүк ташуу 69% өскөн. Бул багыттын маанисин Өзбекстандын мисалынан да көрүүгө болот: өткөн жылы өлкөнүн жалпы импортунун болжол менен 9% Иран аркылуу өткөн. Товардын баасы 3,9 миллиард долларды түзгөн.

Өзбекстандын бийлиги акыркы жылдары бул багытты өнүктүрүүгө киришти. 2023-жылы Ташкент Түркмөнстан, Иран жана Түркия менен чогуу көп модалдуу коридор тууралуу макулдашкан, андан кийинки жылы Бендер-Аббас аркылуу Индиядан контейнерлер менен жүк ташуу иши жолго коюлган.

Бендер-Аббас Ормуз кысыгындагы кемелердин кыймылынан көз каранды.

АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушу башталгандан бери кысыктагы кыймыл абдан чектелип калды. Урушка чейин ал жол менен суткасына 125 чакты кеме өтүп турса, 10-сентябрда жети кеме катталган.

Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстан үмүт арткан Чабахар порту көптөн бери «коопсуз, арзан жана ишенимдүү» маршрут деп айтылып келген. Бирок ага байланышкан аскердик жана санкциялык тобокелдиктер күчөдү.

Дагы караңыз

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу: Казакстандын транзиттик артыкчылыгы азаябы?

«Баары бир жылчыктар табылат»

Борбор Азия өлкөлөрүн өз пландарын өзгөртүүгө согуштук аракеттердин коркунучтары гана эмес АКШнын санкциялар тизмесине илинип калуу тобокелдиги да түртүүдө.

Вашингтон финансылык түзүмдөргө жана чет өлкөлүк ортомчуларга чара көрө баштады. 8-сентябрда америкалык Финансы министрлиги Ирандын авиация тармагына жана ортомчулук схемаларына тиешеси бар 36 компания жана жеке жактарга санкция салды. Экинчи даражадагы санкциялардын коркунучуна кабылган компаниялардын тизмесинде Алматыда катталган Tour Invest да бар. АКШнын Финансы министрлигинин маалыматына караганда, компания ирандык Mahan Air авиакоманиясынын билеттерин сатуу боюнча башкы агент болчу. Mahan Air америкалык санкцияларга туш болгон.

Азырынча кеп Иран аркылуу транзит тууралуу жүргөн жок. Бирок бул мисал АКШнын жазалоочу чаралары ирандык түзүмдөр менен иш алып барган Борбор Азиядагы компанияларга жеткенин көрсөтүп турат.

Ошол эле маалда соңку чаралар Тегеран менен экономикалык алака-катышка толук тыюу салынат дегенге жатпайт. АКШнын ачык жарыяланган документтеринде санкция салынбаган товарды Ирандын аймагы аркылуу ташуу "кара тизмеге" киргизүүгө негиз болуп бере алат деген жобо жок.

Улуттук коопсуздук боюнча америкалык талдоочу Жеймс Дурсо “Азаттыкка” берген комментарийинде Вашингтон жарыялаган чаралар бардык операцияларга колдонулбайт деп белгиледи:

“Ирандын экономикалык изоляциясы үчүн катаал чаралар көрүлөрү айтылганы менен, иш жүзүндө, жылчыктар кала берет. Менимче, бардыгын бууп салбастан, зарыл болсо экинчи даражадагы санкцияларды колдонушат. Мындай аракеттер да региондогу ишти үзгүлтүккө учуратат”.

Эксперттин баамында Борбор Азия өлкөлөрү АКШны транзитти катаал чаралардын тизмесинен чыгарттырууга көндүрүү аракетин көрүүгө тийиш.

Канададагы НАТО ассоциациясынын энергетикалык коопсуздук программасынын директору Роберт Катлер маселе Иранды аралап өткөн жолдун өзүнө эмес, маршрутту туруктуу соода үчүн колдонуу, анын канчалык ишенимдүү болушуна барып такаларын белгилейт. Ал Иран кризиси кандай чечилбесин, Борбор Азия үчүн транспорт маршруттарын диверсификациялоо стратегиялык муктаждык, Иран багытын ал коммерциялык жана операциялык жактан жөндөмдүү болуп турган кезде гана сактап калуу зарыл деп кошумчалайт.

Дагы караңыз

Бишкектеги саммит: Пезешкиан АКШга кайрылды, Эрдоган ШКУну "жылдызга" теңеди

Кырдаалдан Кытай утабы?

Хадсон институтунун улук илимий кызматкери, Евразияга адистешкен Кен Мориясу жайында Борбор Азияга барып кеткен. Анын айтымында, сөз болгон мамлекеттер деңизге чыкчу жол катары Иранды карап келген болсо, эми башка жолдорду издеп жатышканы көзгө урунат. Бирок бул сөздөр АКШнын Иранга тиешелүү экономикалык обочо операциясына чейин айтылган.

Мориясу жазында борборазиялык элчилер Ирандагы абал турукташкандан кийинки мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашканын, Тегеран өз саясатынын чордонуна бизнести алып чыкса, Борбор Азияга деңиз портторуна кыска маршрут менен жетүүгө өбөлгө түзүлөрүн айткан. Ал Ооганстан менен Пакистанга көбүрөк көңүл бурулганын белгилеген жана Иран багытынын кыйындашы Кытайдын Борбор Азиядагы ролунун артуусуна алып келиши ыктымал деп кошумчалаган:

"Менин байкашымча, Борбор Азия өлкөлөрү Орусиядан көз каранды болуп келсек, эми Кытайдан көз каранды болуп калабызбы деп чочулашат. Бирок Кытай барган сайын бирден бир вариантка айланганы реалдуулук болуп калды".

Буга үндөш тыянагы менен Дурсо да бөлүштү:

«Трамп Борбор Азияга көп эле көңүл бурууда: региондун лидерлери менен жолукту, келишимдерди түзүүгө аракеттенди. Эми болсо мунун бардыгын үзгүлтүккө учураткысы келет. Андай болсо, Борбор Азия өлкөлөрү барган сайын Кытайга көбүрөк ыктай башташы мүмкүн».

Анын айтымында, бардыгы АКШ транспорт транзитин Ирандын экономикалык изоляциясынан ажыратабы деген маселеге такалууда. Вашингтондон азырынча бул суроого жооп түшө элек.

Макаланын толук түпкү версиясы бул жерде