Бишкек менен Чүйдө добуш берүү солгун жүрүп жатат (карта)

Бишкек. 28-ноябрь, 2021-жыл.

28-ноябрь, саат 16.00гө карата 22,39% шайлоочу добуш берди. Анын ичинде Нарын облусунда жарандар активдүүлүгүн көрсөттү - 26,29% шайлоочу добуш берди. Эң солгун добуш берүү Чүй облусунда - 19,97% жана Бишкек шаарында - 21,59% келди.


Бүгүн, 28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Саат 8:00ден тартып өлкөдөгү 2435 шайлоо участогунда добуш берүү башталган. Мындан тышкары чет өлкөлөрдөгү 59 шайлоо участогунда добуш берүү жүрүп жатат. Орусиянын Түштүк Сахалин жана Владивосток аймактарындагы шайлоо участокторунда добуш берүү аяктаганы кабарланды.


Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына шайлоого партиялык тизме менен 21 партиядан 1004 талапкер ат салышууда. Алардын 54ү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин жеңип чыккан 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат. (ZKo)

Дагы караңыз

Шайлоо: Сахалинде добуш берүү аяктады Саат 16:00гө карата добуш берүү көрсөткүчү 22% аштыОрусиянын Эл артисти Александр Градский көз жумдуНарын: Саат 16:00гө карата шайлоочулардын 26,3% добуш бердиМилиция: Таласта акча таратылганы тууралуу маалымат такталган жокКоронавирустун "Омикрон" түрү Британия менен Германияга жеттиИИМ добуш сатып алууга байланыштуу жети иш сотко жөнөтүлгөнүн билдирдиЖапаров ЭКУга мүчө өлкөлөрдү Ооганстанга жардам көрсөтүүгө чакырды