Борбор Азия үчүн "чоң оюн": Өзбекстандын державалар менен кызматташтыгы

Өзбекстан бир эле учурда Орусия, Кытай, АКШ жана Иран менен мамилесин өнүктүрүүгө умтулууда. Ташкент инвестиция тартып, көп миллиарддаган макулдашууларды түзүп, ар кандай оюнчулар менен кызматташтыгын кеңейтип жатат.

Бирок алардын ар биринин Борбор Азияда өз кызыкчылыктары бар жана бир өнөктөш менен жакындашуу экинчисинин нааразы кылышы мүмкүн. Бул АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубионун октябрь айындагы Самаркандга сапарынан жана Өзбекстандын Иран менен тарыхый мураска байланыштуу дипломатиялык талашынан кийин эле байкалды. Ташкенттин көп векторлуу саясаты канчалык туруктуу жана ал кандай тобокелдиктер менен коштолууда?

Өзбекстан бир эле учурда бир нече күчтүү мамлекет менен мамиле түзүүгө аракеттенүүдө. Бирок эксперттердин баамында, иш жүзүндө баары менен теңата өнөктөш болуу азырынча мүмкүн эмес.

"Өзбекстандын тышкы саясатында мурдагыдай эле Орусия менен Кытайдын таасири күч. Орусияга берилген тышкы саясий артыкчылыктар башка мамлекеттерге ыйгарылбайт. Муну туура түшүнүү зарыл. Өзбекстан дагы эле көп жагынан Орусияга көз каранды бойдон калууда", - дейт Өзбекстандын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты Жахонгир Мухаммад.

Москва Ташкенттин негизги өнөктөшү бойдон калууда. Эки өлкөнүн ортосунда көп жылдык байланыштар, соода жана экономикалык кызматташтык бар.

Эмгек миграциясынын орду чоң. Орусияда Өзбекстандын 1,5 миллионго жакын жараны эмгектенет. Алар жөнөткөн каражат өлкө экономикасы үчүн да, көптөгөн үй-бүлөлөрдүн кирешеси үчүн да маанилүү.

2025-жылы эле Өзбекстанга чет өлкөдөн дээрлик 19 миллиард доллар акча которулган. Дүйнөлүк банктын эсебинде, бул каражаттын 78 пайызга жакыны Орусиядан келген.

Эки тараптуу кызматташтык өнөр жай менен энергетиканы да камтыйт. Ири биргелешкен долбоорлордун бири - "Росатомдун" катышуусунда Өзбекстандагы алгачкы атомдук электр станциясын куруу.

Ошол эле учурда Өзбекстандын экономикасындагы Орусиянын орду акырындык менен өзгөрүүдө. Узак жылдар бою Москва башкы чет элдик инвестор саналып келсе, 2023-жылы аны Кытай артта калтырды.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кытайдын лидери Си Цзинпин менен. Астана, 3-июль, 2024-жыл.

Өзбекстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматында, 2022-жылы Өзбекстандагы чет элдик инвесторлордун сап башында 20 пайыздан ашуун үлүш менен Орусия турган. Кытай 16 пайыз менен экинчи орунда эле. Бирок 2023-жылдын январь–сентябрь айларында эле Кытай 24,5 пайыз үлүш менен биринчи орунга чыкса, Орусияныкы 15,9 пайызга түшкөн.

2024-жылы эки өлкөнүн ортосундагы айырма ого бетер чоңойду: Кытайдын үлүшү 27,9 пайызга жетип, Орусияныкы 13,2 пайызга төмөндөгөн. 2025-жылы ажырым даана байкалды. Январь–сентябрда Өзбекстанда өздөштүрүлгөн чет элдик инвестициялар менен насыялардын 39,9 пайызы Кытайга туура келсе, Орусиянын үлүшү 7,8 пайызды түзгөн.

Ташкент менен Бээжиндин соода жүгүртүүсү да өсүүдө. Өзбекстандын Улуттук статистика комитетинин кабарлашынча, 2025-жылы Кытай менен Өзбекстандын өз ара соодасы 34 пайызга көбөйүп, 17 миллиард долларга жеткен. Орусия 13 миллиард доллар менен экинчи орунду алса, үчүнчү орунга дээрлик 5 миллиард доллар менен Казакстан чыккан.

Өзбекстандын өкмөттүк порталынын маалыматында, өлкөдөгү ишканалардын саны жагынан Кытай алдыда. Азыр мында кытай капиталы катышкан беш миңден ашуун компания иштейт.

Кытай каражаты энергетикага, өнөр жайга жана инфраструктурага жигердүү багытталууда. Өзбекстандын президентинин администрациясынын маалыматына ылайык, 2025-жылдын декабрына карата Бээжиндик катышуусунда жалпы кубаттуулугу дээрлик 10 гигаватт болгон энергетикалык 30дан ашуун долбоор ишке ашырылып жаткан.

Дагы караңыз

"Агалардан чарчадык". Азербайжан менен Борбор Азиянын алакасы

Жахонгир Мухаммаддын пикиринде, Бээжин ушул жол менен өлкөдөгү экономикалык таасирин бекемдеп жатат.

"Кытай басымды экономикага жасайт. Өзбекстанга көп кредит берет, өлкөдө кытай компаниялары көбөйүүдө. Ушинтип Кытай өзүнүн экономикалык таасирин күчөтүп, иш жүзүндө Өзбекстанды акчага сатып алууга умтулууда, Орусия көздөгөн максатына кысым жана коркутуу менен жетет", - дейт ал.

Дагы бир ири биргелешкен долбоор - Кытай-Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу. Ал кытай аймактарын Борбор Азия менен туташтырып, Европага жана түштүк багытка жаңы транспорт жолун ачууга тийиш.

Вашингтондун Борбор Азияга кызыгуусу

Өзбекстан Батыш мамлекеттери менен да кызматташтыкты чыңдоого умтулууда.

Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйыны. 1-сентябрь, 2026-жыл.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубионун Самаркандга сапары Вашингтон Өзбекстан жана бүтүндөй Борбор Азия менен дипломатиялык байланышка гана эмес, ири экономикалык өнөктөштүккө да кызыкдар экенин көрсөттү.

"Өзбекстан баары менен дос болгусу келерин, баары менен карым-катнаш, баары менен экономикалык байланыш түзгүсү келерин ачык билдирди. Биз да кызыкдар экенибизди айтабыз", - деди Рубио Самаркандда "C5+1" форматындагы министрлер жыйынынын алкагында.

Мамлекеттик катчы менен кошо Өзбекстанга америкалык ишкерлер да келишти. Сүйлөшүүлөрдүн соңунда тараптар жалпы суммасы 12 миллиард долларга жакын 54 макулдашуу жана биргелешкен демилге жөнүндө жарыялашты.

Дагы караңыз

"Вашингтон Борбор Азияны бир тарапты тандоого мажбурлабайт"

Вашингтондун өзгөчө көңүлүн Борбор Азиянын жаратылыш ресурстары бурууда. АКШ өзүнүн технологиялык чынжырларын бекемдөө жана айрым жеткирүүчүлөргө көз карандылыкты азайтуу максатында өтө маанилүү минералдарды алуу багыттарын ар тараптуу кылгысы келет.

Лондондогу Central Asia Due Diligence уюмунун директору, саясат таануучу Алишер Илхамов Батыш менен өнөктөштүк Өзбекстанга Орусияга болгон көз карандылыкты азайтууга өбөлгө түзөт деп эсептейт.

Саясат таануучу Алишер Илхамов

"Батыш жалпысынан Өзбекстандын экономикасы үчүн өтө пайдалуу өткөрүү рыногун жана болочок инвесторлорду сунуштайт. Бул Өзбекстандын Орусияга болгон толук колониялык мүнөздөгү көз карандылыгын басаңдатууга мүмкүндүк берет", - дейт эксперт.

Бирок Вашингтондун да аймакта өз мүдөөсү бар. Жахонгир Мухаммаддын айтымында, АКШ Борбор Азияда Кытайдын таасиринин артышына тынчсызданууда.

"Америка Борбор Азия анын таасиринен чыгып кетиши мүмкүн деп чочулайт. Бул негиздүү кооптонуу. Кытай Казакстанга, Өзбекстанга жана Тажикстанга жигердүү кирип жатат. Ал жактан жерлерди сатып алууда жана арзан товарларды эбегейсиз көп алып кирүүдө", - деп эсептейт Мухаммад.

Аскердик-саясий блоктордон тышкары
Өзбекстандын көп векторлуулугу анын эл аралык уюмдарга катышуусунан да байкалат.

АКШ менен Ташкент Борбор Азиянын калган төрт мамлекетин: Казакстанды, Кыргызстанды, Тажикстанды жана Түркмөнстанды бириктирген "C5+1" форматында кызматташат.

Ташкент Шанхай кызматташтык уюмуна дагы мүчө; ага Орусия, Кытай жана Иран да кирет. Өзбекстан ошондой эле СССР тарагандан кийин түзүлгөн Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине (КМШ) жана Түрк мамлекеттер уюмуна кирген.

Ошол эле учурда өлкө Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Беларус жана Армения кирген Евразиялык экономикалык биримдикте (ЕАЭБ) байкоочу макамына ээ. Москва башында турган аскердик-саясий бирикме - Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) гана кошулуудан карманып келет.

Дагы караңыз

Кремлдин НАТО тууралуу талабына Борбор Азия кандай жооп кайтарат?


Алишер Илхамов Москва башкы ролду ойногон айрым уюмдарга толук кандуу кирүүдөн баш тартуу да Өзбекстандын тышкы саясатта өз алдынча болуу умтулуусун көрсөтөт деп эсептейт.

"Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев ЕАЭБге кирүү чечимине жакындап калган, бирок кийин байкоочу макамы менен чектелип, карманып калды. ЖККУга да кирген жок. Демек, жок дегенде азырынча Өзбекстан КМШны кошпогондо мындай уюмдардын бирине да мүчө эмес", - дейт саясат таануучу. - ЖККУга жана ЕАЭБге мүчө болгон Борбор Азия өлкөлөрүнөн айырмаланып, Москва түздөн-түз башкарган бир да уюмга кирген жок. Мында Мирзиёевдин тышкы көп векторлуу саясатты кармануу умтулуусу көрүнөт".

Ташкенттин Вашингтон менен жакындашуусу Москванын көз кырында

Бардык ири мамлекеттер менен тил табышуу оңой эмес. Бул жагынан АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубионун 18–19-октябрда Самаркандга жасаган сапары айкын көрсөткүч болду. Андан кийин орусиялык жана ирандык дипломаттар бир катар билдирүүлөрдү жасашты; эксперттер муну Ташкентке жана бүтүндөй аймакка белги катары баалашты.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Ооганстандагы согушкерлер Борбор Азия өлкөлөрүнө качкын жана турист кейпинде өтүүгө аракеттенип жатканын билдирди. Анын айтымында, мындай аракеттердин көбү Ооганстандын Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан менен чектеш аймактарында катталууда.

Ошол эле жыйында Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу Ооганстанда террордук топтордун 23 миңден ашуун өкүлү бар экенин айтты.

Октябрдын соңунда Орусиянын ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Москва АКШнын Борбор Азия менен байланыштарынын өнүгүшүнө көз салып, жыйынтык чыгарып жана жооп кайтарарын билдирди.

Мария Захарова

"Эгер кеп Батыш, АКШ бул аймак менен мамилелердин өнүгүшүнө жараша кура турган өз ара байланыштар тууралуу болуп жатса, бул бир маселе. Ал эми биздин өлкөгө каршы багытталган кадамдар же биз менен байланыштардын өнүгүшүнө жол бербөө максатында тиешелүү мамлекеттерди шантаждоо болсо, бул башка маселе. Бардык эл аралык тараптар сыяктуу эле байкоо салабыз жана ошого жараша жыйынтык чыгарып, жооп кайтарабыз, - деди Захарова.

Ушинтип Москва аймакта америкалык катышуунун артышына кылдат көз салып турганын жана орусиялык мүдөөгө каршы багытталган деп санаган кадамдарга жооп кайтарууга даяр экенин туюндурду.

Иран менен Өзбекстандын Самарканд мурасына байланыштуу талашы

19-октябрда АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Самарканддагы Регистан аянтында тартылган видеону жарыялады. Ал шаардын дүйнөлүк соодадагы тарыхый орду жана келечектеги мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө сүйлөдү. Рубио сөз арасында Иранды атаган жок. Бирок бир нече ирандык дипломатиялык өкүлчүлүк видеону бөлүшүп, анын перс цивилизациясы тууралуу мурдагы пикирлерин эске салды.

Ирандын Армениядагы жана Зимбабведеги элчиликтери Регистанды "перс-ислам цивилизациясынын" бир бөлүгү деп атады. Ирандын Болгариядагы элчилиги Рубиону алгач иран цивилизациясын сындап, андан кийин Самаркандга келип, "перс мурасынын" фонунда тартылганы үчүн айыптады. Ушундай эле билдирүүлөрдү беш ирандык дипломатиялык өкүлчүлүк жайгаштырды.

Дагы караңыз

Самарканд декларациясы: Экономика, энергетика жана коопсуздук



Ирандын Ислам кызматташтык уюмундагы туруктуу өкүлчүлүгү америкалык мамлекеттик катчыга өзүнчө кайрылуу жасады:

"Акрополдо сиз цивилизациялар тууралуу айткансыз. Мурасы иран цивилизациясы менен тыгыз өрүлгөн Самарканд сизди тарых менен дагы да тереңирээк сүйлөшүүгө чакырат. Эгер сиз Акрополдогудай эле тарыхый эстеликтин фонунда сүйлөө үчүн дагы бир шылтоо издеп жатсаңыз, Самарканддагы Регистан аянтын сунуштайбыз. Бул тарых менен сүйлөшүүгө ылайыктуу жай. Бул жолу насаат айтууларды жана монологдорду четке жылдырыңыз. Адамдарды угуп, алардан бир нерсе үйрөнүүгө аракет кылыңыз".

Ташкент мындай чечмелөөгө макул болгон жок.

23-октябрда Өзбекстандын ТИМи Ирандын элчиси Мохаммад Али Искандарини чакырып, ага нааразылык нотасын тапшырды. Мекеме ирандык дипломаттар Самарканддын тарыхын бир жактуу чечмелеп, аны саясий максатта колдонуп жатканын билдирди. Ташкент талаш жараткан билдирүүлөрдү өчүрүүнү жана кийин мындай реакцияга жол бербөөнү талап кылды.

Өзбек ТИМинде Самарканд, Бухара, Хива жана башка байыркы шаарлар аймактын көп кылымдык тарыхынын бир бөлүгү экени баса белгиленди. Мекемеде Самарканддын мурасы өзбек элинин тарыхын, мамлекеттик салттарын жана маданий өнүгүүсүн чагылдырары айтылды.

Ошону менен бирге Ташкентте Иран менен мамилелерди баалашарын жана өз ара урматтоо менен ишенимди сактагысы келерин өзүнчө белгилешти.

Өзбекстандын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты Жахонгир Мухаммаддын пикиринде, Өзбекстанга Иран жана АКШ менен бир маалда мамиле өнүктүрүү оңой эмес, анткени бул өлкөлөрдүн аймактагы кызыкчылыгы дал келбейт.

"Өзбекстан Иран менен да, Америка менен да мамиледе бирдей саясат жүргүзө албайт. Эгер ал Иран менен жакындашса, бул Америкага жакпайт. Ал эми Америка менен жакындашса, бул Иранга жакпайт. Ошондуктан бул жерде баарын таразалоо керек", - дейт Мухаммад. - Өзүңүздөр билесиздер, Советтер Союзунда биз жабык өлкө болгонбуз. Биздин маданият дүйнөгө СССРдин атынан таанытылчу же Иран сыяктуу мамлекеттер бул биздин мурасыбыз деп билдирчү. Бүгүн муну оңдоо убактысы келди. 35 жыл өттү, бирок биздин окумуштуулар, Өзбекстанда эле эмес, бүтүндөй Борбор Азияда да бул маселе менен олуттуу алектенишпейт. Карап көрүңүзчү, булактарда Ибн Сина да, ал-Фараби да перс болуп чыгат. Ошондо баары эле перс болуп калабы? Бул тууралуу англис тилинде жазып, мындай түшүнүктөрдү оңдоо керек".

Дагы караңыз

"Кампалар бош калууда". Ирандагы абалдын Борбор Азияга тийгизген таасири


Ирандын элчиси Өзбекстандын ТИМине чакырылгандан кийин, келишпестик жараткан билдирүүлөрдүн баары соцтармактардан өчүрүлдү.

"Эгер алар алынбаса, Өзбекстан менен Ирандын ортосундагы мамиле сууп кетиши мүмкүн эле. Бирок алар баары бир бул билдирүүлөрдү өчүрүштү", - дейт Мухаммад.

Өзбекстан менен Ирандын мамилеси тарыхый жана маданий байланыштарда эле эмес, экономикалык кызыкчылыктарга да таянат. Иран Өзбекстандын тышкы соодасы үчүн маанилүү транзиттик жол болуп саналат.

Өзбекстандын Экономика жана каржы министрлигинин маалыматы боюнча, 2025-жылы Иран аркылуу өлкөгө дээрлик 4 миллиард долларга товар алынып келинген. Бул республиканын жалпы импортунун 9 пайызына жакын.

Талаш-тартыштарга карабастан, Ташкент менен Тегерандын ортосунда маанилүү экономикалык байланыштар сакталып турат. Бирок саясат таануучулардын баамында, Вашингтон менен талашта Өзбекстандын тарыхый мурасын пайдалануу аракети Иран үчүн белгилүү бир дипломатиялык жоготууларга алып келди.

Көп векторлуу саясат канчалык туруктуу?

Ар бир ири державанын Борбор Азияга байланыштуу өз мүдөөсү бар. Орусия бул жерде ондогон жылдар бою түптөлгөн таасирин сактап калууга умтулууда. Кытай аймактын экономикасына жана инфраструктурасына барган сайын көбүрөөк каражат салууда. АКШ жаратылыш ресурстарына, жаңы рынокторго жана өз ордун бекемдөөгө кызыкдар.

Өзбекстан жана аймактын башка өлкөлөрү үчүн бул кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Ири державалардын атаандаштыгы инвестицияларды, технологияларды тартууга жана сооданы өнүктүрүүгө шарт түзөт.

Бирок мындай саясаттын экинчи бети да бар. Марко Рубионун Самаркандга сапары көрсөткөндөй, Ташкенттин Вашингтон менен жакындашуусу башка державалардын ар түрдүү реакциясын жаратышы ыктымал. Ал эми Иран менен талаш тарыхый мурас жана саясий кызыкчылыктар маселеси канчалык назик экенин көрсөттү.

Дагы караңыз

Өзбекстан чет элдиктерди убактылуу кармоочу борбор түзүүнү пландоодо



Алишер Илхамов азырынча Өзбекстан кайсы бир тарапты тандоого туура келген кырдаалдардан өтүп келе жатат деп эсептейт. Ошол эле маалда ал өлкөнүн тарыхында тышкы саясий багыт кескин өзгөргөн учурлар болгонун эске салат.

"Азырынча Өзбекстан кайсы бир тарапты тандоого мажбур кылган окуяларга туш боло элек. Азырынча Мирзиёевде биринчи президент Ислам Каримовдун тажрыйбасынан айырмаланып мындай абал жаралган жок", - дейт саясат таануучу. - Каримов өзү деле бир нукту ырааттуу карманган эмес. Ал АКШ менен жакындашууну издеген учурлар болгон, кийин Анжиян окуяларынан кийин ал мамилелерди үзүп, Москвага ыктаган. Мындан ары кандай болорун көрөбүз. Азырынча чоң баа менен болсо да, Мирзиёевдин көп векторлуу саясаты ага белгилүү бир деңгээлде натыйжа берип жатат".