"Чек ара маселесин толугу менен жаптык". Шавкат Мирзиёевдин сапары

Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёев. Чолпон-Ата. 2026-жылдын 30-июлу.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. Чолпон-Ата шаарындагы жолугушуулардын жыйынтыгында 12 документке кол коюлду. Эки өлкө ортосунда союздаштык мамиле жөнүндө келишим түзүлүп, Мирзиёевге биринчи даражадагы "Манас" ордени тапшырылды.

30-июлда Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары башталды. Өзбек лидерин Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарынан тосуп алды. Жеке жана кеңири форматтагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен кол коюлган документтердин арасында эки өлкөнүн мамлекеттик чек ара тилкеси, өткөрмө бекеттер жөнүндө келишимдер бар.

"Чек ара маселесин толугу менен аяктадык"

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев борборазиялык президенттерден биринчилерден болуп Чолпон-Атага келди. Алдыдагы күндөрдө аймактагы өлкөлөрдүн жана Азербайжандын лидерлери Ысык-Көл жээгине чогулуп, бейформал консультативдик жолугушуу өткөрөт.

Ал эми Мирзиёев бул жолугушуунун алдында Кыргызстанга мамлекеттик сапарын уюштуруп, кыргыз президенти Садыр Жапаров менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Анда Садыр Жапаров Өзбекстан менен мамиледеги эң чоң жыйынтык катары эки өлкө чек ара маселесине чекит коюп, чектеш аймактагы калктын кыялы орундалганын белгиледи:

Садыр Жапаров

“Чек арадагы кызматташтык маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Биз чек ара маселелерин толугу менен аяктадык, өткөрүү пункттарынын санын 15тен 30га чейин көбөйттүк, эки мамлекеттин жарандарынын бири-биринин аймагында жүрүү мөөнөтүн 15 күнгө чейин узарттык жана Андижан шаарында Кыргызстандын Генералдык консулдугун уюштуруу маселесин колдойбуз. Бул – жарандардын каттоосуна, сооданы, транзитти, логистиканы, маданий-гуманитардык байланыштарды, туризмди өнүктүрүүгө жана чек арага чектеш аймактардын туруктуу социалдык-экономикалык өсүшүнө жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган эң маанилүү практикалык кадамдар”.

Кол коюлган келишимдердин арасында Баткен облусундагы Чечме булагын чогуу колдонуу боюнча документ бар.

2025-жылы май айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев буга чейин Чечме булагы талаштуу болуп келгенин, чек ара такталгандан кийин ал Кыргызстанга өткөнүн айткан.

2022-жылы ноябрда өзбек өкмөт башчысы Абдулла Арипов Фергана облусундагы Сох районуна жакын жайгашкан, өз убагында эки өлкөнүн ортосунда катуу чырга себеп болгон Чечме булагына байланыштуу орток пикир табылганын билдирген. Ал булакты бирге пайдалануу, тазалоо жана башка маселелер жөнгө салынат деп белгилеп, муну тараптар өзүнчө макулдашарын кошумчалаган.

Чолпон-Атада кол коюлган документтер арасында кыргыз-өзбек чек ара тилкесиндеги өткөрмө бекеттердин санын 15тен 30га көбөйтүү, эки өлкөнүн ортосундагы Чечме булагын чогуу колдонуу, эки мамлекеттин жарандарына 15 күнгө чейин каттоого турбастан жүрүү укугун берүү тууралуу макулдашуулар бар.

Сапардагы бир көрүнүш Мирзиёевдин биринчи даражадагы "Манас" ордени менен сыйланганы болду. Мындай сыйлыкты ыйгарган Жапаров өзбек лидеринин эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоодо ролу зор болгонун белгиледи.

Кыргыз жана өзбек делегациялары ондон ашык документке кол койгону маалым болду. Алардын ичинен эң маанилүүсү деп Кыргызстан менен Өзбекстандын союздук мамилеси тууралуу келишим айтылды. Буга чейин Кыргызстан мындай документке Казакстан менен кол койгон. Өзбекстан менен андай келишими жок болчу.

"Соода жүгүртүүнү 3 млрд долларга чейин жеткирүү керек"

Шавкат Мирзиёев өз сөзүндө экономикалык байланыштарды чыңдоого көңүл бурду. Ал өткөн жылы эки өлкөнүн соода алмашуусу 1,2 миллиард долларды түзүп, тарыхый көрсөткүчкө жеткенин, алдыда 3 миллиарддык максат турганын айтты.

Шавкат Мирзиёев

“Бул абдан чоң сумма. Менин командам муну 2030-жылга чейин созбошу керектигин билиши үчүн мен муну атайын жаздым. Максатты кийинки бир-эки жылга коюп, жакынкы жылдары соода жүгүртүүнү 3 млрд долларга чейин жеткирүү керек, анткени биз кызматташтыгыбыздын көптөгөн стратегикалык багыттарында жакшы пайдубал түптөдүк. Тармактагы экономикаларыбыз бири-бирин толуктап турган өнөр жай кооперациясынын жаңы өсүү чекиттерин деталдуу талкууладык. Кечээ өткөн бизнес-форумдун алкагында энергетика, электротехника, фармацевтика, айыл чарбасы жана текстиль тармагындагы жаңы долбоорлор макулдашылды. Мындан тышкары, чийки зат ресурстарын биргелешип казып алуунун конкреттүү пландарын белгиледик. Мындай долбоорлорду колдоо үчүн биргелешкен өнүктүрүү фондунун потенциалын натыйжалуу пайдаланууну макулдаштык”.

Тараптар “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорун талкуулап, аймакты логистикалык хабга айландыруу боюнча пикир алышты. Мындан тышкары Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча келишимге кол коюу процессин тездетүү да сүйлөшүлдү.

Кошуна өлкөлөрдүн ортосунда жаңы кол коюлган союздаштык мамиле жөнүндөгү келишим дипломатиядагы жогору даража катары бааланарын Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев белгиледи:

"Мында бардык тармактар камтылып, соода, маданият, жаштар маселеси да каралат. Эң негизгиси эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыкты жогорку деңгээлде жүргүзүү болуп саналат. Мындан улам бүгүнкү визит жемиштүү болду".

Мындан бир ай мурун кыргыз бийлиги Өзбекстан менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында мурда коңшу өлкөгө караган эки айыл – Чоң-Кара жана Таш-Төбө конуштары жашоочулары менен чогуу Кыргызстанга өткөнүн жарыялаган. Бишкек алардын ордуна Ташкентке чек ара тилкесинен теңме-тең жер берилгени айтылган эле.

Дал ушул алмашылган айылдар боюнча маселе бүгүнкү кол коюлган документтердин арасында бары-жогу расмий такталган жок.

Чолпон-Атадагы сүйлөшүүлөрдү чагылдырууга барган “Азаттыктын” кабарчысы жакында кыргыз бийлиги жарыялаган эки айылды алмашуу боюнча келишим кол коюлган документтердин арасында барбы деп тактаганга аракет кылды. Бирок Тышкы иштер министрлиги жана Чек ара кызматындагы жетекчилер арасында ал документтер өзүнчө иштелип жатат деген маалыматтар айтылды.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Мирзиёевдин сапары эмнеси менен маанилүү?