"Фейктерге каршы мыйзам иштебей жатат". Журналистти каралоонун жаңы ыкмасы пайда болдубу?

2025-жыл Кыргызстандагы медиа тармагы үчүн турбуленттүү жыл болду. Бир жагынан жаңы маалымат каражаттары ачылса, экинчи жагынан айрым иштеп келген медиалар жабылып, кээ бирлеринин ишмердүүлүгү токтотулуп, алар экстремисттик деп жарыяланды.

Чет жактагы айрым кыргызстандык активдүү жарандарды, журналисттерди фейк аккаунттар аркылуу каралоо уланууда. Кайсы бир өлкөнүн "агенти" деп, ыплас жол менен алардын үй-бүлөсүнө да асылышат. Серепчилер муну "пикирин ачык айткандарга атайын жасалган чабуул" деп, мындайга жол бербөөгө чакырып жатат.

Соңку кезде бийликке сын айткан же пикирин ачык билдирген социалдык тармак колдонуучуларын, активдүү жарандарды каралаган, үй-бүлөсү, балдары, жеке жашоосуна чейин кийлигишкен көрүнүштөр болууда. Мындай маалыматтар фейк аккаунттар аркылуу таратылып, коомчулуктун сынына кабылууда.

26-августта белгилүү журналист, учурда АКШда жашап жаткан активист Ибраим Нуракун уулун "Британиянын тыңчысы" деп көрсөткөн видео тарады. Алты мүнөткө жетпеген тасмада Нуракун уулунун буга чейин кайда иштегени, эмне менен алек болгону тууралуу айтылып, анын жубайы, журналист Бактыгүл Чыныбаева жана алардын балдары тууралуу дагы кеп болгон. Социалдык тармактын колдонуучулары, ошол эле медиа коомчулук, мындай жалган маалыматтын чыгышын, сынчыл көз караштагы активдүү жарандардын фейк аккаунттар аркылуу басымга кабылышын айыптап жатышат.

"Чекит медиа" платформасынын жетекчиси, медиа-эксперт Асел Сооронбаева каралоо, буллинг жана жалаа жабуу жаңы деңгээлге чыкканын белгилеп, бирок барган сайын эл маалыматты иргеп, мындай ыкмалар натыйжалуу болбой калганын айтууда. Ал демократиялуу коомдо мактоого, алкышка кандай орун берилсе, сынды дагы ошондой кабыл алуу зарыл деген ойдо:

Асел Сооронбаева

"Каралоо, жалаа жабуу, буллинг деген нерсе бүгүн же кечээ эле пайда болуп калган жок. Буга чейинки бийликтин тушунда, керек болсо Совет доорунда репрессияга кабылган адамдарды деле элдин душманы катары көрсөтүп, бул механизм колдонулуп келген. Тарых кайталана берет экен, бирок башка бир шартта, башка жагдайда. Бул бийликтин табияты болсо керек, негизи иш жүргөн жерде сын-пикир айтылат жана демократиялык коомдо пикирлердин дал келбестиги, көп түрдүүлүгү нормалдуу көрүнүш. Эгер сын жүйөлүү, негиздүү болсо диалог аркылуу жооп берсе болот. Ал эми ушундай фейк маалыматтарды таратып, адамдардын үй-бүлө, төшөгү, бала-чакасына чейин кирип кетиши абдан ыплас көрүнүш болуп калды. Кандай болсо дагы ушул бийликтин тушунда болуп жаткандыктан бул медиа жаатындагы окуялардын тизмегинде, тарыхында кала берет. Бийликке бул эч кандай абийир алып келбейт. Бизде фейктерге, чет элдик агенттерге каршы дагы мыйзамдар иштелип чыккан. Бирок ошол эле учурда бийликтин камчысын чапкан, бийликтин оппоненттерине сын айткан фейктерге карата иштебегени өкүнүчтүү. Мени кейиткени - мамлекеттик телеканалдардын кызматкерлери дагы ушундай саясий оюндарга аралашып, жалган маалыматты таратканга көмөктөшкөнү. Бул мамлекеттик пропаганда жасаган адамдарга дагы абийир алып келбейт".

Кыргызстанда 2021-жылы “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Ал социалдык тармактарда фейктерге каршы иштей турганы айтылган. Мыйзам Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине жалган маалымат таратты деп табылган жалпыга маалымдоо каражатын соттун чечимисиз эле эки айга жаап салууга укук берет.

Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын январь айында интернетте жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салган мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, “жалаа жапты” же “мазактады” деп табылган адам 20 миң сом, ал эми медиа 65 миң сом айыпка жыгылат.

Дагы караңыз

Орунбековдун тизмеси: Милиция териштирүү баштадыбы?

Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева Кыргызстанда фейк аккаунттарды жабуу мүмкүн болбой жатканын быйыл июнда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында билдирген. Ал муну провайдерлер чет өлкөдө экени менен байланыштырган.

Ал эми журналисттерди каралаган тасманы тараткандарга чара көрүү талабы да айтылууда. Мындай кадамдар өлкө жетекчилигине жана бийликтин беделине шек келтирери белгиленип жатат.

27-августта Бактыгүл Чыныбаева жана Ибраим Нуракун уулу Кыргызстандын жараны катары өлкөнүн ички иштер министри Улан Ниязбековго арыз менен кайрылышты. Арызда алар тууралуу видеону "таркаткан социалдык баракчаларга жана аны коомчулукка жайылтып, каралоону таркатууга көмөк түзгөн мамлекеттик кызматкерлерге мыйзам чегинде чара көрүүнү" суранышты.

Ибраим Нуракун уулу Фейсбук баракчасына бул окуя тууралуу пост жарыялап, мындай басым-кысым адамды кайра курчутарын белгилеген жана Кыргызстан эркин эл экенине ишенерин жазган:

"Мындай басым-кысымдар бизди коркута да, мокото да албайт. Кайра курчутат. Касым Тыныстанов, Төрөкүл Айтматов сыяктуу аталарыбыз деле илгери мындан жаман репрессия жылдары "пантүркизм", "англиянын агенти" деген жалган жалаалар менен атылып кеткен. Ата-Бейиттеги музейге барсаңар, тарыхы, далили турат илинип. Журналистика дүйнөнүн бардык бурчунда эле ушундай татаал, опурталдуу кесип. Дүйнөнүн бардык жеринде эле кемчиликтер, туура эмес нерселер болот. Бирок, негизги күнөө туура эмес, адилетсиз нерселерди жасап жаткан пенделерде эмес, деп ойлоймун. Негизги күнөө дал ошол туура эмес нерселерди көрүп, сезип, билип турсак дагы башыбызды кумга тыгып, унчукпай, көрмөксөн, билмексен болуп, же унчугуудан коркуп койгон өзүбүздө - ушул өлкөнүн атуулдарында, саясатчыларында, журналисттеринде деп ойлойм".

Кыргызстандык журналисттер интернетке тараган тасманын жасалышын, маани-маңызын шакаба кылышканы менен сынчыл көз караштагы, башкача пикирдеги адамдарды "эл душманына" теңеп, каралап чыгуунун өзү ойлондура турган жагдай дешет. Ушундай пикирдеги журналист Миржан Балыбаев азыр эл маалыматты ылгап калганын айтууда:

Миржан Балыбаев

"Ибраим Нуракун уулу азыркы бийликтин келишпес, айыгышкан деле каршылашы деп айтууга болбойт. Оппозициялык маанайда, өтө кээ бирлердей болуп чын-жалганын билип-билбей маалымат тараткан адам эмес. Болгону эркин журналистиканын эрежеси менен, суроо берүү менен постторду чыгарып коёт. Илгерки түшүнүк менен айтканда аны мынчалык "эл душманы" кылууга эмне себеп болгонун мен деле түшүнбөй турам. Ал эми кечээки "Британиянын тыңчысы" деген материалдын өзү күлкү келтирерлик, экинчиден, бул кейиштүү нерсе. Анткени азыр деле жакпаган адамды каралап, чыккынчы, чалгынчы деген мөөр басып, 100 жыл мурдагы советтик НКВДнын, КГБнын ыкмасына салып жатканы чындыгында күлдүрөт дагы, ойго дагы салат. Башкача бир пикири үчүн эле адамды душманга теңеп койгону жакшылыкка алып келбейт, бул абдан ойлонто турган нерсе".

Ибраим Нуракун уулу буга чейин бир нече жыл Би-би-синин кыргыз кызматында иштеген, Жогорку Кеңештин маалымат кызматын жетектеген, акыйкатчынын кеңешчиси болгон. Акыркы эки жылга жакын убактан бери үй-бүлөсү менен Америкада жашап жатат. Ал айрым учурда өзүнүн Фейсбук баракчасына бийликтин кемчиликтерин белгилеп, өзүнүн сунуштарын дагы жазып жүрөт.

International Partnership for Human Rights (IPHR) эл аралык уюму, Казакстандын адам укуктары жана мыйзамдуулук боюнча эл аралык бюросу, Борбор Азиядагы адам укуктары ассоциациясы (AHRCA) жана Түркмөнстан Адам укуктары боюнча демилгеси (TIHR) быйыл май айында чогуу билдирүү жасап, Борбор Азия өлкөлөрүндө жарандык мейкиндикти жана жеке пикирди чектөө максатында онлайн репрессия колдонуу күч алганын эскертишкен.

Дагы караңыз

"Реформабы же чектөөбү?" Еврошаркет Борбор Азиядагы адам укуктарынын абалын талдады

Ошондой эле алар жалпы Борбор Азияда көз каранды эмес жарандык коом жана медиа платформалар интернеттеги каралоо, троллинг жана башка коркутуулардын күчөшүнө туш болуп жатканын айтышкан.

"Коррупция, аял укуктары жана башка коомдун аялуу катмарынын укуктарын коргогондор, өзгөчө чет жактан каржылангандар, улуттук коопсуздукка же "улуттук баалуулуктарга" коркунуч катары көрсөтүлөт" деп жазылган билдирүүдө.

Ал арада Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин кайталап келет. Журналисттер, блогерлер бийликтин көрсөтмөсү менен эмес, мыйзамдын негизинде камалып жатат деген пикирин жакында Жапаров журналист Али Токтакуновдун YouTube каналына курган маегинде айткан:

"...мыйзамдар түзүлдү, жоопкерчилик алышты. Туура эмес маалымат таратсаң, бирөөнүн беделине шек келтирсең жооп бересиң деп. Аларды мен каматкан жокмун да, "кама" деп дагы айтпайм. Мыйзам каматат. Аларды суроо Ички иштер министрлигинин, УКМКнын милдети. Тартип деген болуш керек. Тартип болбосо, мамлекет чачырап кетет. Айрым учурда 5-10 суткага камашы мүмкүн".

Анткен менен соңку жылдары бийликти сындаган бир топ журналист кармалып, камалган учурлар катталды.

Май айында "Чек арасыз кабарчылар" (RSF) эл аралык уюму басма сөз эркиндиги боюнча жаңы докладын жана 180 өлкөнүн рейтингин жарыялаганда Кыргызстандын көрсөткүчү былтыркыга салыштырганда эки баскычка ылдыйлап, 146-сапка жайгашканы белгилүү болгон.