Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Август, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:30

"Реформабы же чектөөбү?" Еврошаркет Борбор Азиядагы адам укуктарынын абалын талдады

Казакстан. Orda.kz басылмасынын редакциясында тинтүү жүрүп жаткан учур.
Казакстан. Orda.kz басылмасынын редакциясында тинтүү жүрүп жаткан учур.

мазмуну

  • Европа Биримдиги 2025-жылдагы дүйнөдөгү адам укуктары жана демократиянын абалы тууралуу баяндамасын жарыялады.
  • Анын авторлору Борбор Азиядагы кырдаалды «татаал», ал эми айрым өлкөлөрдө «начарлап бараткан» деп баалашкан

Европа Биримдиги жалпысынан дүйнөдө эрежелерге негизделген тартиптен алыстоо, авторитардык бийликке таянган тартипке жакындоо байкалып жатканын белгилейт. Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрү азырынча Европа Биримдигинин бул билдирүүлөрүнө расмий жооп бере элек.

Казакстан: «элдин үнүн уккан мамлекет» жана эркиндиктин чектелиши

Европа Биримдиги 2025-жылы Казакстанда адам укуктары боюнча кырдаал «карама-каршылыктуу» болду деп эсептейт: саясий жана институттук реформалар жарыяланды, ошол эле учурда терең тамырлаган түзүмдүк чектөөлөр да бар. Баяндамада белгиленгендей, бир жагынан бийлик өкүлдөрү «адилеттүү Казакстанды» жана «элдин үнүн уккан мамлекетти» куруп жатканын жарыяласа, экинчи жагынан өлкөдө жарандык активдүүлүк үчүн мейкиндик кыйла тарып жатканы байкалат.

«Өкмөттүк эмес уюмдарга көзөмөлдүн күчөшү, журналисттерге басымдын өсүшү, тынч жыйындарды өткөрүүгө коюлган чектөөлөрдүн сакталышы жана сөз эркиндигине байланыштуу мыйзамдардын кеңири чечмелене турган түрдө кабыл алынышы укуктук белгисиздиктин жана өзүн өзү цензуралоонун жалпы атмосферасын жаратты», — деп белгиленди баяндамада.

ЛГБТ өкүлдөрүнүн укуктары 2025-жылдын аягында «салттуу эмес сексуалдык мамилелерди» пропагандалоого тыюу салган мыйзам кабыл алынгандыктан коркунуч алдында турары айтылды.

Баяндаманын авторлору билдиргендей, жыл ичинде Европа Биримдигинин өкүлдөрү (айрым учурларда пикирлеш өлкөлөр менен бирге) адам укуктарына байланышкан көптөгөн маселелер боюнча Казакстандын Тышкы иштер министрлигине бир нече демарш жөнөтүшкөн.

ЕБ белгилегендей, адам укуктарына жана демократияга байланыштуу маселелер 2025-жылдын июнь айында өткөн Европа Биримдиги менен Казакстандын кызматташтык комитетинин жыйынында, ошондой эле декабрь айындагы ЕБ–Казакстан кызматташтык кеңешинин жыйынында талкууланган. Европа Биримдигинин элчиси жана ЕБге мүчө мамлекеттердин элчилери Астанадагы өкмөт өкүлдөрү менен адам укуктары жана демократия маселелери боюнча туруктуу диалог жүргүзүп турушкан. Бул аянтча адам укуктарын коргоого көмөк көрсөтүп, системалуу да, конкреттүү жагдайларга байланыштуу да маселелерди талкуулоого мүмкүнчүлүк берген.

Кыргызстандагы «уланып бараткан начарлоо»

Кыргызстанда кырдаал, Европа Биримдигинин көз карашында, начарлоону улантууда. Шаркет жарандык коомго, сөз эркиндигине, пикир билдирүү, тынч жыйындарды өткөрүү эркиндигине, бирикме түзүү укугуна чектөөлөр коюлуп жатканын белгилеп, тынчсыздануусун билдирди.

ЕБнин маалыматына караганда, 2025-жылдын август айында кабыл алынган мыйзам жалпыга маалымдоо каражаттарын кайра каттоодон өтүүгө милдеттендирип, медиадагы чет өлкөлүк менчиктин үлүшүн 35 пайыз менен чектеп койду, ошондой эле өлкөдө журналисттерди саясий жүйө менен куугунтуктоо учурлары катталган.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун жабылышы жана анын функцияларынын Акыйкатчы институтуна өткөрүлүп берилиши, шаркеттин баамында, жабык жайлардагы ырайымсыз мамилени алдын алуунун реалдуу мүмкүнчүлүктөрү жана мекеменин канчалык эркин экени тууралуу суроолорду жараткан.

Баяндамада белгиленгендей, Коррупцияга каршы стратегия кабыл алынганына карабастан жемкорлук олуттуу көйгөй бойдон калууда жана бул стратегия тандалма түрдө колдонулуп жаткандай көрүнөт. Ошондой эле динге байланыштуу жаңы мыйзам дин тутуу эркиндигин чектеп, диний жамааттарга карата басмырлоону күчөтөрү айтылды.

Үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу билдирүүлөрдүн саны көбөйгөнү, балким, милиция бул жаатта жакшы иштей баштаганын, жарандардын укуктук жол-жоболорго болгон ишеними жогорулаганын көрсөтөрү белгиленди.

Кыргызстандагы оң көрүнүш катары Европа Биримдиги Конституциялык соттун аялдарга жана балдарга каршы оор кылмыштар үчүн өлүм жазасын кайра киргизүүгө болбой тургандыгы тууралуу чечимин белгилейт. Баяндамада бул токтом коомчулуктун олуттуу каршылыгынан кийин кабыл алынганы айтылат.

Баяндаманын авторлору эске салгандай, Европа Биримдиги жана анын өнөктөштөрү адам укуктарына байланышкан бир катар маселелер боюнча Кыргызстандын бийлигине тынчсыздануусун биргелешип бир нече жолу билдиришкен.

Кыргызстандын жетекчилиги жана тиешелүү мекемелери европалык институттардын сын-пикирлерине жолугушууларда жана расмий аянтчаларда жооп берип, негизги басым улуттук суверенитетти коргоого жана мамлекеттин кызыкчылыгындагы ички реформаларга жасаларын айтып келет. Расмий Бишкек конструктивдүү диалогго даяр экенин белгилейт. Бирок демократиялык нормалардын артка чегинүү тууралуу айыптоолорду четке кагып, кабыл алынган мыйзамдарды (анын ичинде бейөкмөт уюмдар жана маалымат каражаттары жөнүндөгү) маалыматтык коопсуздукту жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуу чарасы катары түшүндүрөт. БУУда Юстиция министрлиги баштаган кыргыз делегациясы адам укуктары боюнча милдеттенмелердин аткарылышы тууралуу өзүнүн баяндамаларын көрсөтүп келет.

Тажикстандагы «татаал» жагдай

Баяндамада белгиленгендей, эл аралык байкоочулар Тажикстанда журналисттердин коопсуздугуна, сөз жана бирикме түзүү эркиндигине байланышкан чектөөлөр бар экенин айтып, ошондой эле аялдар жана качкындар сыяктуу аялуу топтордун укуктарын коргоо маселеси боюнча тынчсыздануусун айтышкан.

«Жарандык активдүүлүк үчүн мейкиндик жана коомдук кызыкчылык жараткан маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгү чектелген. Ошол эле учурда эркин маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, журналисттер жана укук коргоочулар кармоолорго жана узак мөөнөттүү абак жазаларына туш болушкан. Human Rights Watch уюмунун маалыматы боюнча, кеминде жети журналист кесиптик ишмердүүлүгү же нааразылык акцияларын чагылдырганы үчүн коюлган айыптардын негизинде түрмөгө камалган, бир нече жазуучу сынчыл материалдарды жарыялаганы үчүн эркинен ажыратылган», — деп айтылат документте.

Адилет соттук териштирүүгө болгон укук Тажикстанда көпчүлүк учурда бузулары жана абак жайларындагы кыйноого, ырайымсыз мамилеге байланыштуу олуттуу кооптонуу бар экени да белгиленди.

Белгилүү укук коргоочулар дагы эле абакта калууда. Алардын арасында оппозициялык саясатчыларды коргогону үчүн 23 жылга эркинен ажыратылган адвокат Бузургмехр Ёров да бар. Памирлик активисттер менен журналисттер дагы экстремизмге айыпталып, камакта отурушат.

2025-жылы эл аралык байкоочулар Тажикстанды «эркин эмес өлкө» деп баалашкан. «Чек арасыз кабарчылар» (Reporters Without Borders) уюмунун Дүйнөлүк басма сөз эркиндиги индексинде өлкө тизмедеги 180 мамлекеттин ичинен 153-орунду ээлеген.

Европа Биримдиги гендердик зомбулукка каршы иштерди координациялоо механизмдеринде, сот адилеттиги жана пенитенциардык система тармагындагы потенциалды жогорулатууда айрым жакшы аракеттер болгонун белгиледи. Бирок отчетто жоопкерчиликти камсыз кылуу механизмдери дагы эле толук эмес экени жана негизги жарандык, саясий укуктар боюнча олуттуу жылыш байкалбаганы айтылды. Мындан тышкары, Тажикстандын мыйзамдарында өлүм жазасы сакталган бойдон калууда, бирок иш жүзүндө мындай чара колдонулбайт.

БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы (УВКБ ООН) жапырт депортация тууралуу маалыматтарды жарыялагандан кийин бул өлкөдөгү ооган качкындарына байланышкан абал да олуттуу тынчсызданууну жаратууда. БУУнун расмий өкүлдөрү эл аралык милдеттенмелерди, анын ичинде адамдарды коркунуч бар өлкөгө мажбурлап кайтарбоо принциптерин жана коргоо стандарттарын сактоо маселесин көтөргөн.

Адам укуктары боюнча өкүлдөр мажбурлап кайтаруу көп тараптуу кризис жаратарын эскертип, Тажикстанды качкындарды жана башпаанек издеген адамдарды өлкөдөн мажбурлап чыгарууну токтотууга чакырышкан.

«Эркин эмес» Түркмөнстан

Түркмөнстанда адам укуктары боюнча жалпы кырдаал татаал бойдон калууда. Freedom House уюмунун рейтингинде өлкө 100 упайдын ичинен болгону 1 упай алып, «эркин эмес өлкөлөрдүн» катарына киргизилген.

«Өлкө ичинде да, тышта да адамдардын эркиндигине коюлган чектөөлөр, ошондой эле пикир билдирүү, маалымат каражаттарынын иши, биригүү жана тынч чогулуу эркиндиктеринин бузулушу уланган. Дин тутуу жана ишеним эркиндигине байланыштуу чектөөлөр боюнча да тынчсыздануу бар», — деп белгиленген баяндамада.

Ошондой эле, анда айтылгандай, эркектер ортосундагы өз ара сексуалдык мамилелер кылмыш деп саналат, сексуалдык ориентациясы үчүн зомбулукка кабылгандар бар, түрмөлөрдө кыйноо жана ырайымсыз мамиле катталат.

Европа Биримдиги жабык жайлардагы шарттарды жакшыртуу, гендердик теңчилик маселелерин чечүү жагынан жана Эксплуатацияны жоюу боюнча эл аралык эмгек уюму менен кызматташтыкта айрым оң өзгөрүүлөр болгонун белгилөөдө.

ЕБнин маалыматына караганда, Ашхабаддын чет өлкөлөрдө жашаган түркмөн жарандарына паспорт бербей коюу саясаты дале уланууда. Чет мамлекеттерде жүргөн миңдеген эмгек мигранттарынын паспортунун мөөнөтү бүткөндө жаңы документ алуу мүмкүнчүлүгү жок болуп, алар мекенине кайтууга аргасыз болушат. Мындай учурда аларга кайрадан өлкөдөн чыгууга тыюу салынышы мүмкүн.

«Европа Биримдиги жана ага мүчө мамлекеттер түркмөн бийлигинин адам укуктары боюнча эл аралык конвенцияларды жана улуттук мыйзамдарды аткаруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө көмөктөшүүнү улантышты. ЕБ Түркмөнстанды эл аралык адистештирилген уюмдардын кеңештерин колдонууга жана реформалар процессине жарандык коомду натыйжалуу негизде тартууга чакыруусун улантууда», — деп айтылат баяндамада.

Өзбекстандагы «тынымсыз начарлоо»

Европа Биримдигинин маалыматына караганда, Өзбекстанда адам укуктарынын жана демократиянын абалынын начарлоосу «тынымсыз уланды». Дээрлик бардык тармактарда артка кетүү байкалган. Мындай тенденция Эл аралык басма сөз эркиндиги индексинде (180 өлкөнүн ичинен 148-орун), Мыйзам үстөмдүгү индексинде (143 өлкөнүн ичинен 81-орун) жана Коррупциянын деңгээлин баалоо индексинде (182 өлкөнүн ичинен 124-орун) да чагылдырылган.

Реформа жүрүп жатканы жарыяланганына карабастан өлкөдө жарандык жана саясий укуктар чектелүү бойдон калууда.

«Бийлик өкүлдөрү сөз эркиндигин жана тынч жыйындарды өткөрүү укугун басмырлоону улантып, журналисттерди, блогерлерди жана укук коргоочуларды Кылмыш-жаза кодексинин түрдүүчө чечмеленүүчү беренелери боюнча соттук куугунтукка алып, эркинен ажыратуу чараларын колдонушкан. Адвокаттар лицензияларынын токтотулушуна жана коркутууларга туш болушкан. Укук коргоочулардын жана жарандык коом уюмдарынын абалы оор бойдон калган. Кеминде үч белгилүү аял журналист куугунтукка кабылып, дагы бир нече журналист камакта отурат», — деп айтылды баяндамада.

Анда белгиленгендей, өкмөттүк эмес уюмдарды каржылоого жана каттоого байланыштуу чектөөлөр жарандык сектордун ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизүүдө, өлкө 2023-жылдагы конституциялык референдумдан, президенттик шайлоодон, 2024-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун (БДИПЧ/ОБСЕ), ошондой эле БУУнун сунуштарын аткарууда олуттуу жылыш көрсөткөн эмес.

«Бир катар жаңы мыйзамдарды эл аралык укук коргоо уюмдары сынга алышты. Атап айтканда, жабык сот отурумдарында алынган маалыматтарды ачыкка чыгарууну кылмыш катары кароо, бейөкмөт уюмдарга чет өлкөлүк каржылоо боюнча отчеттуулукту күчөтүү жана чет өлкөгө сапарлар тууралуу милдеттүү түрдө алдын ала билдирүү талаптары боюнча мыйзамдар сынга кабылды», — деп белгиленди документте.

Европа Биримдиги айлана-чөйрөнү коргоо жана социалдык саясат жаатында айрым оң өзгөрүүлөрдү белгилейт. Өзбекстан Орхус конвенциясына кошулуп, абанын сапатын жакшыртуу боюнча чараларды көргөн.

Ташкент балдарды зомбулуктан коргоо стратегиясын бекиткен. Гендердик теңчилик боюнча мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр, эне өлүмүнүн азайышы жана парламентте аял депутаттардын санынын өсүшү да оң реформа катары бааланган.

Ошол эле учурда абак жайларындагы кыйноолор жана ырайымсыз мамиле боюнча олуттуу тынчсыздануу бар экени кабарланды. Кармалгандарды медициналык кароодон дароо өткөрүү милдетин койгон жаңы мыйзамга карабастан бул маселе чечилген эмес. Өзбекстан Кыйноолорго каршы конвенциянын Факультативдик протоколуна кошула элек.

Отчетто бир жыныстагы адамдардын ортосундагы мамилелер дагы эле кылмыш катары каралары белгиленип, сексуалдык ориентациясынын негизинде соттук куугунтук учурлары катталганы айтылат. ЛГБТ коомчулугунун өкүлдөрү коркутууларга, коомдук басмырлоого, күч түзүмдөрүнүн мыйзамсыз аракеттерине жана мажбурлап текшерүүлөргө дуушар болушууда.

Өзбекстанда жаңы көйгөйлөрдүн бири катары жарандардын жер тилкелерин мажбурлап алып коюу маселеси көрсөтүлгөн. Өлкөдө шаарларды масштабдуу реконструкциялоо долбоорлору ишке ашырылып жаткандыктан айрым кварталдар түшүндүрүүсүз же тийиштүү компенсациясыз эле бузулууда.

«Жарандарды көчүрүү укук коргоочуларды жана активисттерди коркутуу, куугунтуктоо жана кармоо менен коштолууда», — деп белгиленди баяндамада.

Европа Биримдиги Ташкенттин 2022-жылдын июль айындагы Каракалпакстан окуялары боюнча толук отчетту жарыялоо убадасына карабастан бул материалдар бүгүнкү күнгө чейин коомчулукка сунуштала электигин баса белгиледи.

Нааразылык акцияларынын лидерлеринин бири Даулетмурат Тажимуратов дагы деле түрмөдө отурат. Анын адвокаты камактагы шартты накта кыйноо катары мүнөздөгөн.

Тажимуратов миңдеген адамдар катышкан нааразылык акцияларынан кийин 16 жылга эркинен ажыратылган. Анда адамдар Ташкенттин Конституцияны өзгөртүп, Өзбекстандын курамындагы Каракалпакстандын суверендүүлүк макамын чектөө демилгелерине каршы чыгышкан. Нааразылык күч менен басылган.

Навои шаарындагы сот май айында Тажимуратовду «мекеменин ишин үзгүлтүккө учуратуу» беренесинин негизинде күнөөлүү деп таап, ага кошумча беш жыл жаза берди. Натыйжада активисттин жалпы жаза мөөнөтү 16 жылдан 18 жарым жылга чейин көбөйдү.

Борбор Азия бийликтери адатта комментарий бербейт

Европа Биримдиги дүйнөдө ар кандай чыр-чатактар дале уланып жатканын, эрежеге негизделген эл аралык тартип эмес, авторитардык бийликке негизделген тартипке ыктоо күчөп турганын белгилөөдө.

Уюм өз отчетунда адам укуктарын жана демократияны дүйнө жүзү боюнча илгерилетүү жана коргоо ЕБнин узак мөөнөттүү милдеттенмеси экенин, бул багыттагы иштер жамааттык күч-аракетти талап кыларын жана олуттуу натыйжага жетүү убакытты талап кыларын белгилеген.

Борбор Азия мамлекеттери мындай баяндамалар боюнча жалпысынан расмий комментарий берүүдөн карманышат.

Түркмөнстан менен Өзбекстан, мисалы, адам укуктарын коргоо маселелери боюнча эл аралык институттар жана өкүлдөр менен консультациялар өткөрүлгөнүн кабарлап турат.

Казакстандын өкмөтү 2025-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин Универсалдуу мезгилдүү кароосунун алкагында берилген 294 сунуштун 259ун кабыл алганын билдирген. Ошондой эле өлкөдө аялдардын укуктарын коргоодон тартып кыйноолорго каршы күрөшкө чейин ар түрдүү тармактардагы мыйзамдар өркүндөтүлгөнү айтылган.

Бирок аймакта кыйла кеңири расмий реакциялар да болгон.

2016-жылы Кыргызстан АКШнын Мамлекеттик департаментинин дүйнөдөгү адам укуктарынын абалы тууралуу жылдык баяндамасына жооп кайтарган. Андагы билдирүүдө: «Кыргыз Республикасы аталган докладдагы айрым бааларды туура эмес, көз көрүнөө эле бир жактуу жана саясий негизделген деп эсептейт», — деп айтылган.

Ушуга окшош билдирүүнү Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги да жасаган. 2020-жылы АКШнын Мамлекеттик департаментинин жылдык отчетуна жооп жарыяланган. Анда Тажикстандын ТИМи баяндамада «Тажикстандагы адам укуктарынын абалына реалдуу талдоо жүргүзүлгөн эмес жана ал көбүрөөк саясий мүнөзгө ээ» деп билдирген. Ошондой эле документтин авторлору «негизинен өздөрүнө кызык болгон булактарга таянгандыктан жарыяланган маалыматтын ишенимдүүлүгү күмөн жаратат» деп белгиленген.

Куржундар
XS
SM
MD
LG