Жапаров Шыкмаматовду шайлоого узатты

Садыр Жапаров менен Алмамбет Шыкмаматов.

Алмамбет Шыкмаматов берген арызына ылайык инвестициялар министри кызматынан бошотулуп, парламенттик шайлоого катыша турган болду. Ал парламенттик шайлоого катышуу үчүн кызматынан кеткен алгачкы жогорку кызматтагы жетекчи болуп калды.

Шыкмаматовдун шайлоо алдындагы чечими

Президент Садыр Жапаров 28-сентябрда инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматовдун Жогорку Кеңешке шайлоого байланыштуу кызматынан кетүү жөнүндө арызын кабыл алды. Анын орун басары Нурадил Баясов министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

“Шайлоого “Ынтымак” партиясынын командасы менен бармай болдум. Анткени бул партиянын курамы мени канааттандырат. Тилекке каршы, бизде классикалык күчтүү партиялар жок. Бул абдан өкүнүчтүү. Мен президент менен көп сүйлөшөм. Ал таза шайлоо өткөрүү керектигин түшүнүп турат. Анан оппозициялык партиялардын шайлоо аркылуу парламентке келүү мүмкүнчүлүгү бар”, - деди Шыкмаматов.

Шыкмаматовдун кызматтан кетип жатканы 27-сентябрда президент Садыр Жапаров менен жолугушууда белгилүү болгон. Президенттин сайтындагы маалыматта мамлекет башчы Алмамбет Шыкмаматовдун отставкасын кабыл алууга даяр экенин билдирип, анын аткарган иштери үчүн ыраазычылык айтканы жазылат.

Мындан тышкары кабарда "Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси" чинин да ыйгарган. Президенттин маалымат кызматы тараткан кабарда "2021-жылдын биринчи жарымында чет элдик түз инвестициялардын агымы 95,4% көбөйгөнү, учурда илгерилетүүдө 323,5 млн. АКШ доллар суммасындагы беш долбоор турганы" айтылат.

Саясатчы Бектур Асанов бул жолугушууну мындайча чечмеледи:

Бектур Асанов

“Садыр Жапаровдун Алмамбет Шыкмаматовду кабыл алып, аны шайлоого узатышы “Алмамбет президенттин партиясын жетектейт” деген ишарат. Бул жалпы элге, ишкерлерге, депутат болгусу келгендерге берилген белги. Шыкмаматов кошулган партия бийликтин айланасындагы партиялардын бири болот. Ага бүтүндөй бийлик иштеп берет. “Ата-Журт Кыргызстан” Камчыбек Ташиевдин партиясы болсо, Шыкмаматов кошулган партия президенттин партиясы болорун бөркүмдөй көрөм. Президент “менин партиям шайлоого катышпайт” деген сөзүнө чекит койду. Шайлоо мурдагыдай эле өтөт”.

Алмамбет Шыкмаматов катарына кошулуп жаткан “Ынтымак” партиясы 2012-жылы түзүлгөн. Аны депутат Марлен Маматалиев жетектеп жатат. Анын атасы Абдрахман Маматалиев 2020-жылдын октябрь айынан бери Мамлекеттик кадр кызматын жетектейт. Партия лидеринин айтымында, "Ынтымактын" катарына Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун да кошулушу толук мүмкүн.

“Ынтымак” мурда-кийин республикалык деңгээлдеги шайлоого катышкан эмес. Быйыл 11-июлдагы Бишкек жана Ош шаардык кеңешине болгон шайлоодо күчүн сынап, борбор калаадан жети мандатка ээ болгон. Ошол эле учурда талапкерлердин бири добуш сатып алууга шек саналганы үчүн Оштогу кайра шайлоодон четтеп калган.

Марлен Маматалиев “Ынтымак” партиясын бийлик менен байланыштыруу туура эмес дейт.

Марлен Маматалиев

“Төрага мен депутат болгон “Республика Ата-Журт” фракциясынан болот. Ал киши менен көптөн бери сүйлөшүү жүрүп келет. Азыр тизме бекий элек. Бүгүн сүйлөшүп жаткан адамдар башка партияларга өтүп кетиши мүмкүн. Биз оппозиция эмеспиз, ошол эле учурда бийликчил да эмеспиз. Өзүбүздү центристтик партия деп атап алдык. Программабыз дагы ушундай өңүттө түзүлгөн. Биз бийликчил болсок, анда Ош шаарында шайлоодон четтеп калбайт элек да”.

Алмамбет Шыкмаматов 2020-жылдагы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого “Бир Бол” партиясы менен катышкан. Бийлик алмашкандан кийин Садыр Жапаров менен жакшы мамиледе болуп, президенттик шайлоо учурунда анын Нарын облусу боюнча штабын жетектеген. Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин жетекчиси болуп февраль айында дайындалган.

Саясат талдоочу Игорь Шестаков жогорку кызматтагы адамдардын мандатты эңсеп жатканына негиз болгон бир нече фактор бар экенин айтты:

Игорь Шестаков

“Мамлекеттик кызматтагы адамдардын Жогорку Кеңешке умтулуп жатышы алгачкы жолу болуп жаткан жок. Бул – өзүнө стабилдүү карьераны түзүүгө аракет. Анткени депутаттык мандат, министрдин ордуна караганда бекем. Беш жылга чейин эч ким тийишпейт. Ал эми өкмөттүн курамы бир жыл ичинде үч жолу өзгөрүп кетет. Мындай учурда жогорку кызматтагы адамдар эң биринчи өзүн ойлойт. Анан барып жоопкерчилик жөнүндө сөз болушу мүмкүн”.

Шыкмаматов өкмөттөгү жооптуу ишин таштаган биринчи адам эмес. 2020-жылдагы парламенттик шайлоонун алдында ошол учурдагы вице-премьер-министр Аида Исмаилова, Социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов жана Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору Шумкарбек Адилбек уулу кызматтан кеткен.

Инвестициялар министрлиги максатына жеттиби?

Мурдагы Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги 7-июндан тарта Инвестиция министрлиги болуп өзгөрүп, штаты 22 кишиден 65ке чейин көбөйгөн.

Жаңы түзүлгөн мекеменин башкы максаты Кыргызстанга түз инвестиция тартуу жана аны коргоо болуп саналат.

Алмамбет Шыкмаматовдун ордуна министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Нурадил Баясов 2021-жылдын биринчи жарымында чет элдик түз инвестициялардын агымы 95,4% көбөйүп, 321 миллион долларга жеткенин айтат.

Нурадил Баясов

“Статистиканы карасак, жарым жылда эле Түркиядан келген инвестициянын көлөмү үч эсеге өсүп, 66 миллиондон ашты. Бүгүнкү күндө жылыш бар. Инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүп, жаңы мыйзамдарды кабыл алуу үчүн иштеп жатабыз. Бул абдан маанилүү. Аларды бизден башка эч ким сапаттуу тейлей албайт. Азыркы учурда Кыргызстанда саясий процесстер башталып, биздин дарегибизге сын айтылып жатат. Бирок биз абайлашыбыз керек. Анткени инвестиция жааты өзгөчө назик келет. Ар бир жаңылык туура жеткирилиши шарт. Анткени инвесторлор менен маселе жаралат”.

Нурадил Баясов инвестициялардын агымы 95,4% көбөйгөнүн Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянып айтып жатат. Аталган сандар былтыркы жылга салыштыруудан улам пайда болгонун эске алуу керек. 2020-жылы Кыргызстанда коронавирус пандемиясынан улам чек аралар жабылып, ишкерлик толук кандуу жанданган эмес.

2019-жылы Кыргызстанга келген түз инвестициянын суммасы 876,2 миллион долларды түзгөн. Жылдын биринчи жарымында 393,7 миллион доллар болгон. Демек быйылкы жылдын көрсөткүчү пандемия күч алган былкыркы жылга караганда көп, бирок 2019-жылга салыштырмалуу аз.

Жогорку Кеңештеги Бюджет жана финансы боюнча комитетинин мүчөсү Мурадыл Мадеминов мындай пикири менен бөлүштү.

Мурадыл Мадеминов

“Инвестиция министрлиги төрт ай ичинде өзүн актаган жок. Анткени кадр саясаты туура эмес болгон. Экинчиден, Кыргызстандын геосаясаттагы абалы жакшы эмес. Ушундай кырдаалда кантип инвестор келет? Кыргызстандан кыргыз ишкерлер Казакстанга, Өзбекстанга, Түркияга чыгып кетип атат. Өзүңөр ойлонгулачы. Министрлик тараткан 321 миллион доллар деген суммага такыр макул эмесмин”.

Инвестициялар министрлиги толук кандуу иштеп кетиш үчүн мамлекеттик бюджеттен 22,2 миллион сом сурап жатат. Анын 12 миллиону борбордук аппаратка шарт түзүп, техникалык жактан камсыздаганга кетет. 8 миллион сом тийиштүү бизнес форумдарды уюштурууга жумшалат. 1,5 миллиону банкрот абалга кептелди делген ишкана, компанияларды текшерүүгө чыгымдалат.