Күттүргөн музей ачылды, маданиятта оор жоготуулар болду

Улуттук тарых музейинин ачылышында. 19-ноябрь, 2021

2021-жылы Кыргызстандын маданият тармагы саясий окуялардын фонунда калгандай көрүнгөнү менен бир катар олуттуу жаңылыктар болду. Жыл соңунда беш жылдан бери жабык турган Улуттук тарых музейи ачылды.

Ошондой эле Казакстандын маданият күндөрү өтүп, кыргыз киносунун 80 жылдык мааракесин белгиледи. 2021-жыл маданият тармагындагы оор жоготуулары менен, чечилбей калган көйгөйлөрү менен дагы эсте калды.

Чуусу басылбаган тарых музейи

Коронавирус пандемиясынан кийин дээрлик бир жылдай токтоп калган маданий иш-чаралар 2021-жылы бир топ жанданды. Жыл этегинде, 19-ноябрда борбор калаадагы 5 жыл бою жабык турган Улуттук тарых музейи оңдоп-түзөөдөн кийин кайра ачылды. Музей чуулуу окуяларда, коррупциялык иш-аракеттерде аты аталып келсе, андагы кымбат баалары менен элдин эсинде калган экспонаттар азыркыга чейин талкуунун чордонунда. Музей ачылган алгачкы күндөрү узун кезектер үзүлгөн жок. Ага үч күндө 15 миңдей киши кирген.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Күттүргөн тарых музейи эшигин ачты

Музейдин илим агартуу бөлүмүнүн башчысы Өмүрбек Самудиновдун айтымында, маданий мекеме дээрлик 70 пайыз жаңыланып, жаңы экспонаттар жана заманбап мултимедиалык жабдуулар менен толукталды:

“Бизде байыркы таш доорунан баштап Кыргызстандын азыркы күнгө чейинки тарыхын чагылдырган экспонаттар коюлган. Жалпы экспонаттардын саны 100 миңге чамалайт. Алардын 80 пайызга жакыны жаңы. Маселен, мурда таш доорунда табылган эки гана артекфакт көрсөтүлсө, учурда Кыргызстандын 20-30 аймагынан табылган эстеликтер коюлган.

Коло доорун, сактардын доорун, алардын убагындагы көрүстөндөрүн, ырым-жырымын, күмбөзүн чагылдырган экспонаттар менен катар музейде Түрк кагандыгы, караханийлер доору тууралуу да маалыматтар бар. Ошондой эле музейге алгачкы бешиктер коюлду, кыргыздын байыркы алтындар залы да ачык көрсөтүлүүдө. Этнографияга арналган бурчтан алгачкы жолу Кыргызстандын саясий тарыхынын XVI кылымдан XIX кылымга чейинки учурун туруктуу көргөзмөдө чагылдыра алдык. Бул өтө татаал тема болгондуктан, буга чейин чыга элек болчу. Буга биздин адистердин салымы чоң. Мурда экспонаттардын 20% гана көрсөтө алсак, азыр 80% жакынын эл көрүп жатат. Көптөгөн мамлекеттердин тарых музейине кайрылсак, көпчүлүк экспонаттардын түп нускалары көп көрсөтүлбөйт. Биздин музейдин эң башкы өзгөчөлүгү - дээрлик 80 пайызга жакын экспонаттардын түп-нускалары коюлду”.

Улуттук тарых музейиндеги жаңылыктар

Адистердин баамында, музейдин ачылышы өкмөттүн жана илимпоздордун алдына жаңы милдеттерди жүктөдү. Алардын катарында музейди илимий-изилдөө борборуна айландыруу, мазмунун байытуу милдеттери бар дейт президенттин кеңешчиси, жазуучу Арслан Койчиев.

“Музейдин мазмунуна адис катары ичим чыккан жок. Бул ишке мурда аралашкан жок элек. Четинен угушубузга караганда канчалаган миллион коротулган экен. Ошонун жок дегенде бир миллионун тарыхчыларга бөлүп койгондо, Анвар Мокеев, Тынчтыкбек Чоротегин өңдүү тарыхчылар чогулуп, мындан да мыкты мазмунду жасап коймок экен. Мисалы, биздин орто кылымдагы тарыхыбызды алалы, Караханиддер доорун, түрктөрдү, Моголстанды, кыргыз элинин жаралышын, этногенезин мындан да мыкты чагылдыруу мүмкүнчүлүктөрү болгон экен. Айла жок. Мындан ары эми улуттук музейди агартуучулуктун жана илимий изилдөөнүн борборуна айландыруу керек. Музейди жаңылоонун, байытуунун үстүндө иштейли”.

Улуттук тарых музейин оңдоо 2016-жылы башталып, бирок аягы соттук териштирүүлөр менен коштолду. 2018-жылы парламенттеги "Ата Мекен" фракциясы музейди оңдоодо кеткен чыгым ашыкча көрсөтүлгөнүн шардана кылган. Мисалы, жыгачтан жасалган 58 даана инсталляциянын ар бири 600 доллардан, аттын эки жыгач калыбы 14 миң евродон бааланганы айтылган.

Дагы караңыз Тарых музейи беш жылдан кийин

Оңдоо иштеринен кийин аны жүргүзгөн тараптарга кылмыш иши козголуп, 2020-жылы 9-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду 18 жылга камап, 247 миллион 650 миң 281 сом айыпка жыккан. Бул иште шек саналган президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева соттолуп, 260 миң сом айыпка жыгылган. 2020-жылы 7-декабрда Жогорку сот бул өкүмдү жокко чыгарып, ишти Бишкектин Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жиберген эле.

Бир жылда үч министр

2021-жыл маданият министрлери кызматта көпкө турбаганы менен да коомчулуктун эсинде калды.

2020-жылдын 14-октябрында ошол кездеги өкмөт башчы Садыр Жапаровдун буйругу менен Нуржигит Кадырбеков маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалган. Бирок 4 айдан кийин Садыр Жапаровдун кол койгон жарлыгына ылайык бир катар министрлер менен кошо Кадырбеков да кызматтан бошотулган.

Кийинчерээк анын жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын бирине: “Менден сурабай министр кылып, кайра сурабай кызматтан алышты” деген темадагы маеги жарыяланган.

Нуржигит Кадырбеков кызматтан кеткенден кийин, 2019-2021-жылдары маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары кызматын аркалап келген Кайрат Иманалиев министр болуп дайындалды.

Ал эми 5-майда Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө" жарлыкка кол койду. Ага ылайык 2021-жылдын 11-апрелинде референдумда кабыл алынган Конституциясынын негизинде башкаруунун президенттик формасы, аткаруу, мыйзам чыгаруу органдарын жана сот бийлигин түзүүнүн жаңы тартиби орнотулду.

Мекеме Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги болуп өзгөрдү.

12-октябрда Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин ошол кездеги төрагасы Улукбек Мариповду кызматтан бошотуп, Акылбек Жапаровду министрлер кабинетинин төрагасы дайындады. Акылбек Жапаров сунуштаган жаңы өкмөттүн курамында маданият министри катары кайрадан Азамат Жаманкулов сунушталып, Жогорку Кеңеш макулдугун берген.

Азамат Жаманкулов.

Жаманкулов буга чейин да Маданият министрлигин 2018-жылдын октябрь айынан 2020-жылдын октябрына чейин жетектеген.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо бул тармакка туруктуу, реформачыл жетекчи алып келип, олуттуу мамиле кылуу керектигин, акыркы жылдары пайдасыз орун алмашуулардын болгонун сынга алды:

“Маданият бул – экономиканын башаты. Биз ушуну түшүнбөй жатабыз. Эгер биздин өлкө туристтик өлкө боло турган болсо, анда маданиятыбызды өнүктүрмөйүнчө бизге бир да турист келбейт. Ал эми маданият тармагын жетектеген министр кыргыз маданиятын ичинен терең түшүнгөн, иштерман, көөдөнүндө көзү бар адам керек. Биздин Маданият министрлиги ушул убакытка чейин эң арткы орунда эстелген министрлик болуп келди, эгерде алдыңкы орунга чыкпаса, анда мамлекеттин өнүгүүсүндө кесел бар. Министрлердин улам эле алмашып жатканы жакшы көрүнүш эмес, орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт”.

Эски жыл менен калган көйгөйлөр

Тармактагы көйгөй демекчи, маданият тармагында эскирген имараттар, айлык акынын аздыгы сыяктуу толгон-токой көйгөйлөр бар. Опера жана балет театрынын тарыхында алгачкы жолу балет артисттери сахнага чыгуудан баш тарткан окуя 2021-жылдын 6-мартында театрга “Ак куу көлү” спектакли коюлар алдында болгон. Балет бийчиси Фарух Садыркулов театрдагы чырдын себебин коммерциялык спектаклдерден эч кандай каражат албаганы менен түшүндүргөн:

“Бизге абдан оор болду. Көрүүчүлөрдүн алдына чыгууга мажбур болдук. Көпчүлүк бизди колдоду. Алар артисттерге мындай мамиле кылбаш керектигин түшүндү. Анткени бир айдан бери бул спектаклдин жарнамасы жүрүп жатты. Бирок биздин атыбыз эч жерде аталган жок. Биз эмгек акыны гана талап кылдык. Кандайдыр бир сумманы деле айткан жокпуз. Акыйкат болушу керек да. Эгерде мен коммерциялык спектаклде бийлесем, анда акы төлөнүшү керек”.

Иш-чараны уюштурган “Радужка” коомдук фонду тарабынан уюштурулуп, төрт актылуу спектаклге орусиялык балет артисттери Екатерина Первушина менен Сергей Мануйлов сахнага чыкмак. Чет өлкөлүк артисттердин мындай коммерциялык спектаклдеринин баасы 1000 сомдон 2000 сомго чейин бааланат. Бирок алар менен сахнада экинчи планда ойногон жергиликтүү артисттерге эч кандай кошумча каражат төлөнбөйт.
Театр жетекчиси Керим Турапов айлык акы өкмөттүн деңгээлинде чечилиши керектигин айткан:

“Ошол күнү күтүлбөгөн иштер болду. Бирок бул маселе кечээ эле пайда боло калган жок. Негизи ар бир жамааттын мүчөсү менен келишим түзүү абдан оор. Сырттан келген коммерциялык спектаклдерде да жергиликтүү артисттерге маяна төлөп берүү өзүнчө чоң көйгөй экен. Чынында биздин артисттердин талабына да кошулам. Булар да эмгек акысын алышы керек. Бирок биздин театрдын табияты такыр башка экен. 15 жыл иштеп жүрүп өзүм да байкабаптырмын. Бул балетке катышкан бийчилерге акча төлөгөндөн кийин оркестрдегилерге да төлөп бериш керек болот. Оркестрде да 70-80 киши отурат. Кээде ушунча адам менен хор да катышкан учурлар болот”.

Кийинчерээк артисттерге коммерциялык спектаклдер үчүн кошумжа каражат берүү маселеси чечилбеген бойдон калып, июнь айында Фарух Садыркулов, Екатерина Белоус, Марат Сыдыков баштаган онго жакын балет артисттери кызматтан кеткен.
Бул көйгөйдүн биз билген гана жагы. Жыл соңунда улуттук апсаптарда ойногон, этно-музыкант Нурбек Серкебаев улуттук өнөр бааланбаганын, башка өлкөгө барып иштөө ниетин айтып чыгып, талкууга алынды. Тактап айтканда, мындай мамиле улана берсе, коңшу Казакстанга кетип, алардан 5 миң ооз комузчу тарбиялап, бул аспапты Гиннестин рекорддор китебине коңшу өлкөнүн атынан каттата турганын айткан.

Дагы караңыз Музыкант мамлекетке таарынды

Кийинчерээк Серкебаев бул маселе боюнча Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен сүйлөшүү жүрүп жаткандыгын белгилеп, бир чечимге келгенден кийин жооп узатарын маалымдады.

Кыргызстандын театр, кино, балет өнөрүндө ушул сыяктуу жеке да, жалпы да чоң көйгөйлөр бар. Классикалык исскуствонун өкүлдөрү керек болсо, айрым инструменттер жетишпей турганын, аны үйрөткөн адистер да жокко эсе экенин айтып келишет. Бул маселени мурдагы Маданият, мааалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев мындайча белгилеген:

“Көпчүлүк жерлерде окута турган педагогдор калбай калган. Көпчүлүк аймактагы мектептерде дагы улуттук аспаптарды гана үйрөтүүчү мугалимдер калган. Ал эми классикалык аспаптарда, үйлөмө, кыл жана урма аспаптарды окута турган окутуучулар жетишсиз. Азыр айрым музыкалык окуу жайдагы педагогдор да көбүнчөсү жашы улуулар экен. Жаштар негедир байкалбайт. Эртең улгайгандардын ордун толуктай турчу муун керек да. Мына мени ушул нерсе да көп ойлонтот”.

Акка моюн сунган алп таланттар

2021-жылы өнөр дүйнөсүндө орду толгус өксүктөр да болду. Адабият, театр, кино, музыка дүйнөсү чоң таланттарынан жоготту.

Жыл башында кыргыз эл акыны, сүрөтчү Рамис Рыскулов 87 жашында дүйнөдөн кайтты. Рыскулов өткөн кылымдын 60-жылдары адабиятка келип, жаңычыл акын катары таанылган. Ал поэзияга биринчилерден болуп эркин ыр формасын киргизген акын эле.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Эрке акын элин таштап кетти

Февралда кыргыз театр жана кино өнөрү чоң жоготууга учурап, эл артисти Жамал Сейдакматова дүйнө салды. Анын акыркы сапарга узатуу зыйнатында жазуучу Султан Раев Жамал Сейдакматованы улуттук театр өнөрүнүн акыркы могикандарынын бири катары эскерди:

"Жамал эже биздин улуттук театр өнөрүнүн акыркы могикандарынын бири. Биз бүгүн Жамал эже менен чогуу, аны менен кошо өзгөчө бир доорду, мезгилди, кыргыз маданиятынын өзгөчө тарыхын узатып жатабыз. Себеби ошол доор, мезгил, тарых дагы Жамал эженин ысымы менен терең байланышкан. Бүт өмүрүн театрга арнап, мындайча айтканда оо дүйнөгө сахнадан кетти. Акыркы деми, акыркы күндөрүнө чейин театрда болду. Ал театрда роль ойногон жок, ал театрда жашады. Ошол өмүр, ошол талант, ошол бийиктик арабыздан кетип баратат".

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыздын эрке кызы узап кетти


Апрелде кыргыз адабиятынын, искусствосунун, маданиятынын алпы Бексултан Жакиев 85 жаш курагында дүйнө салды. Андан кийин СССРдин эл артисти Токтоналы Сейталиев, эл жазуучусу Мар Байжиев, этнограф Балбай Алагушев, академик Аскар Какеев, журналист Тенти Орокчиев, куудул Рахман Разыков, опера ырчысы Ирина Деркембаева өңдүү чыгаан таланттар бул жарыкчылыкты таштап кетишти. Жыл аяктап калган кезде орусиялык археолог, кыргыз таануучу Юлий Худяков өмүрдөн өттү.

Окумуштуу Сулайман Кайыпов маданият дүйнөсүндөгү оор жоготуулар өнөрдү улаган муундун жоопкерчилигин күчөттү дейт.

“Өтүп бара жаткан уй жылы кыргыз маданиятынын, адабиятынын бир топ дөө-шааларын алып кетти. Рамис Рыскулов эпоха жараткан, өзүнчө стилге ээ, кыргыз поэзиясында жаңы үн болуп чыгып, анан өмүрүнүн аягына чейин жаңы ой болуп жаңырып турган акын эле. Анын өткөнү кыргыз адабияты, дегеле кыргыз инсанияты үчүн чоң жоготуу болду. Ушу менен чектелсе эмне, барктуу аксакалыбыз Бексултан Жакиев да өтүп кетти, ал “Атанын тагдыры” менен калың элди тарбиялады эле. “Төрт адам” пьесасы менен жалпы союзга таанылган Мар Байжиев өтүп кетти, мыкты журналист Тенти Орокчиев, уккан кишини суктанткан опера ырчысы Токтоналы Сейталиев да бизди таштап кетти. Айымдарыбыздан кийинки доордогу Курманжан даткадай болгонк өкжал, мыкты талант Жамал Сейдакматова да кош айтышып кетти. Айтор, ушундай улуу адамдардын көбүн жоготтук. Бирок булардын кетиши менен кийинки муундун моюнуна милдет артылып кетти. Демек, кийинкилер булардан да талыкпай эмгек жасап, ордун толукташы кажет”.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Эл Баатыры элин таштап кетти

Кыргыз-казак маданий алакасы

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналып, кыргыз-казак достугунун түбөлүктүүлүгүн даңазалоо максатында Төлөмүш Океев атындагы Кыргыз Улуттук киностудиясынын көмөгү менен режиссер Руслан Машрапов жазуучу Чыңгыз Айтматов жана казак акыны Мухтар Шаханов тууралуу даректүү тасма тартты. 23-августта Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында Шаханов менен кыргыз окурмандарынын жолугушуусу өттү.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Шаханов: Айтматовдун көзү өткөндөн бери өзүмдү жалгыз сезем

24-25-августта Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата эл аралык казак-кыргыз сармерден оюну өттү. Бул сармерден канаатташ эки элдин ортосундагы алгачкы ирет өтүп жаткан кыз-жигит оюну болуп калды.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыз-казак шайырларынын сармердени

Арадан эки айга жетпеген убакыттан кийин, 7-8-9-октябрь күндөрү Казакстандын Кыргызстандагы маданият күндөрү белгиленди.

Анын башталышында казак элине урмат-сый катары Казакстандын маданият жана спорт министри Актоты Раимкуловага Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык академиянын академиги наамы, СССРдин эл артисттери Асанали Ашимовго, Алибек Днишевге жана Казакстандын эмгек баатыры Роза Рымбаевага Айтматов атындагы эл аралык сыйлыгы ыйгарылды.

Казакстандын Бишкек шаарында өткөн маданият күндөрүнө 300дөн ашуун казак өнөрпоздору келген.

Коомчулукта “бул жылы кыргыз-казак элинин соңку кезде солгундай түшкөн маданий алакаласы кайра жанданды” деген өңүттөгү пикирлер айтылды.

Кыйырга таанылган кыргыз киносу

2021-жылдын 17-ноябрында кыргыз киносу түптөлгөнүнө 80 жыл болду. Буга байланыштуу Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда кыргыз киносунун жана белгилүү кинорежиссёр Болот Шамшиевдин 80 жылдык маарекеси чогуу белгиленди.

Кино тармагынын өкүлдөрү кылымга жакын мезгил аралыгында кинематографисттердин бир нече мууну өсүп чыккандыгын, кыргыз киносу бир топ өзгөрүүлөргө учураганын айтып келишет.

Дагы караңыз "Кыргыз кереметинин" жаңы кербени


Бирок коомчулукта эгемендик жылдары тартылган тасмалар тууралуу пикир бир кылка эмес. Айрыкча учурдагы кинолорду советтик доордогу тасмаларга салыштырып, сапатына сын айткандар арбын.

Анткен менен режиссер Бакыт Мукул азыркы тасмалардын деңгээли түштү деген дооматка макул эмес. Ал азыр деле “Кыргыз кереметинен” кем эмес эмгектер жаралып жатат деген пикирде.

“Азыркылар мурдагы киночулардын даражасына жетпей жатат деген туура эмес. Менимче, азыркылар алардан да ашты. Себеби, өткөн доордогу Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев баштаган режиссерлор тарткан улуттук тасмалар СССРге, Европага гана таанылса, азыркы айрым кинолорубуз дүйнө жүзүнө таанылып жатат. Алдыңкы делген фестивалдарга катышып, ийгиликтерди багындырган тасмалар да жетиштүү. Бирок биз аларды “керемет” деп айтуудан тайсалдайбыз. Эмнеге антебиз билбейм. Билгеним, азыр деле “Кыргыз кереметинин” жаңы жашоосу уланууда”.

Кадр артында: сүрөттөгү тарых


Эл артисти Назира Мамбетова мамлекет же болбосо демөөрчүлөр актер, режиссерлорду чет өлкөдөн окутуп, жаңы деңгээлге чыгарууга маани берсе деген пикирде.

“Биринчиден, чыгармачыл чөйрөгө кесипкөйлүк жетишпей жатат. Кинону тартуу оңой эмес, ал үчүн билим керек. Эгемендик менен бардык тармакка эркиндик келди дейбиз. Бирок ар ким каалаган тасмасын тартканы менен деңгээл төмөн болуп жатпайбы. Кээ бирөөлөр “болбогон бир нерселерди тартып жатасыңар" деп сын айтышат. Бирок ошол болбогон бирдеме кылса да аракет кылып жатпайбы. Илгери мамлекет кино адистерин атайын окутчу. Азыр каражат, шарты жок, көбү окуй албай калышты. Тасма тартам, тасмага тартылам деген таланттууларды таптай албай аксап турабыз. Аксагандык кесипкөйлүккө да таасир этет экен”.

2021-жылы кыргызстандык режиссёрлор тарткан айрым тасмалар эл аралык деңгээлде ийгилик жаратты. Алсак, Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу тарткан "Акыркы көч" тасмасы Дакка эл аралык кинофестивалында Гран-прини жана Куала-Лумпурда атайын сыйлыкты жеңип алса, режиссер Артыкпай Сүйүндүков тарткан “Шамбала” тасмасы "КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы" номинациясын алып, "Ника" сыйлыгына татыктуу болду.

Баса, Кыргызстанда тартылган немис режиссеру Мария Брендлдын “Ала качуу" (Take and Run) аттуу кыска метраждуу тасмасы "Оскардын" кыска тизмесине (шорт-лист) илинди. Брендл тасма аркылуу Кыргызстандагы кыз ала качуу көйгөйүн коомчулукка жеткирүүнү көздөгөнүн айткан.

Алдыда, 2022-жылы Кыргызстанда бир катар чоң маданий иш-чаралар өтүшү күтүлүүдө. Май айында Казакстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Үч жылдан бери оңдоп-түзөлүп жаткан Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры да 2022-жылы көрүүчүлөргө эшигин ачат.