Мөңгү астында тартылган "Ак илбирстин тукуму"

Төлөмүш Океевдин “Ак илбирстин тукуму” (“Кожожаш”) кинотасмасы 1984 жылы “Кыргызфильм” студиясында тартылган.

Макаланын автору Аманбек Жапаров - журналист, педагог-режиссер. “Азаттык” үналгысы менен 1998-жылдан тартып кызматташып, ондогон маек жана макалаларды жазган. Соңку жылдары кыргыз искусствосуна, көркөм өнөрүнө бараандуу салым кошкон инсандар тууралуу макалаларды жазып келүүдө.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

"Кан-Теңирде альпинисттер коштоп жүргөн"

17-ноябрь кыргыз киносунун жаралган күнү катары жыл сайын белгиленип жүрөт. Бул күнү бир катар эл аралык сыйлыктарга татыган "Ак илбирстин тукуму" (“Кожожаш”) тасмасы тууралуу кеп кылууну чечтик.

Атактуу режиссер Төлөмүш Океевдин “Ак илбирстин тукуму” кинотасмасы 1984-жылы “Кыргызфильм” студиясында тартылган, эки бөлүмдүү көркөм тасма. Тасма 1985-жылы экранга чыгып, көрсөтүү укугун дүйнөнүн 35 өлкөсү сатып алган.

1985-жылы Берлинде өткөн эл аралык кинофестивалда "Күмүш аюу" сыйлыгына ээ болот. 1986-жылы Азия өлкөлөрүндө өткөн фестивалда "Дамаск кылычы" сыйлыгын алган.

1985-жылы таланттуу оператор, Кыргыз эл артисти Нуртай Борбиев “Ак илбирстин тукуму” кинотасмасы үчүн бир катар эл аралык байгелерди алганда куттук айтып, “Кыргызфильмге” кайрылдым.

Төлөмүш Океев менен Нуртай Борбиев (сүрөт качан тартылганы белгисиз).

Нуртай байке адатынча барбалаңдап жылуу тосуп, шкафтагы соңку кинофестивалда алган грамота, кубогун көрсөтүп, “канча азап менен тарткан киного берген белеги булар” деди. Ал кинофестивалда Нуртай байке "Эң мыкты оператор" номинациясын алган.

- Тасманы көргөндө айрыкча арабдар, европалыктар кинодогу кооз жаратылышка таң калышты. "Гималайда тартылганбы?” дейт. Кыргыздын табийгатынын бир кесими десем, суктанып өтө таасирленген,- деди.

- “Ак илбирстин тукумундагы" тоо эчкилерге аң уулаган жер кадимки Кан-Теңириде тартылганы жөнүндө эскерелик, аскага кантип чыктыңар?

- Касиеттүү Кан-Теңирде профессионал альпинистер бир ай бизди оператордук топту коштоп жүрүшкөн. Өрөөндө күн ысык, тоонун чокусуна чыкканда суук. Андан дагы түтөк жүдөткөн. Бул кинону жылуу-жумшак отуруп көрүшкөндөр кино жыргал деп ойлошот. Кино тарткан кыйноо. Кино тартчу аппаратурабыз эле 80-100 киллограмм, анда пленкага тартчубуз,-деп эскерген Нуртай Борбиев.

Нуртай Борбиев.

"Кан-Теңирдин чокусуна чыкканда суусап, мөңгүдөгү музду сындырып катыратып жегенбиз, аба жетишпей айлабыз кеткен учурлар болду. Ошонун кесепетиби, суук тийип кийин кырктын кырына чыкканда тиштерим бошоп-бошоп түшүп калган", - деген тасмада жардамчы оператор болгон Бекболот Айдыралиев.

"Бизди көчкү алдында тирүү калган жок деп ойлошуптур”

Тасманын айрым эпизоддору Кан-Теңир чокусунда тартылган. Ал жерге Караколдон тик учак менен барышкан. Бороондон улам тик учак жетпей калып, тартуучу топ жана актёрлор тамак-ашсыз калышканын эскерип жүрүшөт.

Төлөмүш Океевдин “Ак илбирстин тукуму” (“Кожожаш”) кинотасмасын тартуу учуру.

“Кожожаш” кинотасмасына жети ай тартылдык. Тик учак менен алып чыгат. Бийик жерге көнүп алгандан кийин шаарга түшкөндө дем ала албай калат экенсиң. Төлөмүш Океев да, Нуртай Борбиев да, мен дагы дем алалбай калат элек ылдый түшкөндө. Көбүнчө Ак-Сай, Арпада, Босогодо, анан Селкинчек деген жайлоосунда тартылды. Касенди кууган жер Ак-Суунун ичи, анан аны жаа менен аткан жерим бар го тасмада, аялы менен баратканда, ошол Ат-Башыда тартылган. Тасмадагы ак илбирсти караколдук мергенчилер кармаган. Бул өтө чоң эмес, үч жаштагы илбирс болчу. Самойлов деген орус жигит бар болчу, илбирс менен иштегенди ошол үйрөтүп жүрдү. Көрсө, илбирстин куйругунан тартса, алдыны карай тырмышат экен. Ошентип куйругунан кармап капканга салабыз, алдың карай тырмышып турат. Мындай келсең, чап салат. Ысыкта жата берет экен да. Бирде Нуртай байке “ай, бул мышыктай эле турбайбы" деп, камераны жакын алып барып тартып жатканда чап салып ийген. Нуртай байкени камера сактап калган. Илбирс чап салганда камерага тийген экен, колунан ыргып кеткен. Бирок сынбаптыр. Башка кол салуу болгон эмес. Капканга өзүм эле салып жүрдүм", - деп эскерген “Азатыкка” курган маегинде Кожожаштын ролун жараткан Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, сүрөтчү Догдурбек Кыдыралиев.

Дагы караңыз Али Хамраев: Төлөмүш кино үчүн жаралган эле

Көркөм тасма Кожожаш менен Касен Мундузбайдын айылына баратып, кар көчкүдө калган жеринен тартылып баштаган. Кинону эмнеге ушул эпизоддон башташканын сураганда Төлөмүш Океев: "Ашыр менен Догдурбек каза болуп калса (ред. Кожожаш менен Касенди ойногон актерлор), башка актерлор менен кайра башынан тартуу керектигин ойлодум" деген экен тамаша-чынга салып. Бирок ошол эпизодду тартуу учурунда кайраттуу режиссердун кандайча көзүнө жаш алганын Догдурбек Кыдыралиев мындайча эскерген жайы бар:

"Тасмада көчкү жүргөн жери, баары реалдуу тартылган. Көчкүгө 34-36 кг жардыргыч зат менен альпинисттер түнкү саат үчтө кетти. Биз саат ондордо көчкүнүн алдына бардык. Түштөн кийин саат төрттөрдө жардырды. Ошого чейин биз карда турдук. Төлөмүш байкелер бир чакырым жерде, жакындатып тарткан оор камера менен турушту. Көчкү жүргөндө башында кичине эле келаткан, анан эле алып кетти. Биз алты-жети метр эле чуркадык. Көчкүнү эпкини, шамалы эле бизди кулатты. Анан көчкү басты. Күрүлдөп барып токтоду. Экөөбүз аркан менен бири-бирибизге байланган элек да. Анан бир кезде амансыңбы десем, Касен (ред. актер, Кыргыз эл артисти Ашыр Чокубаев) “аманмын” дейт. Туралы десем, “турба, эгер болбой калса, дагы башка жерден жардырышат. Ошондо өлөбүз, турба” деди. Турбай жаттык. Бир кезде чыдабай кеттим, тыптынч. Кардан башымды чыгарсам, камеранын жанында бир эле Төкөм (ред. Төлөмүш Океев) басып турат. Бир атайын үйрөтүлгөн итибиз бар болчу. Аны Москвадан алып келишкен, бизди сактап калсын деп. Биз дагы ага кам көрүп, багып жүрдүк да, аман-эсен сактап калсын көчкүдөн деп. Аны жөнөтүшсө, 10-15 метр чуркап барып отуруп алыптыр. Биздин тирүү экенибизди көрүп анан кыйкырышты. Төкөм өтө кайраттуу киши болчу. Биз кайтып келгенде, "бери бас" деди. Эмне болду, начар ойноп койдумбу дейм. Төкөм мени кучактап алып ыйлады. Мен да ыйладым, аман калдык деп. Көрсө, бизди тирүү калган жок деп ойлошуптур”.

“Кыргыз кереметин” жараткан таланттар

Кыргыз киносунун тарыхында 1960-1970-жылдарды өзгөчө бөлүп карап, ошол маалда тартылган көркөм тасалар “Кыргыз керемети” деген бийик атка татыган. Сынчылар, көрөрмандар мындай аталышты Төлөмүш Океев, Мелис Убукеев, Болот Шамшиев, Геннадий Базаров баштаган көрүнүктүү кинорежиссерлордун ысымы менен байланыштырат.

“Бакайдын жайыты” (Төлөмүш Океев), “Ак кеме”, “Караш-караш окуясы”(Болот Шамшиев), “Ак Мөөр”, “Тайгак кечүү” (Мелис Убукеев) “Саманчынын жолу”, “Буктурма” (Геннадий Базаров) жана башка бир топ тасмалар убагында көрүүчүлөрдүн мыкты баасына арзыган.

“Кыргыз кереметинин” доорунда Капар Медетбеков, Алиман Жангорозова, Советбек Жумадылов, Сабира Күмүшалиева, Орозбек Кутманалиев, Бакен Кыдыкеева, Сүймөнкул Чокморов, Таттыбүбү Турсунбаева, Жамал Сейдакматова, Гүлсара Ажибекова, Назира Мамбетова, Айтурган Темирова баштаган бир нече актер, актрисалардын жылдызы жанган.

60-70-жылдары кыргыз киносу Советтер Союзунда жана эл аралык сынактарда алдыңкы орундарды багындыра баштаган. Бул жетишкендиктерге салым кошкондордун бири, Кыргыз эл артисти Нуртай Борбиев “Азатыкка” курган маегинде мынтип айтканы бар:

“Кыргыз керемети жөн жерден эле жаралып калган жок. Ошол убакта киного таланттуу адамдар келди. Ойлоп көрсөм, кыргыз эли чыгармачылыкка, ойчулдукка өтө жакын турбайбызбы. Андан улам Төлөмүш Океев, Чыңгыз Айтматов, Мелис Убукеев, Болот Шамшиев, Бакен Кыдыкеева, Советбек Жумадылов, Жамал Сейдакматова сыяктуу таланттуу инсандар бекеринен чыккан жок да”.

Нуртай Борбиев - Кыргызстанда улуттук кинонун түптөлүшү менен өнүгүшүнө чоң салым кошкон ишмерлердин бири. Ал "Ак илбирстин тукуму", "Сүйүү закымдары", "Маңкурт", "Кошой таш" сыяктуу көркөм жана даректүү фильмдерди тартып, "Саманчынын жолу", "Көчө" тасмаларында роль аткарган.

Кыргыз эл артисти, кино оператор Нуртай Борбиев 2019-жылы 82 жашында дүйнө салган.