Депутаттыкка аттанган өзбек аялдары

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Сузак айыл аймагында 47 миңге чукул калк жашаса, алардын 81 пайызын өзбек тегиндегилер түзөт. Буга чейин айылдык кенеште бир гана аял депутат болгон. Быйыл 11-апрелде айылдык кеңешке 31 депутаттын 12 квотасы аялдарга берилген. Учурда 30дан ашуун аял кеңештин депутаты болууга ат салышууда. Талапкерлердин басымдуу бөлүгү өзбек тектүү аялдар. Мындай кадам өзбек коомунда аялдардын алгачкы жолу айылдык кеңешке жапырт аттанган учуру болуп калды. Үйдө бала карап, талаада кетмен көтөргөн кыз-келиндердин укугун коргоп, билимге умтулган жаштарга стимул болгон аялдар тууралуу видеодон көрө аласыз.