Археология: Кочкордо Карахандар дооруна таандык жер астындагы күмбөз табылды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кочкор районунун Кум-Дөбө айылындагы археологиялык казуулардын натыйжасында жер астындагы күмбөз табылды. Ал 2 бөлмөдөн турат. Аны археологдор 11-кылымга таандык деп божомолдоодо. Бул күмбөз Махмуд Кашгаринин дүйнө картасында көрсөтүлгөн Кочкор-Башы шаарынын бегиники да болушу ыктымал дешет.