11-февралда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун коррупцияга байланыштуу иши боюнча сот отуруму өттү.
Матраимов сотто көрсөтмө берип жатып күнөөнү моюнуна аларын айтты.
Айыпталуучу тергөө менен кызматташууга макул болгондуктан териштирүү жүргүзүлбөстөн дароо жарыш сөз башталары айтылды.
Прокуратуранын өкүлү Матраимов мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толугу бойдон толтурганын, ага 260 миң сом өлчөмүндө айып төлөтүү түрүндө жаза чегерүүнү өтүндү.
Бишкектин Биринчи май райондук соту аны канааттандырды.
Мындан тышкары, соттун өкүмү күчүнө киргенден кийин анын өлкөдөн чыкпоо тууралуу бөгөт чарасы күчүн жоготору айтылды.
Ошону менен катар Матраимовдун мүлкү жана банк эсептери камактан чыгарылмай болду.
Матраимовго чыккан мындай өкүм коомчулукта түрдүү пикирге жем таштады.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев соттун чагылгандай чечим чыгарышы кыргыз тарыхында биринчи жолу болуп атканын белгиледи. Ал иш муну менен бүтпөшү керек деген пикирде:
«Бул иш менен бүтпөшү керек. "Ысмайыл ата" фондуна 100 млн. сом түшкөн. Түркиядан, Кытайдан акча түшкөн. Аны жакшы киши болгону үчүн берген жок да. Демек, дагы коррупция бар. Бир кызмат кылышкан. Бул экинчи иш болушу керек. Үчүнчү факт шайлоо иши. Көп журналисттер, блогерлер "Мекеним Кыргызстан" партиясына иштеген. Акчаны кайдан алды? Ушуларды иликтеш керек. Матраимовго бүгүнкү чыккан чечим Кыргызстандын аброюна доо кетирет. Эл аралык коомчулук биздин мыйзамдарды түшүнбөйт да. 200 млн. доллар уурдаган киши кантип 250 миң сом төлөйт деген суроо жаралат аларда. Экинчиден, кыргыз бийлиги эл аралык издөөгө алынган кылмышкер, коррупционерлер менен иштешет турбайбы деген ой калыптанат».
Дагы караңыз
Матраимов күнөөсүн моюнуна алды, жазасы - 260 миң сомУлуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2020-жылдын 17-октябрында Мамлекеттик бажы кызматындагы коррупция боюнча кылмыш ишин козгоп, анын алкагында 20-октябрда Райымбек Матраимовду кармаган.
Ошол эле күнү мекеме кылмышка шектүүнү үй камагына чыгарып, муну мамлекетке келтирилген 2 миллиард сом чыгымды төлөп берүү жөнүндө убадасы менен негиздеген. Кийинчерээк Матраимов белгиленген сумманы төлөп бүткөнү жарыяланган.
АКШнын Финансы министрлиги былтыр декабрда Райымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан (Аманда) Тургунованы «Магнитский акты» деп аталган «кара тизмеге» киргизген.
«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдө бажыдагы коррупцияга Матраимовдун тиешеси бар экенин таап чыгышкан.
«Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» (21.11.2019-ж.)
Көмүскө акча ташыгандар кербени (04.12.2019-ж.)
Бул иликтөөлөрдү Райымбек, Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк Ысмайыл Матраимов атындагы фонд каралоо деп эсептеп, сотко кайрылышкан.
Дагы караңыз
Көмүскө акча ташыгандар кербениБажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалооМатраимовдун бажы империясыМатраимовдун падышалыгыМатраимовдун сотунан кийинки социалдык медиадагы реакциялар
Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Өмүрбек Суваналиев Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго байланыштуу өкүмү тууралуу пикирин айтты.
Суваналиев Жазык кодексинин "Коррупция" деген 319-беренесинен тышкары Матраимовго дагы башка айыптоолор боюнча соттук иш болушу керек эле деген ойдо: "Мыйзамсыз баюу деген сыяктуу беренелер менен айыпталышы керек эле. Тергөө өтө тар чөйрөдө болуп калды. Соттук териштирүүлөр тууралуу маалымат деле чыккан жок. Ачык сот болбоду. Сот ачык өтүшү керек эле. Анан ушундай тездикте болуп калганына баарыбыз эле таң калып жатабыз. Негизи Жазык кодекси боюнча кимде ким тергөө менен кызматташтыкка барса ошолорго айып пул салынат. Бул Азис Батукаевдин ишиндей эле, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден башкалары тергөө менен кызматташтыкка барып, 260 миң сомдон айып пул төлөп бошонуп кетишпедиби. Мында деле ошол ыкма колдонулду".
11-февралдагы соттун өкүмүнөн кийин Райымбек Матраимовдун өзүнөн жана анын жактоочуларынан пикир алууга мүмкүнчүлүк болбоду. Буга чейин Райымбек Матраимовдун агасы, парламент депутаты Искендер Матраимов инисине карата айтылган дооматтарды бир нече жолу четке каккан. 2020-жылдын сентябрь айында Искендер Матраимов инисин бажы тармагындагы коррупцияга айыптагандарды курулай каралоо катары баалаган болчу:
“Райымбек Матраимов үч жылдан бери мамлекеттик кызматта иштебейт. Жумуштан туура эмес алынганын соттон тастыктап, бирок кызматка кайтып келген эмес. Бардык нерсени жабыштыра берген туурабы? Кудайды караш керек».
Ал эми саясат талдоочу Руслан Акматбек Матраимовдун иши менен бүтүндөй 6 млн эл барымтада калдык, деген пикирин ачыктады:
"Чынын айтсам, баарыбыз аны жазаланат деп деле күткөн эмеспиз. Анткени, акыркы саясий окуялар ошол өңүттө эле өнүгүп жатат. Бул, тилекке каршы, Кыргызстанда эч нерсе өзгөрбөйт дегендин белгиси. Коррупция менен күрөш – бир гана бийликке каршы чыккандар менен күрөш дегендик болуп баратат. Бул - биринчи критерий. Экинчи критерий – жанагы кызматтарды бөлүштүрүү же болбосо алмаштыруу үчүн жүрүүдө. Үчүнчү критерий - материалдык кызыкчылык үчүн күрөш. Мурункудай эле тоок уурдагандар, майда-чүйдө кылмыш кылгандар камалып жатат. Кыргызстанда, тилекке каршы, бардык мамлекеттик органдар менчиктештирилип кеткенинин бир көрсөткүчү.
Матраимовдун иши боюнча Казакстан, Орусия, АКШ менен түшүнбөстүк мамилелер бар болчу да. Бизге алардын бир канча жолу ушул тармакты тартипке салгыла, деген таризде эске салуусу болгон да. Бирок, менимче, эми биз ал маселелерди эл аралык деңгээлде татаалдаштырып алдык. 6 миллион калк бийликтеги жетекчилердин, сот, аткаруу бийлигинин, мыйзам чыгаруунун башында отургандардын, коррупционерлердин барымтасында калдык окшойт, бүтүндөй өлкө, бүтүндөй эл барымтада калдык".
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Матраимовдун мындай жеңил жаза алышына Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзам дагы жол ачты деген пикирин айтты:
"Эми (маселе) бир эле Матраимовдо эмес. Жакында Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровдун демилгесин колдоп, экономикалык мунапыс боюнча мыйзам кабыл алынган. Ошондон кийин Кыргызстанда ар кандай чуулуу окуяларга, коррупцияга катыштыгы барлардын дээрлик баары акталып кетүү мүмкүнчүлүгүнө жол ачылды. Азыркы парламент Матраимовдун соттон утушуна, ал камакка алынбашына толук жол ачып берген. Премьер-министр убагында Садыр Жапаровдун өзү экономикалык мунапыс жарыялаган. Кийин аны депутаттар экинчи, үчүнчү окууда тез кабыл алып беришти. Бирок, биз колдогон эмеспиз, саналуу гана депутаттар колдогон эмеспиз. Бирок, кабыл алып бергенде биз таң калганбыз да, эмне мынча шашып жатасыңар, деп. Ошол экономикалык мунапыс мыйзамы Матраимовдордун жазадан кутулушуна толук жол ачып койду. Ал жерде “салык төкпөгөн, убагында каражат төкпөй кымырып калган адамдар каражат төксө камакка алынбайт,”-деп жазылып турат. Мыйзам менен бул жерде өкмөт, президент, Жогорку Кеңеш биригип Матраимовго жана Матраимовго окшогон адамдардын камактан кутулуусуна жол ачтык. Мына ошондой системдүү кадам менен келатат. Бул эми бир эле Матраимов эмес, бүт жанагындай коррупцияга шектелген, чуулгандуу иштер боюнча ызы-чуу болуп жаткан коомчулуктагы адамдарды көрөсүңөр, жума сайын бирден соттон акталат. Бул маселеде азыркы өлкө жетекчилиги, экономикалык амнистия деп улам-улам айтып жаткан адамдар жоопкерчиликти өздөрүнө толук алышы керек".