Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаирбек Ташиев, ошентип, учурда Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайында отурганы белгилүү болду. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) экс-төрагасы Камчыбек Ташиевдин иниси 1-апрелде жемкорлук тууралуу берененин негизинде кармалган, бөгөт чарасын караган райондук сот аны Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Бишкектеги №21 мекемесинде (СИЗО-1) кармалат деген чечим чыгарган.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз катчысы Султан Макилов 24-июлда "Азаттыкка" Ташиевдин иши боюнча тергөө амалдары уланып жатканын айтты:
Султан Макилов
“Убактылуу кармоочу жайда тергөө амалдары жүрүп жатат. Тергөөнү ИВСтен жүргүзсө болот. Тергелип бүткөндөн кийин СИЗО-1ге жөнөтүлөт”.
Шаирбек Ташиевге “Кыргызнефтегаз” ишканасынын айланасындагы иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлган. Ички иштер министрлигинин бул ишке байланыштуу чыгарган видеосунда “Кыргызнефтегаз” ишканасындагы коррупциялык схемалардан улам мамлекет 4,1 миллиард сом зыян тартканы, буга экс-депутаттын тиешеси бар экени айтылган. Ташиев айыптоолорду четке кагып келет.
Мурдагы депутаттын адвокаты Жыргалбек Бабаевдин айтымында, айыптоодо көрсөтүлгөн сумма боюнча тактоо иштери аяктай элек:
Жыргалбек Бабаев
“Мен ал жагына жооп бербейм. Мен кагаз иштерин билем жана сотко катышам. Иште өтө эле көп сумманы көрсөтүп койгон. Жалпы 48 компания бар экен. Анын баары эле аныкы эмес да. Сумма боюнча такташып жатабыз. Иштин алкагында экспертизалар дайындалган. Алардын корутундулары чыгып, комиссиялык экспертиза деген процесстер болуп, убакыт созулуп жатат. Ошолордун жыйынтыгын күтүп жатабыз”.
Ташиев СИЗО-1ге жөнөтүлбөй дагы деле милициянын убактылуу кармоочу жайында отурганы жөнүндө маалымат буга чейин эле тараган. Бирок расмий органдар аны ырастаган да, төгүндөгөн да эмес.
14-июлда “Социал-демократтар” партиясынын лидери, азыркы тапта СИЗО-1де кармалып турган Темирлан Султанбеков сот залында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып:
Темирлан Султанбеков
“Ташиевдин иниси СИЗОдо деп айтылып жатат. Ал ал жакта эмес, ИВСте жатат. Чачын алган жок. Жыргап жатат. Телефон колдонуп атат”, - деген.
Ташиевдин милициянын убактылуу кармоочу жайында үч айдан бери отурганы коомчулукта талкуу жаратты. Айрымдар соттун чечимине карабай анын тергөө абагында эмес, ошол жайда кармалып жатышын тандалма мамиле катары баалап жатышат.
Активист, "Кемпир-Абад" ишине байланыштуу камалып чыккан Эрлан Бекчоро, мисалы, тергөө абагы менен убактылуу кармоочу жайдын айырмасы бар экенине көңүл бурат:
Эрлан Бекчоро
“ИВСте көп мүмкүнчүлүктөр каралган. Мисалы, ал жакта жакындарың менен жолугушууга шарт көбүрөөк. Муздаткыч, телевизорду, жада калса жакындардан келген тамак-ашты киргизүүгө эркиндик көп. СИЗОдо убактылуу мөөнөт берилет, талаптар көп. Мындай мүмкүнчүлүк Шаирбек Ташиевге эмнеге берилип жатышы мүмкүн? Жаза аткаруу кызматынын башчысы Чыңгыз Кожошев Ташиевдер менен аябай жакын болгондуктан ИИМ саясий кызыкчылыктарды эске алуу менен аны милициянын убактылуу кармоочу жайында кармап турушу мүмкүн”.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Ташиевдин кайрылуусу, "кемпирабадчылардын" жообу
Жаза аткаруу кызматынын жетекчилигинин жана ИИМдин дарегине айтылган мындай жоромолго комментарий алуу үчүн "Азаттык" бул мекемелердин өкүлдөрү менен байланышууга аракет кылды, бирок натыйжа болгон жок.
Экс-депутат өзү же анын жактоочусу, жакындары да тандалма мамиле тууралуу сын-дооматтарга азырынча комментарий бере элек.
Ошол эле учурда бул маселени экс-депутаттын жеке коопсуздугу менен байланыштыргандар бар.
Туратбек Мадылбеков
“Тергөө абагында ага коркунуч болушу да мүмкүн. Анткени ал Камчыбек Ташиевдин иниси жана анын агасы криминалдын башчысын жок кылдырган. Мындан улам өч алуу деген ал жерде отургандардын айрымдарынын оюнда болушу мүмкүн. Ага эч ким кепилдик бере албайт. СИЗОнун ичинде канчалаган адамдар сабалды. Керек болсо айрым саясатчылар да мындайга туш болду", - деген пикири менен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Туратбек Мадылбеков бөлүштү.
Шаирбек Ташиевге Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлуп, 1-апрелде кармалган. Ага чейин ал күбө катары сурак берип жаткан.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 2-апрелде саясатчынын бөгөт чарасын карап, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесине (СИЗО-1) 16-майга чейин камаган. Экс-депутаттын камактагы мөөнөтү кийин 16-июлга чейин узартылып, үчүнчү ирет 16-сентябрга чейин тергөө абагында калтырылган.
Бир нече жыл өлкөдө таасирдүү саясий фигура болуп келген, акыры кызматынан да алынып, кылмыш жоопкерчилигине да тартылган саясатчы Камчыбек Ташиевдин жакын адамына байланыштуу учурда жүрүп жаткан талкуудан улам серепчи Руслан Акматбек Кыргызстандагы "кол тийбестер кастасы" тууралуу маселе көтөрдү:
Руслан Акматбек
“Камчыбек Ташиев оор кылмыш менен соттолуп, пробацияга кетсе деле анын инисине болгон өзгөчө мамиле, өзүнүн "президент болбойм" деп жар салганы анын дагы эле саясий ресурсу, электораты бар оюнчу экенин көрсөтөт. Буга чейин президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков жарыялаган тизмеге да алгач кирип, кийин ал жерден өчүрүлгөнү деле азыркы бийлик менен Ташиевдин ортосундагы тандем дейбизби же кызматташуубу, айтор, кандайдыр бир форматта уланып жатканын көрсөтөт. Бирдей берене менен соттолгон кишилерге башка, саясий электораты барларга, тандемде болгондорго өзгөчө мамиле болуп жатканы Кыргызстанда дагы эле "кол тийбестердин кастасы" уланып келатканынын далили”.
Жогорку Кеңештин 7-8-чакырылыштарынын депутаты, 49 жаштагы Шаирбек Ташиев агасы атайын кызматтын төрагалыгынан кеткенден көп өтпөй депутаттык мандатын тапшырган. “Кыргызнефтегаз” компаниясындагы коррупция боюнча иште алгач күбө катары суралып жүрүп, кийин шектүү болуп кармалган.
Дагы караңыз
Ташиевдердин айланасындагы жагдай, түкшүмөл ойлорКамчыбек Ташиев 2020-жылы Октябрь окуяларынан соң УКМКнын төрагасы болуп, өлкөдөгү эң таасирдүү адамдардын бирине айланган. Ал “75чилердин” каты боюнча иште сегиз шектүүнүн бири болгон. 2-июлда Биринчи май райондук соту аны жана башка айыпталуучуларды “бийликти күч менен басып алуу” беренеси боюнча төрт жылга кесип, бирок үч жылдык пробациянын негизинде эркиндикте калтырган.
Камчыбек Ташиев 2027-жылдагы президенттик шайлоого катышпай турганын, бул өнөктүктө президент Жапаровдун талапкерлигин колдоорун 16-июлда жарыя кылды. Анын жактоочусу Биринчи май райондук сотунун Ташиевди күнөөлүү деп тапкан чечимине каршы кийинки инстанцияга даттанууга арыз даярдап жатканын билдирген.