27-сентябрда Жогорку Кеңеште добуш берүүдө алты министрликке талапкерлер жетиштүү добуш албай калышты. Алардын катарында март ыңкылабынын лидерлеринин бири Роза Отунбаева да бар. Ал эми президент бул орундарга жаңы талапкерлерди көрсөтүүгө камданууда.
Жаңы өкмөттүн мүчөлөрүнүн тизмеси 26-сентябрда парламенттин кароосуна берилди. Жогорку Кеңештин комитеттери талапкерлер боюнча талкууну баштады. Ал эми төрага Өмүрбек Текебаев 27-сентябрда министрлерди дайындоого макулдук берүүгө киришүүгө депутаттарды чакырды.
Президент Курманбек Бакиев 23-сентябрда өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууда Конституциялык кеңешме ишин баштаарын билдирди. Кеңешме ишин кандай шартта баштайт, мурунку долбоордун тагдыры жана бийлик бутактарынын ыйгарым-укуктары кандай бөлүштүрүлүш керек?
Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаевдин 21-сентябрда кечинде атып өлтүрүлүшү менен удаалаш анын акыркы каты “Газета.kg» интернет гезитине жарыяланды. Кат 19-сентябрда жазылган деп белгиленген. Анда бир катар сенсациялуу билдирүүлөр ачыкталган. Бирок катты Баяман Эркинбаев жазган эмес дегендер да арбын.
21-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин жыйыны болуп, анда өкмөттүн структурасы каралды. Жыйында депутаттар маселени Жогорку Кенештин кароосуна алып чыгуу чечимине келишти.
20-сентябрда Бишкекке Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов жумуш сапар менен келет. Ал Кыргызстандын коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков менен сүйлөшүү өткөрүп, президент Курманбек Бакиев менен бирге Кант аба майданында болоору белгиленүүдө.
Кыргызстанда нааразылык чаралары кайрадан башталып, өкмөттү түзүү создугуп жатат. Бул арада кышка даярдыктын начардыгы, энергетика тармагындагы кризистин, төлөбөстүктөрдүн ого бетер күчөй баштагандыгы белгиленүүдө. Аткаруу бийлиги менен парламент болсо «Өкмөт жөнүндөгү» мыйзамдар боюнча бир пикирге келүүдөн алыс. Булардын баары өлкө кайрадан кризис кучагына кирбейби деген суроону пайда кылууда.
Кыргыз бийлиги Румынияга чыгарылган 439 өзбек бозгунун артынан калган 15 өзбек атуулунун дагы он бирин да үчүнчү өлкөгө чыгаруу чечимине келген сыяктанат. Ал эми калган төртөөнүн тагдыры сот аркылуу чечилээри айтылууда.
Жогорку Кеңештин депутаты Айдар Акаевди кылмыш жообуна тартууга макулдук берүү боюнча депутаттык комиссия 12-сентябрда жыйналыш өткөрүп, анын соңунда Айдар Акаевди кылмыш жообуна тартууга негиз бар деген жыйынтыкка келди. Эми маселени комиссия жакынкы күндөрдө парламенттин кароосуна сунуштайт.
Кыргыз өкмөтүндө премьер-министр менен вице-премьер-министрлер ортосунда карама-каршылыктар орун алууда. Бул тирешүүлөр ыңкылап шартында келген өкмөттүн күнүн кыскартып, ишин үзгүлтүккө учуратпайбы?
8-сентябрда Жогорку Кеңешке өкмөттүн жаңы структурасы жөнүндөгү мыйзам долбоору жиберилди. Парламенттин Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитети жума күнү долбоорду талкууга ала баштады. Жаңы структурада кандай өзгөчөлүктөр бар?
7-сентябрда премьер-министр Феликс Куловдун төрагалыгы астында өкмөттүн жыйыны болуп, анда 2006-жылга бюджет долбоору талкууланды. Анын жүрүшүндө бул долбоорго карата бир катар сын-пикирлер айтылды.
6-сентябрда Жогорку Кеңеш «Өкмөт жөнүндөгү» мыйзамды талкууну улантууга аракет жасады. Бирок кворум жоктугуна байланыштуу маселени кароону бейшемби күнгө калтырды.
5-сентябрда президент Курманбек Бакиевдин Москвага сапары соңуна чыкты. 4-сентябрда башталган сапар учурунда Бакиев орус президенти Владимир Путин баш болгон бир катар жетекчилер менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууларды өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
2-сентябрда Жогорку Кеңеш депутат Айдар Акаевды кылмыш жообуна тартууга макулдук берүү маселесин карап, аны чечүү максатында депутаттык комиссия түздү. Эми комиссия 15 күндүн ичинде Башкы прокуратуранын материалдарын иликтеп, Жогорку Кеңешке өз сунушун алып чыгууга тийиш.
Кыргызстандын тышкы карызы 2 миллиард долларга жакындап, мамлекеттин өнүгүүсүнө олуттуу терс таасир тийгизип келатканы белгилүү. Учурда Париж клубунун алкагында карыздарды реструктризациялоо жана жоюу аракеттери жүрүп жатат. Кыргызстандын ар бир киши башына 400 доллардан туура келген бул карызы качан, кантип пайда болду?
Сентябрь айынын башына президент Курманбек Бакиевдин Москвага жумуш сапары даярдалууда. Анда эң биринчиден экономикалык маселелер каралаары болжолдонуп жатат.
14-августта Бишкекте Курманбек Бакиевдин президенттик кызматка киришүү аземи болот. Ага алыскы жана жакынкы өлкөлөрдөн расмий делегациялар, кыргыз коомчулугунун калың катмары катышат. Ант берүү аземи кандай өтөт? Ага сарпталган акча көп эмеспи?
Өлкөнүн статистикалык кызматынын маалыматы боюнча, 2005-жылдын жарым жылдыгында орточо айлык акынын өлчөмү 2250 сомдун тегерегинде болду. Ал эми минималдык айлык акы 100 сом, эң төмөнкү пенсия өлчөмү 180 сом, мугалимдердин орточо айлыгы 800-900 сом болууда. Өлкөнүн жетекчилери, депутаттарынын маянасы канча болду экен?
Жаңы бийлик коррупцияга каршы күрөш жана Атамекендик өндүрүштү өнүктүрүүгө артыкчылык берерин жарыялаган. Ал эми тышкы саясатта коңшуларга жакын болуу саясаты жүргүзүлөрү айтылган. Бирок 24-марттан бери бийлик бир катар катачылыктарга жол берип, сынга тушугууда.
Дагы жүктөңүз