Кыш-күз айлары жакындаган сайын калкты отун-суу менен камсыздоо маселеси күчөйт. Быйылкы жылы жергиликтүү көмүр кендеринен Бишкек ТЭЦине 120 миң тонна көмүр ташып келүү пландаштырылган. Бирок азырга чейин ага тийиштүү каражат бөлүнө элек.
Учурда Кыргызстанда элүүнүн тегерегинде саясий партия бар. Алар биригүүгө буга чейин да аракет жасашкан. Бирок партиялык тизме боюнча шайлоо тартибин киргизүү тууралуу билдирүүлөр бул жараяндын кайрадан жанданышын шарттап жатат.
Өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 29-июлга караган түнү 440 өзбек качкыны Кыргызстандан чыгарылып кетти. Ал эми Оштогу СИЗОдо дагы 15 бозгун кармалып турат. Алардын тагдыры эми кандай чечилет? Темага Айданбек Акмат уулу кайрылат.
Кыргызстандын өкмөтүнүн жаңы структурасы 4-августка чейин түзүлүп бүтүүгө тийиш. Учурда анын бир нече варианты түзүлгөндүгү айкын болууда. Жаңы структура кандай болууга тийиш?
25-июлда кечке жуук Кыргызстанга АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелд келди. Ал 26-июлда өкмөт үйүндө президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев, коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
22-июлда Башкы прокуратуранын коллегиясы болуп, анда прокуратуранан “Мыйзамдуулук аркылуу - туруктуулук жана тартипке” деп аталган жүз күндүк программасынын аткарылышы талкууланды. Башкы прокурор Азимбек Бекназаров прокуратура кызматынын ишин кескин сынга алып, коррупцияга каршы күрөштү, адам укуктарын сактоого аракетти күчөтүү милдетин койду.
Ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаардык милициясынын башчысы Өмүрбек Суваналиевдин кызматтан кеткендиги 19-июлда айкын болду. Элдик ыңкылаптан кийин борбор милициясын жетектөөгө келген генерал-майордун иштен кетүүсүнө эмне себеп болду?
Мындан жети жыл илгери Кыргызстандан качып кеткен Шалхар Жайсаңбаев кайра келип, 18-июлда маалымат жыйынын өткөрдү. Жайсаңбаевге 18,5 миллион долларды уурдап кеткен деген айып коюлган. Бирок ал өзү андай айыпты четке кагууда.
5-июлда Шанхай кызматташуу уюмуна кирген мамлекеттердин жетекчилеринин Астанадагы саммитинде АКШнын Борбор Азия регионундагы базаларын чыгаруунун мөөнөтүн аныктоо маселеси көтөрүлгөн эле. АКШнын аскердик генералы Ричард Майерс бул маселеде региондогу чакан мамлекеттерге эки чоң мамлекет: Орусия менен Кытай басым көрсөтүп жатат билдирди.
14-июлда президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев президенттик шайлоодон кийин алгачкы ирет өкмөттүн кеңешмесин өткөрдү. Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов баш болгон бир катар вице-премьер-министрлер, министрлер катышкан жыйында кышка даярдык жана эгин жыйноо маселеси талкууланды.
Башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун кепилдиги менен Кыргызстанга келген “Рентон групп” фирмасынын кожоюуну Эдуард Пак амантчылар менен жакынкы күндөрү жолугушууну пландаштырууда. Мурунку бийлик тушунда Эдуард Пактын үстүнөн кылмыш иши козголуп, аманатчыларды 197 миллион сомго алдап кеткен деп айыпталып жаткан.
13-июлда Улуттук банк ачык эшик күнүн өткөрүп, өзүнүн иши тууралуу маалымат берди. Анын соңунда банктын төрагасы Улан Сарбанов маалымат жыйынын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.
10-июлдагы президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен Курманбек Бакиев дүйшөмбү күнү маалымат жыйынын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Бакиевдин айтымында, алгачкылардан болуп аны жеңиши менен Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев куттуктады.
7-июлда Башкы прокурор Азимбек Бекназаров маалымат жыйынын өткөрүп, өзбек качкындары, мунапыс жана коррупциялык иштерди тергөөнүн жүрүшү жөнүндө маалымат берди. Ал ошондой эле Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрүнө Аскар Акаев Москвада көрсөтмө берүүдөн баш тартканын ачыктады.
5-июнда Казакстандын борбору Астана шаарында Шанхай кызматташуу уюмуна кирген өлкөлөрдүн мамлекет жетекчилеринин саммити болду. Кыргызстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева саммиттин жыйынтыгы боюнча 6-июлда маалымат жыйынын өткөрүп, АКШ баш болгон антитеррордук коалициянын аскерлерин Шанхай кызматташуу уюмуна кирген айрым өлкөлөрдүн аймагынан чыгаруу маселеси уюмдун бардык мүчөлөрү тарабынан сунушталганын билдирди.
5-июлда Астана шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын жолугушуусу башталды. Ага Кыргызстандан президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев катышууда.
Кыргызстандын белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмери маркум Абсамат Масалиевге «Кыргыз Республикасынын баатыры» наамын берүү туралуу жардыкка 25-июнда кол коюлган. Жардык 1-июлда маалымат каражаттарында жарыяланды.
30-июнда Жогорку Кеңеш сессиясын аяктап, депутаттар каникулга тарап кетти. Конституцияга ылайык эми парламент 1-сентябрда күзгү сессияга чогулат. Жайкы сессиянын акыркы күнүндө депутаттар бир катар мыйзам долбоорлорун кабыл алып, табийгат кырсыгынан жабыркаган атуулдарга жардам көрсөтүү боюнча каржы министринин милдетин аткаруучунун сөзүн укту.
27-июнда жаңы Салык кодексин иштеп чыгуу боюнча өкмөттүк комиссиянын алгачкы жыйыны болду. Анда маалым болгондой, жаңы кодекстин долбоору 1-сентябрда Жогорку Кеңештин кароосуна коюлуп, 2006-жылдан баштап өлкө мына ошол кодекс менен жашай башташ керек.
Анжиян окуясынан кийин Кыргызстанга качып келген өзбек атуулдарынын тагдыры боюнча эл аралык деңгээлде талкуу жүрүүдө. Бул маселе боюнча Кыргызстанга Бириккен Улуттар уюмунун Баш катчысы Кофи Аннан, Европа Биримдигинин Жогорку комиссары Хавьер Солана билдирүү жасап, качкындар маселесин эл аралык конвенцияларга ылайык чечүүнү эскертүүдө. Бирок өлкөнүн Башкы прокурору Азимбек Бекназаров кылмышкерлер коңшу мамлекетке өткөрүлүп бериш керек деген пикирде.
Дагы жүктөңүз