23-июнда Жогорку Кеңеш өлкөдөгү саясий-экономикалык кырдаалды талкууну улантты. Ага вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов баш болгон өкмөт мүчөлөрү, Башкы прокурор Азимбек Бекназаров катышты. Бекназаров жыйында мурунку президент Акаевдин уулу, Жогорку Кеңештин депутаты Айдар Акаевди кылмыш жообуна тартууга уруксат берүүнү парламенттен сурады.
Өлкөнүн Башкы прокуратурасы мурунку президент Аскар Акаевден көрсөтмө алуу үчүн Москвага барды. Бирок Акаев өз адвокаты Максим Максимович аркылуу билдирүү жасап, прокуратура менен кызматташуудан баш тартканын, буга вице-премьер-министр Данияр Үсөновдун “17-июндагы окуяны Акаевдин үйбүлөсү уюштурду” деп билдирүүлөрү себеп болгонун жарыялады.
16-июнда Жогорку Кеңеш Каракече көмүр кениндеги кырдаалды талкуулады. Ал боюнча биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов баш болгон күч структураларынын жетекчилери маалымат берди. Депутаттар Каракече, Карасуу базарындагы кырдаалды жана жалпы эле эле өлкөдөгү абалды 21-июнда талкуулоону улантуу тууралуу чечимге келди.
Мурунку президент Аскар Акаевге, анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына таандык мүлктү аныктоо жана сактоо боюнча мамлекеттик комиссия ишин аяктады. Комиссиянын төрагасы Данияр Үсөнов жасалган иш боюнча 13-июнда өкмөттүн жыйынында маалымат берди. Эми топтолгон материалдар өкмөт токтому менен тартип коргоо органдарына өткөрүлүп берилмек болду.
Кыргызстан элдик кыймылына кирген бир катар партиялар Курманбек Бакиев менен Феликс Кулов 12-майда кол койгон меморандумга карата терс пикирлерин айтып чыкты. Анда меморандумдун Конституцияга каршы келээри белгиленген. Мындай карама-каршылык эки лидер жетишкен ынтымакка доо кетирбейби?
Бүгүн чак түштө (саат 12:10до) Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Сурабалдиевди Бишкектин Пушкин көчөсүндө белгисиз бирөөлөр атып кетти. Депутатка эки ок тийген. Бирөөсү - башына, экинчиси - жүрөгүнө тийген. Депутат дароо жан берген. Депутаттын алты ок тийип оор жаракат алган айдоочусу ооруканага жеткирилди.
9-июнда Бишкекте «Кыргызстан инвесторлорду чакырат» аттуу инвестициялык форум соңуна чыкты. Ага бир катар өлкөлөрдөн ишкерлер катышып, Кыргызстандын инвестициялык потенциалы, экономикалык абалы менен таанышты. Ишкерлер менен кыргыз бийлиги жогорку деңгээлде жолугушууларды өткөрдү.
Конституциялык кеңешме жумушчу топ иштеп чыккан “Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү боюнча» мыйзам долбоорун талкуулай баштады. Анда бийлик бутактарынын ыйгарым-укуктары боюнча талаш-тартыштар жүрүүдө. Конституцияга элдик курултайды киргизүү талабы менен жыйырмадан ашуун атуул кеңешме өтүп жаткан «Хаят» мейманканасынын алдына пикетке чыкты.
Кыргызстанда Жогорку соттун кризиси уланууда. 2-июнда бул чатакты жөнгөрүү боюнча комиссия өз бүтүмүн чыгара алган жок. Ал эми жеңилип калган талапкерлердин тарапкерлери комиссиянын чечимин күтүшүүдө. Алар 1-июндагы чабуулдан кийин Жогорку соттун имаратынын алдына кайра чогулуп, бирок имараттын ичинде эмес, алдында турушууда.
1-июнда Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров маалымат жыйынын өткөрүп, коррупциялык иштерди иликтөөнүн жүрүшү жөнүндө маалымат берди. Анын айтымында, Башкы прокуратура Акаев баш болгон кыргыз чиновниктеринин акчасын чет өлкөлөрдө издөөгө аракет жасап, Акаевдин өзүнө бир нече суроо менен кайрылууга даярдык көрүп жатат.
Акыркы кезде кыргыз коомчулугунда Ош шаарына Орусиянын аскердик базасын жайгашытруу маселеси талкуулана баштады. Анжиян окуяларынан кийин орус парламентарийлеринин кыргыз жетекчилиги менен Бишкектеги жолугушуусунда да бул маселе көтөрүлдү. Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев “Коммерсант” гезитине берген интервьюсунда зарылчылык келип чыкса андай база курулаарын белгилеген.
Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов жетектеген мамлекеттик комиссия коррупциялык иштердин бетин ачуу үстүндө иштеп жатат. Бирок ага каршы чыккан тараптар да болууда. Маселен, Бишкектеги Эл аралык ишкерлер кеңеши, Дүйнөлүк Банктын Борбор Азия боюнча өкүлчүлүгүнүн башчысы Крис Лавлейс комиссия ишин сынга алууда.
Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Курманбек Бакиевдин Жогорку Кеңештеги ыйгарым-укуктуу өкүлү Данияр Нарынбаев 26-майда билдирүү жасап, аткаруу бийлигинде парламентти таратуу жөнүндө ой жок экендигин ачыктады. Бирок бир катар депутаттар ага ишенбей турат.
25-майда вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов маалымат жыйынын өткөрүп, Сербияда өткөн Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын жылдык жыйынына катышуусу боюнча маалымат берди. Анын айтымында, 86 өлкөнүн өкүлү тике туруп кыргыз ыңкылабына кол чапты жана бир катар долбоорлор боюнча жемиштүү сүйлөшүүлөр болду. Алардын биринин натыйжасында 1990-жылдардын башында Кыргызстандан чыгарылып кеткен 1 тонна 800 киллограм алтын кайра кайтарыла турган болду.
23-майда Бишкектеги “Хаят” мейманканасында АКШнын Улуттук демократиялык институту тарабынан уюштурулган конференция өз ишин баштады. Ага эл аралык жана жергиликтүү эксперттер, Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү жана коомчулуктун өкүлдөрү катышып, Конституциялык реформа маселеси талкууланууда.
21-майда Кыргызстан элдик кыймылынын курултайы болуп, анда кыймыл атынан президенттикке Курманбек Бакиевдин талапкерлиги көрсөтүлдү. Курманбек Бакиев өз сөзүндө турмушу жакшыра баштаганын калк 2-3-жылдын ичинде сезе баштаарын билдирди.
18-майда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Курманбек Бакиев Тажикстанда жумуш сапар менен болуп келди. Сапар учурунда эки тарап жогорку чыңалуудагы электр линияларын жана автоунаа жолун курууга жер бөлүштүрүү тууралуу макулдашууга кол коюшту.
Өзбекстандын Анжиян шаарындагы кандуу окуялардан кийин жүздөгөн өзбек атуулдары Кыргызстанга качып өткөнү белгилүү. Алардын андан аркы тагдыры боюнча Кыргыз өкмөтү менен адам укугун коргоочу уюмдар ортосунда бир жактуу пикир жок.
16-майда Жогорку Кеңештин депутаттары чогулуп, Экология жана өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу Жаныш Рустанбековдун маалыматын укту. Андан сырткары кыргыз-өзбек чек арасындагы абал боюнча учкай сөз болуп, өкмөт тарабынан бул маселе боюнча 17-майда маалымат угуу демилгеси көтөрүлдү.
24-марттагы ыңкылаптан бери Билим берүү министринин милдетин аткарып жаткан Досбол Нур уулу бул тармактагы көйгөйлөр, алдыда аткарылчу иштер туурасында “Азаттыкка” маек курду.
Дагы жүктөңүз