Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) азыркы төрагасы, Болгариянын тышкы иштер министри Соломон Пасси ушул жумада Кыргызстанда сапар менен болуп, бир катар расмий жолугушууларды өткөрдү. Алардын соңунда Соломон Пасси, Кыргызстан жетекчилигинин дарегине бир топ мактоолорду айтып, өлкө сот системасын, ички иштер министрлигин реформалоодо ийгиликке жетип, демократияны курууда алга кеткенин билдирди. Мындай мактоолорду өлкөдөгү саясий партия, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү кандай кабыл алып жатат? Кыргызстанда чындыгында эле демократия орнодубу? Өлкөдө майкөл-сүткөлбү?