«Манас» аба майданында жайгашкан Ганси авиабазасын жардырууга аракеттенген деп шектелип кармалган төрт атуулдун акыркы сөзү бүгүн (9-апрелде) Бишкектин Ленин райондук сотунда угулду. Андан кийин ишти карап жаткан судья Канатбек Турганбаев 12-апрелге чейин тыныгуу жарыялады.
Бүгүн (8-апрелде) кечке жуук Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны өкмөт башчы Николай Танаевге ишеним көрсөтпөө боюнча добуш берип, бирок андай чечим кабыл ала алган жок. Сессияга катышып отурган 41 депутаттын 14ү премьер-министрге ишеним көрсөтсө, 27 депутат ага каршы добуш берди. Ишеним көрсөтпөө мыйзамдык күчкө ээ болушу үчүн 30дан ашык депутаттын добушу керек эле. Премьер-министрге ишеним көрсөтпөө маселесинин парламенттин күн тартибине киргизилишинин себептери эмнеде?
8-апрелде Бишкектеги «Хаят» мейманканасында өлкөдө депозиттерди коргоо системасы боюнча концепция талкууланды. Ага аткаруу бийлигинин өкүлдөрү, Улуттук банктын жетекчилиги, Жогорку Кеңештин депутаттары жана эларалык эксперттер катышты.
Бүгүн (7-апрелде) президент Аскар Акаев менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун азыркы төрагасы, Болгариянын тышкы иштер министри Соломон Пасси жолугушуп, пикир алышты. Бир сааттын тегерегинде жүргөн сүйлөшүүнүн соңунда эки тарап билдирүү менен чыгышты.
Өтүп бараткан жумада өлкөдө бир катар маанилүү окуялар болду. Президент А. Акаев «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамга кол койду, парламенттин Эл өкүлдөр жыйынынын сессиясы улантылды. Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйыны өзбек кесиптештерине суу маселесинде кайрылуу кабыл алды.
Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны өлкөнүн маалыматтык коопсуздугуна байланыштуу маселени карап жатат. Бул багыттагы иштер тууралуу депутаттарга биринчи вице премьер-министр, транспорт жана коммуникация министри Кубанычбек Жумалиев маалымат бермекчи.
31-мартта Бишкекте «Бейтарап териштирүүнү өнүктүрүү - инвесторлордун укуктарынын корголушунун кепилдиги» деген темада улуттук форум өттү. Ага мамлекет башчысы Аскар Акаев катышып, сөз сүйлөдү.
Бүгүн (30-мартта) Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ)баш катчысы Николай Бордюжа өкмөт үйүндө президент Аскар Акаев менен жолугушту. Анын жүрүшүндө июнь айында Казакстан борбору Астанада боло турган Жамаатты коопсуздук келишими уюмунун кезектеги сессиясына даярдык көрүү маселеси талкууланды.
29-мартта Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын сессиясы ишин улантып, президент тарабынан бекитүүгө сунушталган өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн талапкерлигин талкуулады. Адегенде премьер-министр Николай Танаев биринчи вице-премьер министрдин милдетин аткаруучу, транспорт жана коммуникация министри Кубанычбек Жумалиевди биринчи вице-премьерлик министрлик кызматка дайындоого макулдук берүүнү депутаттарга сунуштады.
26-мартта Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын сессиясы уланып, Улуттук банктын башчысы Улан Сарбанов депутаттардын суроолоруна жооп берди. Анын жыйынтыгында банктын 2002-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчеттко карата палата өз чечимин кабыл алыш керек.
Бир аптадан ашуун эс алган Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары 23-мартта «Өкмөт жөнүндө» мыйзамдын долбоорун кароого киришип, бирок аны кабыл ала алышкан жок. Өкмөт менен депутаттар мыйзамдын 7-беренеси боюнча бир пикирге келе алышпай жатышат.
Кыргыз тилинин кызыкчылыгын коргоо максатында өткөн жылы «Тил кыймылы» түзүлгөн. Аны «Аалам» гезитинин» башкы редактору Чолпонбек Абыкеев жетектейт. Учурда кыймыл лидерлери жумуруяттын булуң-бурчунда эл менен жолугушууларды өткөрүп, тилдин абалы боюнча талкууларды өткөрүүдө. Кыймыл лидери Чолпонбек Абыкеевге кабарчыбыз айрым суроолор менен кайрылган эле.
Америка Кошмо Штаттарына барып келгенден кийин өткөн жума соңунда «Ар-намыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев партиянын абактагы лидери Феликс Кулов менен жолугушууга аракет жасаган. Бирок ал аракет ишке ашпай, Кулов менен кат аркылуу гана байланышкан.
Ирак согушу дүйнө коомчулугунда карама-каршы пикирлерди жаратканы белгилүү. Мурда бар делип келген массалык кыргын салуучу куралдардын табылбашы согуштун адилет башталганына күмөндү ого бетер күчөттү. Мына ушул чатактын оош-кыйыштары тууралуу кабарчыбыз өлкөнүн мурунку мамлекеттик катчысы, «Акыйкат жана прогресс» партиясынын лидерлеринин бири Ишенбай Абдуразаковго бир нече суроолор менен кайрылган эле.
Өткөн жылы 20-мартта таңга жуук АКШ менен Англия аскерлери Иракка чабуул баштаган. Бул согуш дүйнө жүзүн экиге бөлгөндөй эле Кыргызстанда да эки ача пикирди пайда кылган. Өлкөнүн тышкы иштер министрлиги адегенде согушка каршы чыккан Франция, Германия жана Орусиянын позициясын колдоп, Бириккен улуттар уюмунун чечимисиз согуштун башталганына кабатырланганын билдирген.
13-мартта Бишкекте кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын бешинчи отуруму башталды. Сүйлөшүүдөгү кыргыз тараптын делегациясын тышкы иштер министринин орун басары Лидия Иманалиева, ал эми тажик тараптыкын бул өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Салахиддин Насирдинов жетектөөдө. Теманы Айданбек Акмат уулу улантат.
12-мартта Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын өнөр жайды өнүктүрүү жана ишкерлик боюнча комитети өлкөнүн өнөр жайында түзүлгөн кырдаал боюнча тегерек стол жыйын өткөрдү. Депутаттар, ишкерлер, өкмөт өкүлдөрү жана ишкана жетекчилеринин катышуусу менен өткөн жыйында өнөр жайындагы абал оор катары бааланып, өкмөттүн иши сынга алдынды. Теманы Айданбек Акмат уулу улантат.
Бүгүн (11-мартта) Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны Орусия өкмөтү менен Кыргыз өкмөтүнүн ортосунда кол коюлган «Эмгек мигранттарынын иши жана аларды социалдык жактан коргоо тууралуу» келишимге өзгөртүү жана кошумчалар киргизүү тууралуу протоколду ратификациялады. Бул протоколдун орус жергесинде эмгектенип жүргөн кыргыз атуулдарына таасири кандай болоор экен?
Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары «Өкмөт жөнүндө» мыйзамдын долбооруна кайрылышат. 4-мартта депутаттар аны беренелер боюнча талкуулоону аяктап, талаштуу беш беренени тактоону тийиштүү комитетке тапшырган эле.
Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын өнөр жайын өнүктүрүү жана ишкерлик боюнча комитети өлкөнүн отун-кубаты тармагынын абалы боюнча коомдук талкуу өткөрдү. Ага депутаттар, энергетика тармагынын жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Дагы жүктөңүз