Бүгүн (4-мартта) Бишкектеги «Достук» мейманканасында кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиясынын бешинчи жыйыны болду. Жыйын кыргыз тараптан вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов, ал эми тажик тараптан биринчи вице-премьер-министр Хожа Акбар Туражанзоданын төрагалыгы астында өттү.
3-мартта Бишкекте оппозициялык маанайдагы «Эл бийлиги үчүн» шайлоо блогунун кеңейтилген жыйыны болуп, анда блоктун жобосу бекитилип, калкка кайрылуу кабыл алынды. Блоктогу партиялардын мүчөлөрү президенттикке талапкерлерди көрсөтүү боюнча жашыруун добуш берүү өткөрүштү. Мындай добуш берүү жер-жерлерде да жүргүзүлүп, анын негизинде бирдиктүү талапкер тандалмакчы.
2002-жылы 6-сентябрда Коопсуздук кеңештин катчысы Мисир Ашыркуловдун өмүрүнө кол салуу аракети жасалган. 2003-жылдын 27-июнунда автокырсыкка байланыштуу бир адам кармалып, иликтөөнүн жүрүшүндө анын Ашыркуловго кол салууга байланыштуу кылмышка тиешеси бардыгы тууралуу маалымат пайда болгон. Ал эми шектелген адамдын адвокаттары тергөөнүн жүрүшүндө мыйзамдар жана кармалгандын укуктары одоно түрдө бузулганын жарыялашууда.
Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны өлкөнүн маалымат коопсуздугуна байланыштуу маселени карайт. Бул багытта көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө депутаттарга биринчи вице-премьер министр, транспорт жана коммуникация министри Кубанычбек Жумалиев маалымат берет.
Өтүп бараткан жумада Кыргызстанда негизги окуялар жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө байланыштуу болду. Маселен, бул аптада тышкы иштер министри Аскар Айтматов АКШга сапар алса, Евразия экономикалык шериктештигине кирген өлкөлөрдүн премьер-министрлери Алматы шаарында чогулушту. Андан сырткары Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта корунун миссиялары Бишкекте иштеди.
Акыркы күндөрү оппозициялык маанайдагы саясий партиялардын биригүүсү жөнүндө талкуу жанданып, бирок ал карама-каршы билдирүүлөр менен коштолду. Кыргызстандагы саясий партиялар башын бириктирүүсү мүмкүнбү?
Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын эки ири бирикмеси иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүүгө өтөөрүн жарыялашты. Өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү бул тууралуу 23-февралда АКИ-пресс агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдиришти.
«Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынышы алатоолук коомчулукта эки жактуу пикирди пайда кылды. Калктын орус тилдүү бөлүгүнүн айрым өкүлдөрү мыйзамды сынга алып, президент ага кол койбош керек деген пикирде турат. Ал эми Кыргызстандын негизги өнөктөшү болгон Орусия мыйзамга кандай карайт? Ал эки өлкөнүн мамилесине залал кылбайбы?
20-февралда Санкт-Петербург шаарынын губернатору Валентина Матвиенко Кыргызстанда бир күндүк сапар менен болду. Ал Бишкекте Николай Танаев менен жолугушуп, жыйынтыгында Кыргызстан менен Санкт-Петербург шаарынын ортосундагы экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду.
Бейшемби күнү Мыйзам чыгаруу жыйынында өкмөт башчы Николай Танаев депутаттардын суроолоруна жооп берүүнү улантты. Суроо-жооп аяктагандан кийин депутаттар сөз сүйлөп, өкмөттүн ишмердүүлүгүнө, өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаалга өз бааларын беришти.
Өзбекстан президенти Ислам Каримов Казакстандын мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаевге кат жазып, анда Сырдарыя жээгинде түзүлгөн кырдаалга Кыргызстанды күнөөлүү деп эсептегенге аракет жасаганы айтылууда. Азырынча чындыгында эле өзбек президенти ушундай катты жазганы же жазбаганы такталып жатат. И. Каримовдун мындай маанидеги катын бир катар маалымат агенттиктери ушул аптада жарыялады. Буга карата кыргыз тараптын пикири кандай?
12-февралда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамды кабыл алды. Мыйзам долбоору президент тарабынан өткөн жылы парламентке сунушталган. Айрым депутаттар мыйзамдын Конституцияга каршы келээрин айтып, ага «президент кол койбойт» деген пикирлерин билдирүүдө. Ал эми депутаттар Кабай Карабеков менен Оксана Малеванная мыйзамды Конституциялык сотко берүүгө даярданууда.
11-февралда Бишкектеги Аларча мамлекеттик резиденциясында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын вице премьер-министрлери жолугушуп, суу-энергетика тармагында кызматташуу маселесин талкуулашты. Жолугушууга Тажикстандын Мелиорация, суу чарба жана курулуш министринин биринчи орун басары Исмат Эшмирзоев да катышты. Жыйын соңунда төрт тарап Нарын-Сырдарыя суу сактагычтарында кризистик кырдаалга жол бербөөнүн чаралары тууралуу протоколго кол коюшту.
9-февралда Мыйзам чыгаруу жыйыны «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзам долбоорун кароону улантты. Талкууга мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов катышып, мыйзам тууралуу түшүндүрмө берди.
Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандагы уйгурлар абалы, Кытай жана терроризмге байланыштуу 6-февралда билдирүү менен чыкты. Анда айрым маалымат каражаттарында, «Кыргызстанда уйгурлар кысымга алынууда, бул иш Кытайдын таасири астында жасалууда» деген маалымат төгүндөлгөн.
6-февралда президенттин сунушу менен Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны «Өкмөттүн структурасы жөнүндө» мыйзамды кабыл алды. Ага ылайык Экономикалык өнүгүү, соода жана өнөр жай министрлиги түзүлмөк болду. Жаңы министрлик Тышкы соода жана өнөр жай министрлигинин базасында түзүлүп, ага Каржы министрлигинин, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча комитеттин бир катар функциялары, ошондой эле Монополияга каршы комиссия толугу менен кирмек болду.
Өткөн аптада Казакстан межилисинин депутаттары Кыргызстан менен Өзбекстандагы кесиптештерине кайрылуу кабыл алып, биргелешип Шардара суу сактагычын, анын этегиндеги калк жашаган 30 пунктту суу каптоодон сактап калууга чакырды. Бирок кыргыз депутаттарынын көпчүлүгү ал кайрылуу расмий түрдө келе электигин маалымдашты.
Өтүп бараткан аптада Кыргызстанда бир катар олуттуу саясий окуялар болду. Жума башында президент Аскар Акаев региондорду кыдыруусун аяктады. Андан кийин Бишкекте «Ар намыс» партиясынын абакта жаткан лидери Феликс Куловдун сот иштери боюнча коомдук угуу өткөрүлдү. Ошондой эле бул жумада Кыргызстан элдеринин төртүнчү курултайы, укук коргоочулардын регионалдык конференциясы, кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр болду.
30-январда Бишкекте «Борбор Азиянын адам укуктары боюнча милдеттенмелери: жетишкендиктер жана маселелер» деген темада аймактык конференция өз ишин баштады. Ага Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун, Хельсинки федерациясынын өкүлдөрү жана аймактагы мамлекеттердин укук коргоочулары катышууда.
Бүгүн Бишкекте кыргыз-өзбек чегарасын делимитациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын биргелешкен жыйыны башталат. Бул - быйылкы жылдагы алгачкы жыйын. Анда тараптар делимитацияланган чегаранын өлчөмүн миң чакырымга жеткирүүгө аракет кылышмакчы.
Дагы жүктөңүз