"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Бул туурасында өлкө президенти Хасан Роуханинин телекайрылуусунда айтылды.
Саясатчылардын, жетекчилердин жүрүм-турумуна, кыймыл-аракеттерине бардык өлкөдө коом жакындан байкоо салып турат эмеспи.
Венесуэлада оппозиция лидери Хуан Гуайдо президент Николас Мадурону кулатууга багытталган планынын «акыркы баскычын» баштаганын жарыялады.
Жапонияда жаңы доор башталууда. Шаршембиге караган түнү император Акихито кызматынан расмий кетет. Анын ордун 59 жаштагы уулу Нарухито басат. Дүйнөдөгү эң байыркы монархиялык династиянын тарыхында мындай окуя 200 жылдан ашуун убакыттан бери болуп көргөн эмес.
Словакияда 15-июнда өлкө тарыхындагы биринчи аял-президент кызматка киришмекчи.
Ливияда өкмөттүк күчтөр менен улуттук армиянын ортосунда Триполи үчүн салгылашуу уланууда.
Ливия армиясынын башкы командачысы аскерлерге борбор шаарды алууга буйрук берди.
Вашингтондогу мааракелик иш-чараларга НАТО мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери катышууда.
Орусияда Санкт-Петербург шаарынын метросунда жардыруу уюштурган деп шектелгендердин соту башталды. Арасында кыргызстандык ага-ини Азимовдор бар. Казакстандын Алматы шаарынын райондук сотунда прокурор Жогорку кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулун 12 жылга эркинен ажыратууну суранды.
АКШ Түркияны F-35 согуш учактары үчүн жабдуу менен камсыз кылууну убактылуу токтотту. Вашингтон Анкарадан орусиялык ракета системасын сатып алуу боюнча чечиминен баш тартууну талап кылууда.
Бир нече чоң шаарда, анын ичинде баш калаа Анкарада жеңилип калганына карабай түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган анын партиясы муниципалдык шайлоодо утканын билдирди.
Алжирде куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси президент кызматын аткара албайт деп жарыялоого жол ачкан Конституциянын тиешелүү беренесин колдонууга үндөдү.
Орусиянын бир нече шаарында Кемероводогу “Зимняя вишня” соода борборунда болгон трагедиянын жылдыгын эскеришти.
Өткөн дем алыш күндөрү орус аба күчтөрүнүн эки учагы Каракаска конгону тууралуу маалыматты Венесуэланын расмий өкүлү ырастады.
АКШда чоң пара төлөп балдарын Йел, Стэнфорд өңдүү абройлуу университеттерге өткөргөн ата-энелер менен 25 миллион долларлык коррупциялык схемага катышкандарга айып коюлду.
Румыниянын Антикоррупциялык башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, паракорлор менен күрөштө атагы башка өлкөлөргө да тараган прокурор Лаура Кодруца Көвеши Евробиримдиктин прокуратурасын жетектөөгө негизги талапкер катары каралууда. Бирок Бухарест өкмөтү ага бут тосуп келе жатат.
Алжирде мамлекет башчы, 82 жаштагы Абделазиз Бутефликанын бешинчи президенттик мөөнөткө ат салышуу ниети элди көчөгө чыгарды. Президент 2014-жылы мээсине кан куюлгандан кийин эл алдына дээрлик чыкпайт.
Туура бир жыл мурда Солсбери шаарында орусиялык экс-тыңчы Сергей Скрипаль жана кызы Юлия “Новичок” деген зат менен ууландырылган. Ал окуя “кансыз согуштан” берки ири “тыңчылар согушуна” алып келди.
Кашмирдеги жаңжалдан улам Пакистан аба мейкиндигин жапканы, миңдеген жүргүнчү эки жакка уча албай аэропорттордо калды.
Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф кызматынан кетерин жарыялады. Анын бул кадамы Тегеран менен Батыш өлкөлөрү түзгөн атомдук программа боюнча келишимдин тагдырын ого бетер арсар абалга кептеши ыктымал.
Дагы жүктөңүз