Конституциялык реформага байланыштуу коомчулуктун ой-пикирлерин колдоо коомдук комитети күтүлүп жаткан референдумга жана анда коюлуп жаткан маселелелерге карата пикирлерди чогултуп, китепче чыгарып, жакынкы күндөрү элге таратат. Коомдук комиссиянын мындай аракети «Шайлоо системасы боюнча эл аралык фонд» тарабынан колдоого алынууда. Бул тууралуу коомдук комитет 22-февралда өткөргөн маалымат жыйынында белгилүү болду.
Президент Аскар Акаев 15-январда Бишкек шаарындагы коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушту. Ал чогулгандарга конституциялык реформа башталган былтыркы август айынан бүгүнкү күнгө чейинки жараян тууралуу кеңири маалымат берди жана референдумга коюла турган Конституциянын жаңы долбооруна жана оппозициянын айрым сын-пикирлерине карата өзүнүн мамилесин ачыктады.
Эксперттик топ иштеп чыгып, президенттин жактыруусуна ээ болгон Кыргызстандын Конституциясынын жаңы долбоорду жана референдумдун мөөнөтүн 14-январда Конституциялык реформа боюнча коомдук комиссия талкуулады. Коомдук комиссиядагы талкуу Конституциялык Кеңешменин 13-январдагы акыркы отурумундагыдай кескин билдирүүлөр менен коштолгон жок. Бирок, жаңы долбоорго, референдумдун мөөнөтүнө карата сын-пикирлерде окшоштуктар арбын болду.
Конституциялык Кеңешменин мүчөлөрү Кыргызстандын Конституциясынын Эксперттик топ иштеп чыккан жаңы редакциясын 13-январда талкуулап, Башмыйзамдын долбоорун бул калыбында референдумга алып чыгууга болбойт деген бүтүмгө келишти.
Кыргызстанда «Эл журту» аттуу мигранттардын, үй салуучулардын жана Агрардык реформа борборунун федерациясы түзүлдү. Бирок, бул уюмдун түзүлүшү үй салуучулардын жоон топ лидерлеринин нааразылыгын жаратты.
Кыргызстандын Конституциясына киргизиле турган өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун жалпы элдик талкуусун жыйынтыктоо тууралуу Президент Аскар Акаевдин 2-январдагы жардыгына байланыштуу Конституциялык Кеңешменин алты мүчөсү, Мыйзам чыгаруу жыйынындагы «Кыргызстан коммунисттери» фракциясынын жана «Кыргызстан» тобунун алты депутаты атайын билдирүү менен чыгышты.
27-декабрда Бишкектеги «Дордой» базарында болгон жарылуунун себептери тууралуу расмий билдирүү боло элек. Мындай жагдай кырсыктын айланасында коомчулук арасында ар кыл түкшүмөлдөрдү жаратууда.
«Азаттыкта» мурда кабарлангандай, Аксыдагы март окуясы боюнча кылмыш козголгон жооптуу жети кызматкерге байланыштуу Ош гарнизондук аскер соту 28-декабрда өзүнүн акыркы чечимин чыгарган. Өтүп бараткан жылдагы олуттуу саясий окуяга байланыштуу кабыл алынган бул чечим аксылык жабырлануучулардын талаптарын канчалык деңгээлде канааттандыра алат? Мындай суроого коомчулукта ар кандай жооптор айтылууда.
Эл аралык адам укугун коргоо күнүнө карата 10-декабрда Бишкекте тегерек үстөлдө талкуу өттү. Анда Кыргызстанда митингдерди жана пикеттерди өткөрүү маселеси талкууланды. Ага Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруучу жыйынын депутаттары, оппозициялык маанайдагы саясий партиялардын, укук коргоочу жана бейөкмөт уюмдардын, жергиликтүү бийликтердин өкүлдөрү катышты.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматовдун айтымында, «Манас» аба майданында жайгашкан антитеррордук күчтөр мындан бир жыл илгери түзүлгөн келишимге ылайык Ооганстандагы тынчтыкты калыбына келтирүү багытында гана кыска мөөнөттүү иш алып барат. Ал эми Кыргызстан менен Орусиянын коопсуздук багытындагы тыгыз кызматташтыгынын башталышы башка өкөлөрдүн кызыкчылыктарына кайчы келбейт.
«Борбор Азияда, кырдаал тилекке каршы, толук стабилдүүлүккө жетишүүдөн алыс. Маселе Ооганстанда эле эмес. Албетте, ал жерде оор процесстер жүрүп жатат. Азаптуу бул жерде терроризмдин очогун жок кылуу иштери бүтө элек, узак убакытка чейин бүтпөйт дагы. Ошондуктан, келечекте бул жерде тез аракеттенүүчү коллективдүү күчтөрдүн алкагында аскерий аба күчтөрүнүн жайгашышы биздин жана биздин мамлекеттердин элдеринин бейкуттук болоруна көбүрөөк ишенишин шарттайт жана биз ар кандай кол салуулардын, анын ичинде капыстан кол салуулардын мизин кайтарууга даярбыз.» деди Орусиянын коргоо министри.
Кыргызстанда иш сапары менен жүргөн Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун парламенттик ассамблеясынын делегациясы 2-декабрда расмий бийлик өкүлдөрү менен жолугушту.
Аксыдагы кайгылуу окуядан башталган бийлик менен карапайым элдин ортосундагы пикир келишпестик Кыргызстандын «Демократиянын аралчасы» аталган аброюна олуттуу доо кетирди. Бийликтин катачылыктарын жоюу, элди тынчытуу багытында буга чейин жасаган аракеттери акыркы окуяларга караганда өзүн актабай турган сыяктанат. Акыркы мезгилде Ош жана Жалал-Абад облустарындагы шайлоо компанияларынан улам келип чыккан нааразылыктар Кыргызстанда бийлик менен элдин ортосунда чыңалуу күчөбөсө, азайбагандыгын, ал эми Негизги мыйзамды (Конституцияны) реформалоого жасалып жаткан кадам жагдайды жумшартууга анчалык таасир эте албай жаткандыгын көрсөтүүдө. «Адам укугунун өлкөсү» демилгеси эл аралык чөйрөнү алаксытуу үчүн жасалган эле ишаарат болуп калгандай.