"Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы. Ош мамлекеттик университетин аяктаган.
Сох анклавы менен чектеш Баткендин Чарбак айылынын эли январдагы чатактан соң башталган чек ара тосуу иштери токтоп калганына кабатыр.
Кыргыз-тажик чегиндеги Достук айылынын эли чек арадагы абалга, жол жабылып калганына кабатыр.
Баткенде чек арада жаңжал болгон сайын кошуна өлкөлөрдүн анклавдарын айланып өтүү үчүн жол куруу маселеси көтөрүлөт.
Баткендин эли Сох анклавын аралап өтүүгө, сохтуктар болсо Өзбекстандын негизги аймагына каттоого мүмкүнчүлүк алды.
Баткенде Сох анклавы менен чектешкен айылдардын тургундары чек араны тезинен тактоо талабы менен митингге чыкты.
Баткен облустук бийлиги өзбек тарапка чек арадагы абал боюнча сүйлөшүү ниетин билдиргени менен кошуналардан жооп жок.
Баткенде Өзбекстандын Хушяр айылы менен чектеш аймакка тикен зымдарды тартуу иштери башталды.
Алгачкы эсептөөлөр боюнча, Сох анклавындагы чатакта кыргыз жарандарына тиешелүү 20 автомашина талкаланган.
Электр чубалгысын тартуу маселесинен чыккан жаңжалдан кийин Сох анклавынын айланасындагы жолдордун баары жабык турат.
Коогалаңдан кийин Өзбекстан ондогон кыргызстандык келиндерди өз аймагынан “документтери жок” деп, Кыргызстанга чыгарып жиберген.
Байыркы мая жыл наамасына таянган уу-дуу айрымдардын жүрөк үшүн алса, бирөөлөр пайдага туйтунду.
Баткендеги Төрткүл суу сактагычынан жайкысын Тажикстанга мыйзамсыз суу сатылган деп жергиликтүү адистер арызданышууда.
Баткендин Лейлек районунда алтын кенге байланыштуу чыр чыгып, жол тосулду.
Миграция кыргыз үй-бүлөсүндөгү баалуулуктарды кантип өзгөртүп жатат?
Аймактын Тажикстан менен чектеш жерлериндеги тирешүүлөр былтыркыга салыштырмалуу быйыл 4 эсеге кыскарганы айтылууда.
Баткен облусунда ушу күндөрү көмүрдүн бир тоннасы 14 миң сомго чыкты.
Облуста азыр үч жүздөй чек арачынын орду бош. Шарт начардыгынан дагы бир канчасы кызматын таштаганы жатканы айтылууда.
Өлкө башчысын тосуп алуу үчүн чогулган кыздардын бирөөсү эстен танып, кулап түштү.
Баткенде Өзбекстандын Сох анклавына кирбей өтүүчү айланма жол бүтүп калды.
Баткендин Боз-Адыр айылынын тургундары Өзбекстандын чек арасы бир чакырымдай бери жылып калганына нааразылык билдирип чыкты.
Дагы жүктөңүз