"Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.
9- декабрда Бишкекте Кыргызстандын футболдон 2005- жылдын мыктылары аныкталып, аларга сый- урмат көрсөтүлдү. Ошондой эле өлкөнүн 14- чемпионатынын жеңүүчүлөрүнө байгелер ыйгарылды.
9-декабрда Кыргызстандын негизги маалымат каражаттары өлкөнүн МАИ тармагындагы чыр- чатак, кызматтык үйлөрдү тапшырбаган экс- депутаттар, мигранттар көйгөйү, президенттен сөгүш алган элчи тууралуу макалаларды жарыялашты.
Өлкөдө туризм тармагы спорт жана жаштары саясаты боюнча мамлекеттик комитетинен өнөр жай, соода министрлигинин карамагына өткөндөн кийин «Кыргызстан- туризм өлкөсү» деген жаңы туристтик клуб, долбоор түзүлдү. 6-декабрда Бишкекте ушул долбоордун бетачаары өттү.
6- декабрдагы өлкөнүн негизги маалымат каражаттары өлкөнүн атуулдарынын паспорт көйгөйү, депутаттар этикасы жана депутаттык комиссия, турак жай курулушунун күңгөй- тескейлери тууралуу макалаларды жарыялашты. Шейшембиде жарык көргөн гезиттерге баяндаманы кабарчыбыз Кабыл Макеш даярдады
2-декабрда Бишкекте оор атлетика боюнча дүйнөнүн 4 жолку жана олимпиаданын чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды. Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын чоюн билек балбандарынын күч сынашуулары өттү.
28-ноябрда Бишкекте футбол боюнча 2006-жылы Индияда өтчү Азия чемпионатына иргеп алуу мелдештеринин 1-этабынын күч сынашуусунда Кыргызстандын жаштар командасы Непал өлкөсүнүн футболчуларын 2:0 эсебинде жеңип, финалдык бетешүүлөргө укук алды.
24-ноябрда Бангкок шаарында өткөн спорттун 13 түрү боюнча жабык имараттагы биринчи Азия оюндарынан Кыргызстандын командасы кайтып келди.
Кыргызстанда МАИнин 965 кызматкери бар. Күн сайын өлкөдө 3-4 чоң жол кырсыгы катталып, жол эрежесин бузган 1700 айдоочу айып тартат. Жол эрежелерин жөнгө салып, көзөмөлдөгөн мамлекеттик автоинспекция тармагы коррупцияланып кеткен деген пикирлер да айтылып жүрөт. Ошондуктан бул тармак реформалоого муктаж экени айгине болуп олтурат.
22-ноябрдагы өлкөнүн негизги маалымат каражаттары Ош мамлекеттик университетинин ректорун шайлоонун жыйынтыгы, өлкө мусулмандарынын муфтиятындагы арыздашуулар, турак жай курулушунун күңгөй-тескейлери тууралуу макалаларды жарыялашты. Ошондой эле миграция, жергиликтүү айыл өкмөттөрүнө шайлоолор жөнүндө макалалар чыкты.
18-ноябрда Катар өлкөсүнүн Доха шаарында оор атлетика боюнча дүйнө чемпионатынын мелдештери улантылды. Бул таймашууларга Кыргызстандан жаштар арасында Азия чемпиону Кутман Молдодосов да катышууда.
Жай чилдесинде Орусияда башталган куш ылаңы кошуна Казакстан менен Монголияда да катталганы кыргызстандыктарды да кооптондуруп, аны алдын алуу иш-чараларын көрүшкөн. Кыргызстанда учурда куш ылаңы катталган жок. Ошентсе да күзүндө куштардын жылуу жактарга орун которушу өлкө үчүн коркунучтуу жагдай түзүүдө.
Кыргызстанда бардыгы болуп 36 жаза өтөөчү жай бар. Аларда ушу тапта түрдүү кылмыш жасаган 17 миңдей жаран жазасын өтөп жатышат. Күз айларынан бери өлкөнүн түрмөлөрүндө толкундоолор болуп, Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаев баш болгон 4 адам атылып өлтүрүлүп, бул тармак реформалоого муктаж экени айгине болуп олтурат.
11-ноябрда Кытайдын Миян-Янг шаарында бокс боюнча дүйнөнүн чемпионаты башталды. Дүйнөлүк таймашууга Кыргызстандын беш бокс чебери катышууда.
10-ноябрда Бишкектин «Манас» аэропортунан жер титирөөдөн жабыр тарткан Пакистан өлкөсүнө гуманитардык жардам катары азык-түлүк, жылуу кийимдер жана темир мештер жүктөлгөн учак жөнөтүлдү. Жардамдын жалпы наркы бир миллион сомго барабар.
4-ноябрда футбол боюнча Кыргызстандын 14-чемпионатынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Кыргызстандын былтыркы жеңүүчүсү Нарындын “Дордой- Динамо” командасы быйыл да чемпиондугун сактап калды. Финалдык чечүүчү таймаш 1:1 эсебинде аяктап, кошумча убакытта дагы жеңүүчү аныкталбады. Акыры оюндун тагдырын жекеме-жеке топ тебүү чечти. Ошентип Бишкектин «Шоро-СКА» командасы атаандашына алдырып койду.
3-ноябрда Бишкектеги Дене тарбия академиясынын бокс залында СССРдин чемпионатынын эки жолку жеңүүчүсү, эл аралык спорт чебери Кеңешбек Дүйшеевдин жаркын элесине арналган өспүрүмдөр арасында эл аралык турнир башталды.
1-ноябрдагы өлкөнүн маалымат каражаттарында негизги тема Жогорку Кеңештин депутаты, маркум Тынычбек Акматбаевдин өлүмүнө байланыштуу премьер- министр Феликс Куловдун отставкасын талап кылган митингчилер жана Рысбек Акматбаевдин соту, маданият жана милиция кызматкерлеринин кесиптик майрамдары тууралуу болду.
Кыргызстандын футбол боюнча 14-чемпионатынын Жогорку Лигасында таймашкан командалардын мыктылары аныкталып, 29-октябрдагы оюндун жыйынтыгы боюнча жаңы чемпион аныкталышы мүмкүн. Кыргызстандын былтыркы жеңүүчүсү Нарындын “Дордой-Динамо” командасы чемпиондугун сактап калабы? Же дүбүртү катуу чыгып келаткан Бишкектин «Шоро-СКА» командасына алдырып жибереби?
Соңку күндөрдө Кыргызстандын түрмөлөрүндөгү кырдаал кескин курчуп кетти. Новопокравка айылындагы №3-түзөтүү колониясында соттолгондор менен күзөтчүлөрдүн ортосунда келишпестиктер, толкундоолор, тирешүүлөр босылбай жатат. Бул окуяны жеринде иликтөө үчүн 20-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары, акыйкатчынын жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү эки тарап менен жолугушууга барды.
Учурда өлкөдөгү коомдук-саясый кырдаал курчугандыктан криминалдык элементтер баш көтөрө баштады. Башкасын айтпаганда да жыл башынан бери эле бир нече буйуртма киши өлтүрүү катталышы буга далил. Алардын бети ачылабы, дегеле өлкөдө кылмыштуулукка каршы күрөш кандай жүрүүдө?
Дагы жүктөңүз