"Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.
Шаршембиде кыргызстандык окурмандар “Дело№”, “Вечерний Бишкек”, ”Адабий гезит”, жана “Аргументы и факты - Кыргызстан” басылмалары менен тааныша алышты. Бул жолу “Дело №” гезити да өлкөдөгү кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу кенен жазды. Салык кодексинин жаңы редаrциясын иштеп жаткан топтун мүчөсү, Жогорку Кеңештин Vыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Акылбек Жапаров кабарчынын суроолоруна жооп берди. «Аргументы и факты - Кыргызстан» жумалыгы Орусия Кыргызстандагы аскердик өнөр жайдын көбүн карызы үчүн алышаарын билдирди.
Окурмандардын колуна 9-февралда тийген “Вечерний Бишкек” жана “Дил ордосу” басылмалары Кыргызстандын бийлик бутактарындагы кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу жазып чыгышты. Бул тууралуу ой-пикирлерге 10–февралда чыга турган гезиттерде да орун берилет.
Кыргыз жергесинде лыжа мелдештери 1926-жылдан бери өткөрүлүп келген. Бишкек, Каракол жана Нарын шаарларында бир убактарда лыжа секциялары иштеп турган. 1936- жылы Караколдо лыжа менен чуркоо боюнча Кыргызстандын биринчи чемпионаты өткөн. Бишкектен Алматы, Москвага чейин лыжалык жүрүштөр уюштурулган. Кыргызcтандыктар Союздук мелдештерге, СССР элдеринин кышкы спартакиадаларында азыноолак ийгиликтерге да жетишкен. Балдар арасында хоккей боюнча «Алтын шайба» мелдештери өткөрүлүп турчу. Эгемендүү өлкө болгону кышкы спортко анча көңүл бурулбай калды.
Бүгүн, 4-февралда, “Дело №”, “Вечерний Бишкек”, “Кыргыз караван”,”Адабий гезит”,” Слово Кыргызстана” жана “Московский Комсомолец - Кыргызстан” гезиттери жарык көрдү.
Бүгүн Кыргызстанда Курман айт майрамы майрамдалды. Бишкектеги 20дан ашык мечиттерде айт намазы окулду. Курман айт намазына келгендер Жогорку Кеңештин алдындагы эски өкмөт аянтына батпай, Алатоо аянтына чейин тизилип турушту.
Майып спортчулардын айрымдары эл аралык мелдештерге, Азия оюндарына жана параолимпиадаларга катышып жүрүшөт. Бирок, буга чейин Кыргызстанда улуттук параолимпиадалык комитет түзүлө элек болчу. Жакында мындай комитет «Алга, Кыргызстан» партиясынын демилгеси менен түзүлдү.
Бүгүн окурмандардын колуна тийген “Вечерний Бишкек” басылмасында Кыргызстандагы “Хизб ут-Тахрир” диний партиясы өзүнө түштүк аймактагы кыз-келиндерди көбүрөөк тартып, аларды ишенимге киргизип жаткандыгы кабарланды.
13–январдан 20-январга чейин Кыргызстандын бокс боюнча тандалма командасы Филиппин ɵлкɵсʏндө өткөн Азия чемпионатына катышып, олжолуу кайтып келишти. Азия биринчилиги үчүн 26 мамлекеттен тандалма бокс чеберлери күч сынашты.
21-январда кыргызстандык окурмандар “Дело №”, “Вечерний Бишкек”, “Кыргыз караван”, "Аргументы и факты в Кыргызстане” жана “Московский Комсомолец - Кыргызстан” басылмалары менен тааныша алышты.
Дүйнөлүк коомчулук күткөн 2004-олимпиадалык жыл жаңырды. Ушул тапта 200дөн ашуун мамлекеттер Афина олимпиадасына кызуу даярдык көрүп жатышат. Кыргыз спортунун чама-чаркы кандай?
Дүйнөнүн 4 жолку жана олимпиаданын чемпиону, Европанын, СССРдин бир нече жолку чемпиону, СССР спортуна эмгек сиңирген чебер, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Каныбек Осмоналиев кыргыз өңүн дүйнөгө тааныткан азаматтардын бири. Ал жөнүндө даректүү тасма тартылып, акын Акбар Рыскулов поэма жараткан. Каныбекке кандай мактоо айтса да жарашат, себеби ал улут сыймыгы, ар-намысы болгон.
3-декабрда Бишкектеги «Спартак» стадионунда футбол боюнча 2006-жылы Германияда өтчү дүйнө чемпионатына иргеп алуу мелдеши өттү. Кыргызстандын курама командасы Пакистандын футболчуларын 4:0 эсеби менен утуп алышты.
20-ноябрдын түнү Рамазан айындагы эң ыйык түн - Кадыр түн болуп саналат. Орозонун Кадыр түнү жана аны мусулмандар кандай тосуп алышаары жөнүндө Кыргызстандын мусулмандарынын диний башкармалыгынын муфтийи Мураталы ажы Жуманов биз менен ой бөлүштү.
Индиянын Хайдарабад шаарында Африка жана Азия континенттеринин I оюндарына Кыргызстандын айрым спортчулары расмий чакырылганы менен, барышкан жок. Бул I Афроазиялык оюндар тууралуу Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, өлкөнүн Оор атлетика федерациясынын баш катчысы, эл аралык калыс Молдодосов Өмүржан айтып берди.
17-октябрда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында V Борбор Азия оюндарынын таймаштары улантылууда. Бул оюндарда Кыргызстандын командасы кандай ийгиликтерге жетишип жатат?
14-октябрда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында V Борбор Азия оюндарынын оту жанат. Бул оюндарга Кыргызстандын командасы толук курамы менен катышмакчы.
3-октябрда Францияда грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Бул дүйнөлүк таймашка Кыргызстандын тандалган 6 балбаны да катышууда.
Кыргызстанда 2-октябрда чыккан басылмаларда президент Аскар Акаевдин 12 жылдагы ишмердүүлүгү, келерки президенттик шайлоодо кимдер мураскери болушу мүмкүн экендиги жана өлкөнүн жергиликтүү журналистикасынын өзгөчөлүктөрү жөнүндөгү макалаларга орун берилди.
30-сентябрда жарык көргөн басылмаларда Кыргызстандын ишкерлеринин курултайы тууралуу, президент Аскар Акаевдин жакында АКШ менен Францияга бара тургандыгы жөнүндө жана башка макалаларга орун берилди.
Дагы жүктөңүз