"Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.
26-сентябрда жарык көргөн басылмаларда алдыда турган кыш кризиси, Кыргызстандын Москвада өткөн маданият күндөрү, Орусиянын Канттагы авиабазасы, «Аалам» басылмасын жана укук коргоочу Турсунбек Акунду колдоо пикети сыяктуу темалардагы макалаларга орун берилди.
Бүгүн Ялта шаарында спорт ышкыбоздорунун арасында кикбоксинг боюнча дүйнөлүк чемпионат башталат. Ал жерге намыс талашканы Кыргызстандын командасын өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучулар Александр Воинов менен Олимпий Закиров баштап барышты.
Бүгүн чыккан Кыргызстандагы басылмаларда Москвадагы Кыргызстандын маданият күндөрү, Канттагы Орусиянын авиабазасы, Кыргыз киносу, белгилүү окумуштуу, хирург Иса Ахунбаев жөнүндө макалаларга орун берилди.
23-сентябрда жарык көргөн басылмаларда Москвадагы Кыргыз маданиятынын күндөрү, президенттердин жолугушуулары, өлкөнүн кышка даярдыгынын начардыгы, Европарламенттин А.Сахаров атындагы сыйлыгына Борбор Азиядан көрсөтүлгөн талапкерлер тууралуу жана башка макалаларга орун берилди.
19 - сентябрда жарык көргөн гезиттер басма сөз эркиндигинин абалы, энергетикалык кризис, президент Аскар Акаевдин Орусияга иш сапары, жаңы Эмгек кодекси, «Ысыккөл-2003» фестивалы сыяктуу маселелерге арналган макалаларга орун берди.
16-сентябрда жарык көргөн басылмаларда Бишкектин мэри болуп кайра шайланган Медетбек Керимкулов, өлкөдө Медиа-кеңеш түзүлгөнү тууралуу түрдүү пикирлер, казак-кыргыз мамилелери, басма сөз эркиндиги туурасында макалалар басылды.
12-сентябрда чыккан басылмаларда «жегич» генералдардын жосунсуз жоруктары, Бишкек шаарынын башчылыгына талапкерлер, Акаев менен жашыруун макулдашкан Акыйкатчы, оппозициялык маанайдагы партиялардын биригер-бирикпеси, кыргыз тилине, дилине күйгөн жапон жигити тууралуу жана башка макалалар жарыяланды.
11-сентябрда Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарында эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын салтанаттуу ачылыш аземи болду. Дүйнө жүзүнөн тандалган балбандар мындан 2 жыл мурда терроризм актысынан курман болгондорду эскеришип, спорт – тынчтыктын элчиси экендигин айгинелешти. Бул дүйнөлүк таймашка Кыргызстандан тандалган балбандар да катышууда.
АКШда эки жыл мурун 11-сентябрда болгон кайгылуу окуяны эскерүү, Бишкектин мэри тууралуу божомолдор, эрегишип эстелик куруу, өмүргө коркунуч жараткан дарылар, тойго чачылган казына, кыргыз тилинин тагдыры - мына ушул темалар кыргыз басылмаларындагы макалалардын мазмунун түзөт.
Кыргызстандын саясий турмушунун тарыхында биринчи жолу бир нече партиялар бириккени турат. Бул демилгенин башында «Жаңы заман» биримдик жана өнүгүү партиясы болууда. Бул партиянын борбордук комитетинин мүчөсү Касым Чаргынов «Азаттыктын» айрым суроолоруна жооп берди.
6- сентябрда Чолпоната шаарында кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата 3 – эларалык Ысыккөл оюндары спорттун 9 түрү боюнча башталды. Оюнга Борбор Азия жана Орусиянын 22 командасы катышууда.
25-августта Бишкекте адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетинин кезексиз уюштуруу конференциясы болуп, анда комитет төрагасы Рамазан Дырылдаевдин ишмердүүлүгү сынга алынып, ага ишеним көрсөтүлбөй жаңы жетекчилер шайланды.
13-августта Кыргызстандын «Көкбөрү» федерациясынын түзүлгөнүнө 5 жыл толду. Беш жыл ичинде кыргыздын улуттук сыймыгы көкбөрү оюнунун арышы арбып, дүйнөгө таралды. Эр оюндун жаңы эрежеси иштелип чыгып, ал Борбор Азия өлкөлөрүндө колдонулууда.
15-августтан 31-августка чейин Орусиянын Красноярск крайынан Бишкек шаарына чейин «Энесей-Бишкек» аттуу автожүрүш уюштурулат. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналган бул демилгенин башында «Борбор Азия-ТВ» телерадиокомпаниясы турат.
7-августта Бишкекте «Бител» компаниясынын имаратынан өрт чыгып, чатыры жана төртүнчү кабаты күйүп, компания болжол менен 250 миң долларлык зыян тарткан. Бул өрттүн чыгышына «Бител» компаниясынын имаратынын чатырын оңдоп жаткан «Азия стройсервис» фирмасынын кызматкерлери себепкер болгону айтылууда. Дегинкиси «тилсиз жоо» деген атка конгон өрт кырсыгынан сактануу иштери Кыргызстанда солгундап бараткандай сезилет.
Тегеранда футзал боюнча Азиянын бешинчи чемпионаты курч мүнөздө аяктады.Мында Азиядагы 16 мамлекеттин тандалган мыкты командалары чемпиондук үчүн ат салышты. Кыргызстандын футболчулары «С» тобунда Иран, Кытай, Ливан өлкөлөрүнүн командалары менен күч сынашты. Биринчи оюнда эле Кыргызстандын командасы Кытай Эл республикасынын тандалма командасын 9 : 4 эсебинде жеңип, көпчүлүктүн көңүлүн бурган эле. 31- июлда Ирандын футболчулары менен таймашка чыгып, Азиянын төрт жолку чемпиону ирандыктарга алдырып койгону менен, кийинки оюнда ливандыктарды 5 : 2 эсеби менен утуп, чейрек финалга чыгышкан . Ал эми чейрек финалда Тайланд өлкөсүнүн командасы менен беттешүү курч мүнөздө өттү. Мурдакы Азия чемпионатында кыргызстандыктар аларды артыкчылык менен утуп алышкан. Бул жолу Тайланддын жылдызы жанды. Бирок, алар жарым финалда Жапан өлкөсү менен күч сынашып, жапандыктар баш байгеге талапкер болду.
Кыргызстанды эл аралык аренага таанытып, намыс талашып жүргөн жеңил атлеттер саналуу гана. Алардын бири - марафончу, Атланта жана Сидней Олимпиадаларынын катышуучусу Назирдин Акылбеков. Ал эл аралык марафондордо мөрөй алып жүрөт. Казакстандагы «Алтын талаа» марафонунда эки жолу биринчи келип, эки ирет «Жигули» автомашинасына ээ болгон. Ошондой эле Тюменде өткөн Орусиянын кубогунда үчүнчү орунду камсыз кылган. Эл аралык марафондордун жеңүүчүсү. Жакында эле Астана марафондук жарышында марага биринчи келди.
Кийинки мезгилдерде кыргыз басылмалары Майрам Акаева жөнүндө көп жазышып, анын китептеринен үзүндүлөрдү үзбөй бере башташты. Президентин үй-бүлөсү келерки парламенттик шайлоолорго толугу менен катышчудай. Кыргыз басылмалары «Кумтөр» алтын кени жөнүндө да түрдүү пикирлерди жазышууда. Адам укуктарын коргоо боюнча кыргыз комитетинин жетекчиси Рамазан Дырылдаевдин тегерегиндеги ызы-чуу да кыргыз гезиттеринин кызыгуусун арттырууда.
Шералы Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайы 33 жылдан бери жүздөгөн жаштарга чоң спорттун эшигин ачып, кыргыз спортунун сыймыгы, арнамысы болгон спортчуларды тарбиялап чыгарган. Кыргызстандын курама командасынын дээрлик бардыгы - ушул мектептин тарбиялануучулары. Жакында эле Индияда өткөн чоңдор арасындагы Азия чемпионатында окуу жайдын балбаны Канат Бегалиев коло медалды жеңип алды. Кыргыз спортунун алтын бешиги, башаты болгон бул окуу жайынын имараттары 40 жылдан бери капиталдык ремонттон өткөн эмес.
Француз саякатчысы, мотоциклист Жерар Старк 12-июлда Бишкек-Ош автотрассасынын 252-чакырымында кырсыкка учурап каза болгон. Анын сөөгү 17-июлда мекенине жөнөтүлдү. Мындан бир аз мурда эктремалдык спортчу, француз Доминика Роберт жана түркиялык фотожурналист Яшар Угур да кыргыз жергесинде ажал тапкан.
Дагы жүктөңүз