"Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.
НАТОнун баш катчысы Жорж Робертсон «Түндүк Атлантикалык Альянстын аскерий күчтөрү Борбор Азиядан жакын арада чыгарылбайт», - деди. ЕККУнун Кыргызстандын Ички иштер министрлигин колдоого алган долбоорунун айрым пункттарына бейөкмөт уюмдар жана саясий партиялар каршы чыгышууда. Чет өлкөлөрдө жашап, иштеп жаткан кыргыздарга арналган «Замандаш» аттуу коомдук-саясий, укуктук жаңы журналдын алгачкы саны 16-июлда жарык көргөнү турат.
Бишкектин 125 жылдык мааракесине арналган спорттун улуттук түрлөрү боюнча III Спартакиада ызы-чуу аралаш бүттү. «Аккула» ат майданында өткөн аламан байге, жорго салдыруу, көкбөрү мелдештерине коюлган байгелер берилбей, нааразылык күчөдү. Ал аз келгенсип, 20 чакырым аралыкка аламан байгеге чабылган 24 күлүктүн ичинен 3 асыл тукум тулпар өлүп, саяпкерлер Бишкек мэриясына жана спорт комитетине доомат артышууда.
Азия спортунун тарыхында жайкы биатлон боюнча биринчи Азия чемпионаты кыргыз жергесинде, Чолпоната шаарында өткөрүлдү. Мында кыргызстандыктар 3 алтын медаль жеңип, Азия аймагынын алгачкы чемпиондору болуп калышты.
Туристтик сезон Кыргызстанда июнь-октябрь айларына эсептелгени менен, күрдөөлдүү учур июль-августка гана туш келет. 2-3 ай гана Ысыккөл үчүн кирешелүү убакыт. Былтыр Кыргызстанга 140 миңдей чет өлкөлүк турист келип, аларды кабыл алып, кызмат көрсөтүүдөн эле 35 миң доллардан ашык киреше түшкөн.
Кыргызстанда Айкидо федерациясы 1992-жылы «кара белбоонун» 3-дан ээси, философия илимдеринин кандидаты Гүлмиза Сейталиева тарабынан уюштурулган. Ал Жапония, Орусия, Украина, Франция, Англия жана башка өлкөлөрдүн айкидо федерациялары менен тыгыз байланышта. Дүйнөлүк айкидо борборунун ай сайын чыгарылуучу бюллетенинде айкидо өнүгүп бараткан өлкөлөрдүн картасы чийилип, ал мамлекеттер жөнүндө маалымат берилет. Анда Кыргызстан жөнүндө да баяндалып турат.
Кыргызстандын ажайып кооз жаратылышын, керемет Ысыккөлдү Батыш өлкөлөрүнө даңазалаган «Алматы-Ысыккөл» коммерциялык эмес фонду Швейцарияда катталып, жакшы демилгелерди көтөрүп чыкты. Бул жөрөлгөнүн башында Кыргызстан, Казакстан, Швейцария өлкөлөрү турат. Көл жергесиндеги туризмди өнүктүрүүнү максат кылып, Алматы-Чолпоната темир жолун курууну көздөгөн бул фонд Бишкекте журналисттер үчүн пресс-конференция өткөрдү.
Бишкекте биринчи аэроклуб 1934-жылы уюштурулган. Кыргызстанда парашют спорту 1935-жылдан бери өнүгүп-өсүп келатат. Советтер Союзунун эки жолку баатыры, учкуч Талгат Бегелдинов биринчи жолу 1938-жылы парашют менен секирип, кийинки тагдырын авиацияга арнаган. Кыргызстандык спортчулар СССРдин, дүйнөнүн чемпионаттарына катышкан.
Экстремалдык спорт боюнча дүйнөнүн XII чемпионаты Кыргызстандын Жетиөгүз жергесинде башталып, Токтогул районунда жыйынтыкталды. Баш байгени Америка Кошмо Штаттарынын командасы жеңип алды.
Бишкек шаарынын 125 жылдыгына арналган спорттун улуттук түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын III Спартакиадасы 13-июнда дагы улантылды. Мелдештерге 7 облустун жана Бишкек шаарынын командалары катышууда. Ордо, тогуз коргоол жана кыргыз күрөш боюнча атаандашуулар аяктап, жеңүүчүлөр аныкталды.
Кыргызстан эгемендүүлүккө жеткени өлкөнүн улуттук спорт түрлөрү боюнча биринчи Спартакиадасы 1997-жылдын 28-октябрынан 1-ноябрына чейин Бишкекте өткөрүлгөн. Мында спорттун 12 түрү боюнча 6 облустун жана Бишкек шаарынын 313 спорт чеберлери катышкан. Жалпы командалык биринчиликти Чүй облусу, 2-орунду Ыссыкөл, 3-орунду Нарын облустары жеңип алышкан. Ал эми II Спартакиада Кыргыз Республикасынын 10 жылдыгына жана Курманбек баатырдын 500 жылдыгына арналып, Жалалабад шаарында 2001-жылы октябрда өткөрүлгөн. Оюндарга спорттун 10 түрү боюнча 7 облустун жана Бишкек шаарынын 287 спортчусу катышкан. Бул жолу жалпы командалык биринчиликти Ош облусу, 2-орунду Нарын, 3-орунду Ыссыкөл облустарынын командалары ээлеген.
Кыргыз эли илгертен эле балбандарын барктап, күрөш өнөрүн аздектеп келген. Атагы алыска тараган даңазалуу Кошой, Тайлак, Кожомкул, Бөлтүрүк, Аксакал, Теке, Төө балбан өңдүү алптар кыргызды учурунда таанытса, кийинки жаштар алардын мурастарын татыктуу улантып келүүдө. 6-июндан баштап кыргызстандык балбандар Индиянын Дели шаарында Азия чемпионатында намыс талашып жатышат. Бирок, айрым мыкты балбандар Индияга барбай калышты.
Спартакиада - спорттун көп түрү боюнча өткөрүлүүчү массалуу жана комплекстүү мелдештер. Биздин заманга чейинки байыркы Римдеги кулдардын көтөрүлүшүнүн жетекчиси Спартактын урматына аталган. Мурдакы СССРде биринчи Спартакиада 1923-жылы Санкт-Петербургда өткөрүлгөн. Бул күндөрү Бишкекте Кыргызстандын мектеп окуучуларынын Спартакиадасы өтүп жатат.
Эрендердин эр оюну көкбөрү - кылым карыткан, муундан муунга мурас болгон оюн. Иликтөөлөргө караганда, аны Азия аймагындагы айрым көчмөн элдер ойноп келишкен. Бул оюн Борбордук Азия өлкөлөрүндө, Ооганстанда, Пакистанда, Иранда, Индияда, Кытайда, Монголияда, Орусиянын Батыш Сибиринде жана айрым араб малекеттеринде да ойнолуп келгендиги маалым. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери көкбөрүнүн жаңы эрежеси түзүлүп, дүйнөлүк спорт оюндарынын үлгүсүнө ылайыкталган. Ушул жаңы эрежеге ылайык Казакстандын Тараз шаарында Борбордук Азиянын биринчи расмий чемпионаты 17-майда башталганы турат.
Кыргызстандык спортчулар Атамекендик согуш учурунда далай каармандык, нечен эрдик көрсөтүшкөн. Спортто үйрөнгөн даярдыктары согуштагы кыйынчылыктарды, ачкачылыкты жеңүүгө жана душман менен тайманбай күрөшүүгө өбөлгө болгон. Кыргызстандык жоокерлердин эрдиктери жөнүндө жазылган фактылар аз эмес. Ошондой эле Бишкекте ар жыл сайын 9-май күнү Атамекендик согуштун баатыры Самат Садыковду эскерүүгө арналган Лейлек күрөшү боюнча мелдеш өткөрүү салтка айланып калды.
Кыргызстанда спортчуларга жакшы шарт түзүлбөгөндүктөн чет өлкөлөргө кетип калуусу адатка айланып баратат. Кийинки эки жылдан бери кыргыз жигиттери да башка мамлекеттерге кетүүгө аргасыз болууда. Бокстан Алмаз Райымкулов Америка Кошмо Штаттарына кетсе, балбан жигиттер Максат Бобурбеков менен Динарбек Асылбек уулу Казакстанга баса беришкен. Кыргызстандык оор атлет, Азия чемпиону Бакыт Ахмедов да Казакстандын намысын коргоп жүрөт. Ал Түштүк Кореянын Пусан шаарында өткөн XIV Азия оюндарында Казакстанга 3 алтын медаль жеңип берген.
Жапонияда жыл сайын он миллиондон ашуун автомобил жасалып, сатыкка түшөт. Ар жылы жапондор сегиз миллиондон ашуун автомобилдерди сатып алышат. Эскилерин кайда кетирүү мурда проблема болсо, СССРдин кыйрашы менен тоскоолдуктар жоюлуп, Шериктештик өлкөлөрүн жапон автомобилдери суудай каптап кирди. Дүйнө элинин назарына түшкөн «Тойота», «Ниссан», «Мазда» үлгүсүндөгү жапон машинелери Кыргызстанда да өз күйөрмандарын тапты. Күн Чыгыш өлкөсүнүн машинелерин кандай жолдор менен алып келинип жатканы тууралуу «Айтэс Жапан» биргелешкен ишканасынын директору Талант Жумабаев өз ойлорун ортого салат.
Каба уулу Кожомкул – кыргыз элинин сейрек кездешкен айтылуу балбаны. Кылымда бир жаралган кыргыз алпынын бою 2 метр 36 сантиметр, салмагы 215 килограмм болгон. 635 килограмм салмактагы ташты так көтөрүп, 100 метрдей басып барган. Совет доорунда анын балбандыгы, бою, салмагы азайтылып көрсөтүлүп келген. Эми Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунун алдында балбандын эстелиги орнотулмак болду.
17-апрелде Кыргызстанда «Общественный рейтинг», «Республика» гезиттеринде чыгып келаткан «Кыргыз ордо» гезити жарыккка чыкты. Көптөн бери чыкпай келаткан «Трибуна» гезити жарык көрдү. 18-апрелде чыкчу «Агым» гезити «саякатчы депутаттардын» тизмесин жарыялаганы турат. «Аалам» гезити болсо Кыргыз телерадиокорпорациясынын айланасындагы талаш-тартыш жөнүндө жазып чыгууда.
Универсиада – студенттердин спорттук мелдештери. Бүткүл дүйнөлүк Универсиада француз Жан Петижандын демилгеси менен 1924-жылы Варшавада алгач ирет өткөрүлгөн. Универсиаданын регламенти Олимпиадалык оюндар менен бирдей. Урааны - «Илим, спорт, достук жана тынчтык». Дүйнөлүк студенттердин Универсиада оюндары эки жылда бир өткөрүлүп турат. 1960-жылдан бери так жылдары – жайкы, ал эми жуп жылдары - кышкы Универсиада мелдештери уюштурулуп келет. Бул күндөрү Кыргызстанда Универсиада оюндары cпорттун 15 түрү боюнча өтүп жатат. Жаштык мелдештерине 30 жогорку окуу жайынын командалары катышууда.
Азыркы доорду автомобилсиз элестетүү кыйын. Убакыт алга жылган сайын техниканын жаңы түрлөрү чыгып, дүйнөгө тарап жатат. Совет доорунда жалаң орус машиналарын гана билсек, эгемендүүлүккө жеткени чет өлкөлүк түрдүү үлгүдөгү автоунаалар жаандан кийинки козу карындай жайнап чыгууда. Кыргызстанда азыр 286 миң автомашина каттоодо турат.
Дагы жүктөңүз