Кыргыз өкмөтү майдын ортосунда санкциялык тобокелдиктер жогору болгон бүтүмдөргө катышы бардыгы ыктымал 50 компанияны жойгонун жарыялаган. Бирок, алардын кимдер экенин так ачыктабай келет.
Балыкчы–Тамчы–Чолпон-Ата темир жолунун курулушу башталды. Өлкө бийлиги темир жол тармагы ырааттуу өнүгүп, сапаттык жактан жаңы деңгээлге көтөрүлүп жатканын айтууда.
Кыргызстанга Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе расмий сапар менен келди. Анын жүрүшүндө кыргыз-грузин кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча бир нече келишимге кол коюлду.
Ысык-Көлдүн жээгинде курулушу башталган “Асман” экологиялык шаары коомчулукта кызуу талкуу жаратууда. Кыргыз бийлиги бул долбоорду заманбап, туристтик жана инвестициялык борбор катары сыпаттап келет.
Кыргызстанда соңку учурда бир нече жаңы банк ачылып, ишин баштады. Алардын арасында президент Садыр Жапаровдун жакындарына таандык банктар да бар. Өлкөдөгү банктарга карата Батыштын санкциялары салынып жаткан чакта ачылган банктардын артында кимдер турат жана алар кандай ишмердик жүргүзүшү мүмкүн?
Кыргызстан авиа коопсуздук боюнча Евробиримдиктин "кара тизмесинен" чыкты. Кыргыз авиакомпаниялары бул тизмеде 20 жылдан бери жүргөн.
Кыргызстан авиа коопсуздук боюнча Европа Биримдигинин "кара тизмесинен" 20 жылдан кийин чыгарылганы маалым болду.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыковду президенттин атайын өкүлү кылып дайындады. Бул жаңы кызмат санкциялык тобокелдиктерди алдын алуу боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялай турганы айтылды.
Кыргыз өкмөтү 9,5 миллиард доллардан ашкан мамлекеттик карыз өнүгүүгө жумшалып жатканын айтып, кооптонууга негиз жоктугун билдирип келет. Ошентсе да, коомдо алынган карыздарды натыйжалуу пайдаланууга байланыштуу маселе көтөргөндөр аз эмес.
Москва үстөмдүк кылган Евразия экономикалык биримдигиндеги өлкөлөрдүн төртөө Арменияга шарт коюп, же ушул бирикмени, же Европа биримдигин тандоону талап кылышты. Алар Еревандын Европа менен жакындашуусу ЕАЭБдеги башка мүчөлөрдүн "экономикалык коопсуздугуна зыян тийгизет" деген жүйөсүн келтирди.
28-29-май күндөрү Астанада ЕАЭБдин саммити өттү. “ЕАЭБ глобалдык санарип жарышында: жасалма интеллектке басым” деп аталган жыйынга Орусиянын, Беларустун, Казакстандын жана Кыргызстандын президенттери катышты. Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян саммитке орун басарын жөнөткөн.
29-майда Астанада Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) саммити өттү. “ЕАЭБ глобалдык санарип жарышында: жасалма интеллектке басым” жыйынына Орусиянын, Беларустун, Казакстандын жана Кыргызстандын президенттери катышты. Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян саммитке орун басарын жөнөткөн.
Кыргызстандык үч компания - “Евразиялык сактык банкы”, “Мамлекеттик брокердик компания” жана “Виртуалдык активдердин эмитенти” акционердик коомдору Улуу Британиянын санкциялык тизмесине кирди.
Кыргызстанда инфляциянын деңгээли өсүүдө. Улуттук банктын эсебинде майга карата расмий инфляциянын көрсөткүчү 10,9% жетти. Айлык акылар инфляцияны кууп жете албай келет. Азык-түлүк баасы менен кызмат көрсөтүүнүн акысы кескин өстү.
“Бааны түзүү жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча 25-майда парламенттик угуу өттү. Депутаттар, өкмөт өкүлдөрү, ишкерлер катышкан талкууда Кыргызстан импортко көз каранды экени, сырткы жагдайлардын таасирине катуу тушугуп жатканы айтылды. Бааны ооздуктоодо көзөмөлдү кеңейтүү маселеси кабыргадан коюлду.
Президенттин мурдагы кеңешчиси Жаныбек Кубандыковдун ишин адвокаты чагым деп жатат. “Ынтымак ордо” болсо мамлекет башчынын “бир да кыргызстандык коомдук кеңешчиси жок экенин” билдирди.
Президенттин мурдагы кеңешчиси, “Алдамчылык” беренеси менен камакка алынган Жаныбек Кубандыковдун адвокаты билдирүү жасап, “бул иш атайын президенттик шайлоонун алдында уюштурулган үчүнчү күчтөрдүн чагымы экенин” айтты. Бирок аны ким уюштурган, эмне болгон чагым экенин тактаган жок.
Кыргызстанда инфляция өсүүдө. Улуттук банктын эсебинде майга карата расмий көрсөткүчү 11,4% жетти. Айлык акы инфляцияны кууп жете албай келет. Азык-түлүк баасы менен кызмат көрсөтүү акысы кескин өстү. Инфляциянын себептерин жана алдыдагы жылдарга экономисттердин божомолдору тууралуу айтып беребиз.
Кыргыз өкмөтү социалдык тармактагы кызматкерлердин эмгек акысын жапырт көтөргөнүн жарыялады. Бул соңку жумадагы эң кызуу талкууланып жаткан тема болууда. Мугалимдердин маянасы акыркы жолу 2022-жылы көтөрүлгөн болчу.
Соңку кездери Ысык-Көлдүн айланасында ар кандай курулуштар менен коммерциялык долбоорлор кеңири өрүш алганына күбө болуп жатабыз. Туристтик объекттер, “Асман” шаары жана өндүрүштүк долбоорлор көл жээгине чейин кирип барып, токой, жайыт жана айыл чарба жерлерин активдүү иштетүүдө.
Дагы жүктөңүз