"Азаттык" радиосунун мурдагы башкы редактору . 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek
Кыргызстандагы акыркы он күн ичиндеги олку-солку саясий абал дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнүн кабатырланган билдирүүлөрүнө себеп болгону белгилүү. Эми өлкөдө президенттин кызматтан кеткенин жана жаңы өкмөттүн ишке киришкенин эл аралык коомчулук кандай кабыл алууда? Бул тууралуу Кыргызстандын Улуу Брит
Дүйнөлүк айрым басылмалар Кыргызстандын президенти “кан төгүүнү алдын алуу” үчүн кызматтан кеткенин белгилешсе, кайсы бири эми эки тизгин бир чылбыр премьер-министр Садыр Жапаровго өткөнүнө көңүл бурууда.
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматтан кетүү тууралуу чечими күтүүсүз болгонун, мындай абалга өкүнүп турганын «Азаттык» радиосуна билдирди.
Тажик президенти Эмомали Рахмон бешинчи президенттик мөөнөтүнө шайланды. Ал жекшембидеги шайлоодо добуштардын 90 пайыздан ашыгына ээ болду. Бирок бул шайлоого Рахмонго чыныгы атаандаш боло турган бир да талапкер катышкан жок.
Пандемиядан улам дүйнө жүзүндө жакырчылыктын деңгээли соңку 20 жыл ичинде биринчи жолу жогорулаганы турат. Дүйнөлүк банктын жаңы баяндамасына ылайык, быйыл күнүнө 2 долларга жетпеген акчага күн көргөн адамдардын саны 115 миллионго чейин көбөйүшү мүмкүн.
Улуу Британиядагы Эксетер университетинин эл аралык мамилелер боюнча профессору, Борбор Азия боюнча эксперт Жон Хезершоу Кыргызстандагы саясий кырдаал тууралуу ой бөлүштү. Ал өлкөдөгү бийлик боштугу, кырдаалдан чыгуунун жолдору жана Орусиянын ыктымалдуу таасири тууралуу да пикирин билдирди.
Кыргызстандагы окуялар күн эмес, саат сайын өзгөрүп-өнүгүп жатат. Мындай абал мамлекет, деги эле жалпы регион үчүн канчалык кооптуу? Чет өлкөлөр, эл аралык уюмдар кыргыз жергесиндеги соңку окуяларга кандай баа берип жатышат? "Азаттыктын" "Биз жана дүйнө" берүүсүнөн көрүңүз.
Дүйнөлүк медиа каражаттары Кыргызстандагы 6-октябрга караган түнү болгон окуялар тууралуу байма-бай жазып жатат. Алардын айрымдары учурда Кыгызстандын бийлик башында кимдер турганына көңүл бурса, кайсы бири "Октябрь революциясы" ишке ашканын билдиришүүдө.
Жогорку Кеңешке аттанган партиялар шайлоо өнөктүгүнө жарым миллиард сомдон ашык каражатты сарпташты. Мынча каражат кайдан келип жатат? Сарпталган акча менен шайлоонун жыйынтыгынын кандай байланышы бар?
Кремль кыргыз парламентинде кандай күчтөрдү көргүсү келет? Жогорку Кеңешке аттанган айрым партиялардын "Евразиячылык" идеясын алга сүрөгөнү эмнеден кабар берет? Орусиялык саясат талдоочу, Борбор Азия боюнча эксперт Аркадий Дубнов ой бөлүштү.
Кыргызстанда 16 партия парламентке келип, мандат алууну көздөп турат. Жогорку Кеңешке өтүш үчүн бир партия кеминде канча добуш топтошу керек? "Азаттыктын" түшүндүрмө видеосун көрүңүз.
Европарламент 5-ноябрдан кийин Александр Лукашенкону Беларустун президенти катары тааныбай турганын жарыялады. Лукашенко өлкөнүн батыш чек арасын бекемдөөгө аргасыз болуп жатканын билдирүүдө.
Пандемия Бээжиндин жалпы Борбор Азияга экономикалык жана саясий таасирин канчалык арттырышы мүмкүн? Региондогу өлкөлөр ири коңшунун карыз капканына түшүп калган жокпу?
Жогорку Кеңеште 120 депутаттык орун бар. Бирок алтынчы чакырылышта Борбордук шайлоо комиссиясы 175 адамга депутаттык мандат бергенин билесизби? Толугураак "Азаттыктын" түшүндүрмө видеосунан көрүңүз.
Кыргыз-кытай алакасы жана Бээжиндин чөлкөмдөгү кызыкчылыктары тууралуу эл аралык мамилелер боюнча эксперт, Борбор Азия университетинин Мамлекеттик башкаруу жана саясат институтунун улук илимий кызматкери Кемел Токтомушев «Азаттык» менен маектешти.
4-октябрдагы парламенттик шайлоого 16 партия ат салышууда. Өлкөдө чыныгы, анык бир көз карашты тутунган партия барбы?
АКШда зомбулук менен коштолгон акцияларга байланыштуу демократтар менен республикачылар бири-бирине доомат артууда.
Уулануунун белгилери менен Омск шаарындагы ооруканада жаткан оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды чет өлкөгө алып кетүү аракетинен майнап чыкпай жатат.
Дагы жүктөңүз