"Азаттык" радиосунун мурдагы башкы редактору . 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek
АКШда Демократиялык партия Жо Байдендин талапкерлигин президенттикке расмий көрсөттү. Ал ноябрь айындагы шайлоодо президент Дональд Трамп менен атаандашмакчы. Байден кандай саясатчы? "Азаттык" анын саясий өмүр жолуна көз чаптырып көрдү.
"Эркиндик үчүн!" деп аталган маршка 100 миңден 200 миңге чейин адам катышты.
Лукашенконун башкы атаандашы болгон оппозициячыл талапкер Светлана Тихановская Литвадан үн катты.
Америкалык "Moderna" компаниясы COVID-19га каршы вакцинанын баштапкы сыноосу ийгиликтүү болгонун, жакында эксперименттин акыркы фазасы башталарын билдирди.
Кыргызстанда коронавирустан кайтыш болгондорду жерге берүүнүн жол-жоболору сакталбай жатканын байкоочулар баса белгилешүүдө.
Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын кеминде 15-18% дарыгерлер. Бул - дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири. Илдет күчөгөн сайын кыргыз медицинасы адистерге муктаж болууда. Өлкөнүн кайсы аймактарында дарыгерлер жетишпейт?
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус аба аркылуу жугарын көрсөткөн далилдерди четке какпай турганын, бирок акыркы тыянак чыга электигин билдирди.
Кыргызстан, Казакстан жана Армения сыяктуу айрым өлкөлөрдө карантин жумшаргандан кийин коронавирус кескин күчөп кетти.
Стамбулдагы атактуу Айя-София музейинин макамы талкуу жаратууда. Түрк соту дүйнөлүк мурастардын тизмесине кирген бул жайды мечитке айландыруу маселесине жакын арада чекит койгону турат. Бирок Грекия, АКШ сыяктуу айрым өлкөлөр Айя-Софиянын музей бойдон калышын каалашат.
Евробиримдик 1-июлдан тарта 15 өлкөгө чек арасын ачты. Бул тизмеге Борбор Азия өлкөлөрү кошулган жок. Постсоветтик чөлкөмдөн Грузиянын жарандары гана Шенген аймагына саякаттоого мүмкүнчүлүк алышты.
Дүйнө жүзүндө коронавирусту жугузуп алгандардын саны 10 миллиондон ашты. Илдеттен каза тапкандар жарым миллионго чукулдады. Вирус АКШнын айрым штаттарында кайра жайылууда. Индия баштаган Азия өлкөлөрүндө илдетке чалдыккандардын саны азайбай жатат.
Еврокомиссиянын өкүлү 1-июлдан тартып Евробиримдиктин аймагына келүүгө уруксат бериле турган мамлекеттердин тизмесине байланышкан суроолорго жооп берди.
Кыргызстанда акыркы 25 күндө эле COVID-19га чалдыккандар менен андан кайтыш болгондордун саны 2-2,5 эсе көбөйдү. Казакстанда да бир күндө коронавирус табылган адамдардын саны бир жарым миңге чейин жетип жатат. Эки өлкөдө эпидемиологиялык абал көзөмөлдөн чыгып бараткан жокпу?
Казакстандын мурунку президентинин кызы Дарига Назарбаева жана анын уулу Лондондогу мүлкүн сотто коргоп калышты. Апелляциялык сот Британиянын кылмыштуулукка каршы улуттук агенттигинин арызын четке какты.
Он жыл мурунку июнь окуяларын ошол кездеги кыргыз бийлигинин уруксатын алып, жети мамлекеттин мүчөлөрүнөн турган эл аралык комиссия иликтеп чыккан.
Гонконгдун тургундары бийликтин тыюу салганына карабай Тяньаньмэнь окуяларын эскеришти.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян коронавирус инфекциясына чалдыкты. Ал вирус өзү менен үй-бүлөсүнүн төрт мүчөсүнө жукканын билдирди. Арменияда карантин жумшаргандан бери COVID-19га кабылган адамдар арбый түштү.
COVID-19 пандемиясы менен кошо дүйнөдө бул илдетке байланыштуу жалган маалыматтардын “инфодемиясы” да жүрүп жатат. Мындай пикирин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун басма сөз өкүлү, доктор Маргарет Харрис “Азаттыкка” берген маегинде билдирди.
Медицина илимдеринин доктору, АКШнын Сан-Франциско шаарында иштеген белгилүү кыргызстандык онколог Рысбек Абдылдаев коронавирустун болжолдуу жаңы толкуну, вакцина иштеп чыгуу аракеттери жана карантин алынгандан кийинки жарандардын жоопкерчилиги тууралуу ой бөлүштү.
Дүйнөнүн булуң-бурчунда COVID-19 илдетинин вакцинасын жана дарысын табуу үчүн жарыш жүрүп жатат. Бирок вакцина калктын калың катмарына качан жетет? Эмдөөгө каршы чыккандардын жүйөсү канчалык негиздүү? Бейтаптарды дүйнө өлкөлөрү кантип дарылап жатышат? “Биз жана дүйнө” берүүсүнөн көрүңүз.
Дагы жүктөңүз