"Азаттык" радиосунун мурдагы башкы редактору . 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek
АКШ 35 мамлекет кол койгон ачык асман келишиминен чыгарын жарыялады. Вашингтон буга Орусиянын келишимдин шарттарын бир нече жолу бузганын жүйө келтирди. Орусия мындай чечимди сынга алды.
Дүйнө жүзүндө коронавируска чалдыккандардын саны 5 миллиондон ашты. 20-майда бир күндүн ичинде вирус табылган адамдардын саны рекорддук чекти көрсөттү. COVID-19 илдетинин жаңы учурлары Түштүк Америка менен Индияда көбөйдү. АКШ баштаган айрым өлкөлөр карантинди жумшарта баштады.
Учурда авиакомпаниялар менен мейманканалар туристтердин ишенимине ээ болуу жолдорун караштырып жатат.
Тажикстанда коронавирустан каза тапкандардын сөөгүн түнкүсүн жерге жашырып жатышканы тартылган деген видеолор соцтармактарга жайылды. Дүйнө жүзүндө COVID-19дан көз жумгандардын саны 300 миң кишиден ашты. Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде анализинен коронавирус табылган эки адам кайтыш болду.
ЭВФтин баяндамасында Кыргызстан пандемия экономикасына кыйла сокку урган өлкөлөрдүн катарынан орун алган.
Илдетти ооздуктаганга жетишкен Түштүк Кореяда ондогон адамдан коронавирус табылды.
Кыргыз өкмөтү коронавирус пандемиясынын кесепети тууралуу калк менен ачык диалог курушу керек. Мындай пикирин Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело “Азаттыкка” берген маегинде билдирди.
Кыргыз өкмөтү коронавирус пандемиясынын кесепети тууралуу калк менен ачык диалог курушу керек. Мындай пикирин Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело “Азаттыкка” маегинде билдирди.
БУУнун адистери Ливияда орусиялык жалданма аскерлер куралдуу жаңжалдарга аралашып жүргөнүн ырасташты.
Тажикстанда бир жумага жетип-жетпей COVID-19 илдетине чалдыккандардын расмий саны дээрлик 20 эсе көбөйдү. Казакстанда карантин өкүм сүрүп жаткан чакта саясат кызыды.
COVID-19 илдети Тажикстандын кыргыздар байырлаган Жерге-Тал аймагына да жетти. Бул тууралуу дээрлик он жыл мурда Жерге-Талдан келип, Кыргызстанга отурукташып калган жазуучу Аким Кожоев “Азаттыкка” маегинде билдирди. Тажик бийлиги аймактан вирус чыкканын расмий ырастай элек.
АКШ президенти Дональд Трамп коронавирус Кытайдагы вирусология лабораториясынан чыкканын күбөлөгөн далилдер бар экенин билдирди. Бээжин COVID-19 табигый жол менен пайда болгон илдет экенин белгилеп, Вашингтондун айыптоолорун четке кагууда.
АКШ өкмөтү COVID-19 илдетине каршы эксперименталдык дарыны сыноо үмүт жараткан жыйынтыктарды көрсөткөнүн билдирди. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму мындай тыянакты кубаттай элек.
АКШнын президенти Дональд Трамп COVID-19 пандемиясына байланыштуу Кытайды айыптады. Европанын айрым өлкөлөрүн улай Жаңы Зеландия жана Австралия чектөөлөрдү четинен ала баштады. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму пандемия аягына чыга элек экенин эскертти.
Дүйнөдө коронавирус жугузгандардын саны 3 миллионго чукулдады. Европанын бир катар өлкөлөрү карантинди жумшарта баштаганы менен айрым мамлекеттерде COVID-19 илдети ооздукталбай жатат.
Коронавируска байланыштуу карантин чет өлкөлөрдө эмгектенген миңдеген кыргызстандыктардын турмуш-тиричилигине кедергисин тийгизип койду. Алардын бир бөлүгү жумушунан айрылып, капчыгы жукарса, айрымдары мекенине кете албай ара жолдо калышты.
Кытайдын Ухань шаарында COVID-19 илдетинен өлгөндөр мурда айтылгандан көп болуп чыкты. Айрым Батыш өлкөлөрү Кытайды вирустун чоо-жайы жана кантип таралганы тууралуу маалыматтарды ачык айтууга чакырышууда.
COVID-19 пандемиясы дүйнөдөгү диктаторлор менен авторитардык лидерлердин чырагына май тамыздыбы?
Дүйнөлүк медиа аял лидерлер башкарган мамлекеттер COVID-19 оорусуна каршы ийгиликтүү күрөшүп жатканына көңүл бурууда.
Эл аралык Валюта Фонду 2020-жыл глобалдык экономика үчүн дээрлик 90 жыл мурдагы Улуу депрессиядан берки эң оор жыл болоорун эскертти. Уюмдун 14-апрелде жарыяланган божомолуна ылайык, COVID-19 илдетинен улам быйыл дүйнөлүк экономика 3 пайызга төмөндөшү мүмкүн.
Дагы жүктөңүз