"Азаттык" радиосунун мурдагы башкы редактору . 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek
Дүйнө жүзүндө COVID-19га чалдыккандардын саны 1 миллион 930 миңден ашты. 120 миңдей адам өпкөнү сезгенткен бул илдеттен каза тапты. АКШ жана бир катар Европа өлкөлөрү коронавируска байланыштуу киргизилген чараларды жеңилдетүүнүн жолдорун караштыра баштады.
ОПЕК уюму, Орусия жана мунай экспорттогон башка мамлекеттер кара май өндүрүүнү азайтууга макул болушту. Ага ылайык, алдыдагы айларда бир күндө дүйнө жүзүндө өндүрүлгөн мунай дээрлик он пайызга кыскарат.
Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин үй-бүлөсү Лондондогу үч кыймылсыз мүлккө байланыштуу сотту утуп алды. Британ полициясы Дарига Назарбаева менен анын уулу Нуралиге таандык деген үйлөр кайсы акчага сатылып алынганын түшүндүрүп берүүнү талап кылган.
Ирандын президенти Эл аралык Валюта Фондунан каржылык жардам сурап, насыяны бөлүштүрүүдө дискриминацияга жол бербөөгө чакырды.
Индиянын бийлиги коронавируска чалдыккандардын көбөйүшүнө “Таблиги жамаат” кыймылынын март айындагы чоң жыйындары себеп болгонун билдирүүдө. Мусулман коомчулугунун өкүлдөрү өлкөдө исламга каршы маанай күчөгөнүн белгилеп жатышат.
Дүйнөдө COVID-19 вирусун жугузгандардын саны 1 миллиондон ашты. Алардын дээрлик төрттөн бир бөлүгү Кошмо Штаттарга туура келет. АКШда соңку бир суткада бул илдеттен миңден ашык адам каза тапты. Испания менен Италияда да өлгөндөрдүн саны азайбай жатат.
«Талибан» кыймылынын расмий делегациясы 2001-жылдан бери биринчи жолу Ооганстандын баш калаасына келди. Алар Кабулда ооган өкмөтүнүн өкүлдөрү менен туткун алмашуу маселесин талкуулашты.
Дүйнө өлкөлөрүндө COVID-19 вирусуна байланыштуу жарыяланган карантин экологиянын жакшырышына өбөлгө түзүүдө. Изилдөөлөр элдин жана транспорттун каттамына чектөө коюлгандан бери Европада, Кытайда, Индияда жана АКШда аба тазарып жатканын көрсөттү.
Орусияда коронавируска чалдыккандардын саны бир күндө 27 пайызга көбөйдү. 31-мартта орус парламенти өкмөттүн өзгөчө кырдаал маалындагы ыйгарым укуктарын кеңейткен мыйзам долбоорун жактырды. Ошондой эле карантиндин эрежелерин бузгандар үчүн жазаны катаалдаштырды.
COVID-19 вирусунан 160 миң адам, анын ичинде Кыргызстанда үч киши айыгып чыкты. Бирок сакайганга чейин айрым бейтаптар кандай азап-тозоктон өтүшү мүмкүн?
Дүйнө жүзүндө өпкөнү сезгенткен COVID-19 вирусунан 128 миңдей адам айыгып чыкты. Оорунун симтомдору кандай? Бейтаптар кантип дарыланып жатышат? Учурда ооруканада жаткан же илдеттен айыгып чыккан адамдардын кеңештерин топтодук.
Коронавирустун белгилери жана кесепети тууралуу ооруканада жаткан жана илдеттен айыгып чыккан адамдар өздөрү айтып берет.
Коронавирус дүйнөнү тушап койду. Өпкөнү сезгенткен бул вирусту жугузгандар жарым миллион кишиге чукулдап баратат. Кайсы бир өлкөлөр илдетти натыйжалуу ооздуктай алса, вирусту этибар албай күчөтүп жибергендери да болду.
Дүйнө жүзүндө жекшемби күнү COVID-19 вирусун жугузуп алгандардын саны 312 миңге чукулдады. 13 миңден ашуун адам көз жумду. Италияда вирустан каза тапкандардын катары калыңдап баратат.
Чехияда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 500дөн ашты. Андан үч киши айыкса, беш бейтаптын абалы оор экени айтылды. Чехтер СOVID-19га каршы кантип күрөшүп жатканы тууралуу видеодон көрүңүз.
Иран коронавирустан улам баш-аягы 85 миң кишини абактан убактылуу бошотту. Бул өлкөдө жаңы вирустан каза тапкандардын саны миңге чукулдады.
Жүздөгөн адамдын өмүрүн алган коронавирус Кытайда гана эмес, Батыш өлкөлөрүндө да бизнести тушап койду. Кытай товары менен жан баккан кыргызстандыктардын да капчыгы жукарды. Орус рублу менен кошо казак теңгесинин, кыргыз сомунун курсу төмөндөдү. Толугураак “Биз жана дүйнө” берүүсүнөн көрүңүз.
"Кытай өкмөтүнөн Шинжаңдагы куугун-сүргүндү токтотууну талап кылам". Мындай пикирин Кытайдагы "саясий лагерлерди" биринчилерден болуп ашкере кылган шинжаңдык казак Сайрагүл Сауытбай Вашингтондо билдирди. Ага 4-мартта АКШнын Мамлекеттик департаментинин абройлуу сыйлыгы тапшырылды.
Дээрлик 25 жылдай котормочулук жана репетиторлук менен алектенген, Ош шаарында иштеген англис тили боюнча методист Хамид Турсунов «Азаттыкка» маек куруп, тил үйрөнүүнүн ыкмалары жана өзү жазган китептери тууралуу ой бөлүштү.
Британия менен Кыргызстан уурдалган акчаны артка кайтаруу багытында кызматташышы мүмкүн.
Дагы жүктөңүз