"Азаттык" радиосунун мурдагы башкы редактору . 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek
Британиянын Бишкектеги элчиси Чарльз Гаррет уурдалган каражаттар, мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин маселеси, Кыргызстандагы демократиянын абалы жанан өзүн популярдуулугу тууралуу «Азаттыктын» суроолоруна жооп берди.
Коркутуу, карактоо жана киши өлтүрүү. Кыргызстанда криминалдык дүйнөнүн кулагы көрүнгөн чуулгандуу окуялар көбүрөөк кабарлана баштады. Милиция уюшкан кылмыштуулук коопсуздукка коркунуч жараткан деңгээлге жеткенин мойнуна алып, "мыйзамдагы ууруларга" жазаны күчөтүүнү көздөп жатат.
Түркия менен Өзбекстан өз ара сооданын көлөмүн 5 миллиард долларга жеткирүүнү макулдашты. Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен өзбек лидери Шавкат Мирзиёевдин Анкарадагы сүйлөшүүсүндө ушундай чечим кабыл алынды.
Түркия Сириянын күчтөрү Идлибден чегинбесе, аймакта аскердик операциясын баштай турганын эскертти. Президент Эрдогандын мындай билдирүүсүн Москва сынга алды.
«Узун сакал коюу», «паспорт алуу» же «көп балалуу болуу». Кытай бийлиги Шинжаңдын ондогон тургундарын дал ушундай критерийлер менен саясий лагерлерге жөнөткөнү ачыкка чыкты.
Жапонияда коронавирустан улам карантинге алынган саякат кемеде бир кыргызстандык бар экени ырасталды. Казак полициясы Кордойдогу тополоңго түрткү бергени жоромолдонгон мушташка байланыштуу дунган тектүү үч бир тууганды кармады. Киевде Иранда атып түшүрүлгөн учакта шейит кеткендерге арналган эстелик
«Bellingcat» иликтөөчүлөр тобу чечен жикчилдеринин мурдагы командири Зелимхан Хангошвилини Берлинде өлтүрүү операциясын Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы уюштурганын билдирди. Москва мындай маалыматтарды четке кагып келет.
Жапония коронавирустан улам карантинге алынган саякат кемесиндеги айрым жүргүнчүлөрдү сыртка чыгара баштады. Кытайдын өзүндө вирусту жугузгандардын саны 64 миңге чукулдады.
Орусия калкынын президент Владимир Путинге болгон ишеними эки жылда дээрлик эки эсе азайды. "Левада" борборунун соңку сурамжылоосу көрсөткөндөй, азыр президентке элдин үчтөн бир бөлүгүнөн бир аз көбү гана ишенет. Бирок Путин жүргүзгөн саясатты колдогондордун катары дале калың.
Түркия Сириянын өкмөттүк күчтөрү беш түрк аскерин өлтүргөнүн билдирди. Окуя Анкаранын президент Башар Асадды колдогон Москва менен мамилеси чыңалып турган учурда орун алды.
"Оскар" киносыйлыгынын тарыхында биринчи жолу чет тилде тартылган тасма баш байгени жеңип алды. Түштүк кореялык режиссер Пон Чжун Хонун "Мителер" аттуу тасмасы «Эң мыкты фильм» деп табылды. Лос-Анжелесте 9-февралда өткөн сыйлык тапшыруу аземинде бул тасма дагы үч "Оскарга" ээ болду.
АКШ визалык чектөө киргизген алты мамлекеттин тизмесине Кыргызстан да кошулду. Мындай жагдайга эмне себеп жана ким күнөөлүү? Коомчулук кыргыз бийлигинен кандай аракеттерди күтөт? "Азаттыктын" "Биз жана дүйнө" берүүсүн көрүңүз.
31-январдагы чечими менен АКШнын президенти Дональд Трамп Кыргызстандын жарандарына визалык чектөөлөрдү киргизди. Алгач америкалык басылмалар ал «кара тизмеге» Беларус да кириши мүмкүн экенин жазышкан.
Нур-Султанга биринчи жолу келген АКШнын мамкатчысы Майк Помпео Казакстандагы өзгөрүүлөрдү кубаттады.
Дээрлик үч жарым жылга созулган талаш-тартыштан кийин Улуу Британия Европа Биримдигиндеги мүчөлүгүн токтотуп жатат. Эми Лондон менен Брюсселдин келечектеги алакасы кандай болоору алдыдагы 11 айда чечилмекчи.
Президент Владимир Путин Орусиянын Конституциясын өзгөртүүгө ыкчам киришти. Кремлдин көздөгөнү эмне? Орусияда Путинден кийинки доорго даярдык башталдыбы? Москвадагы саясий өнүгүүлөрдүн чөлкөмгө таасири кандай болот?
Орусиянын башкы прокурору Юрий Чайка кызматынан кетүүдө. Президент Владимир Путин анын ордуна Тергөө комитетинин жетекчи орун басары Игорь Красновдун талапкерлигин сунуштады.
Саясий партиялардын парламентке өтүү чегин 9 пайызга көтөргөн мыйзам күчүнө кирди. Деги эле тогуз пайыз деген канча добуш? Дүйнө өлкөлөрүндө шайлоо чеги кандай чечилген? “Азаттыктын” түшүндүрмө видеосун көрүңүз.
Түркия өкмөттүк күчтөр менен генералдын тиреши токтобой жаткан Ливияга өз аскерлерин жөнөткөнү жатат.
2019-жылы дүйнөнүн төрт континентинде ири элдик толкундоолор болду. Бир жыл ичинде бир нече мамлекеттеги шайлоолордо саясий тажрыйбасы жок лидерлер суурулуп чыгышты. Дүйнөдө каршылык маанай күчөдүбү? Эски саясатчылар элдин ишенимин актай албай калдыбы? “Биз жана дүйнө" берүүсүндө талдадык.
Дагы жүктөңүз