"Азаттык" радиосунун мурдагы башкы редактору . 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek
Рим папасы Франциск Рождествого карата кайрылуусунда качкындар менен мигранттарды коргоду. Ал катаал турмуштун айынан жер которууга аргасыз болгондордун жолун "кайдыгерликтин дубалы" тороп жатканын айтты.
Индияда "Жарандык жөнүндө" мыйзамга каршы нааразылык акциялары уланып жатат.
Британиядагы мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоодо Брекзитти жактаган Консерваторлор партиясы чоң жеңишке жетти. Эми партия лидери Борис Жонсон Британия менен Евробиримдиктин "ажырашуу жараянын" аягына чыгаруу үчүн күчтүү мандатка ээ болду.
Орусия Германиянын эки дипломатын өз аймагынан чыгарууну чечти. Өткөн аптада расмий Берлин да ушундай эле кадамга барган. Эки өлкөнүн мындай дипломатиялык жүрүштөрүнө Берлинде чечен улутундагы грузин жараны өлтүрүлгөнү себеп болду.
Беларустун баш калаасында Орусия менен интеграцияга каршы нааразылык акциясы жекшембиде да уланды.
Түркмөнстанда он жылдай ички иштер министри болуп иштеген таасирдүү аткаминер түрмөгө кесилди. Сот Искандер Муликовду жемкордук боюнча күнөөлүү деп тапты. Мамлекеттик телеканал мурдагы башкы полициячынын пара алганын мойнуна алып, өкүнгөнүн айтып жаткан видеосун да көрсөттү.
Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан “Хьюман Райтс Уотч” (HRW) уюму Бишкекте иштей баштаган адамдын жүзүн тааный алган камераларга байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Анын чоо-жайын уюмдун адам укуктары боюнча бөлүмүнүн изилдөөчүсү Лаура Миллс “Азаттык" менен курган маегинде кенен түшүндүрүп берди.
Түркия өз аймагынан чыгарууну чечкендердин арасында кыргызстандыктардын да бар экени кабарланууда.
Бишкекте биринчи жолу адамдын ким экенин жүзүнөн тааный алган камералар иштей баштады. Кытай бул технологияны Кыргызстанга эмне үчүн бекер берди? Эмне үчүн жарандык активисттер бул системага мораторий жарыялоону талап кылышууда? “Азаттыктын” “Биз жана дүйнө” берүүсүнөн көрүңүз.
Бишкек Бээжиндин чөлкөмдөгү коопсуздук чараларын жактаган 54 мамлекеттин билдирүүсүнө кошулду.
Орусия күрд кошуундары Сириянын түндүк-чыгышындагы "коопсуз тилке" түзүлө турган аймактан чыгып кеткенин жарыялады. Аны улай Анкара орус-түрк күчтөрү аймакты биргелешип күзөтүү ишин жума күнү баштай турганын билдирди.
АКШ президенти Дональд Трамп «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун лидери өлтүрүлгөнүн жарыялады.
АКШ Сириянын түндүк-чыгышындагы аскердик позициясын бекемдейт. Бул тууралуу Пентагон 24-октябрда билдирип, мындай чечимин чөлкөмдө "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун кайра баш көтөрүшүн жана алардын мунай кендерин басып алышын алдын алуу максаты менен түшүндүрдү.
Түрк-орус президенттери Анкаранын Сириядагы күрд кошуундарын бутага алган операциясына байланыштуу макулдашууга жетишкенин жарыялашты.
Дем алыш күндөрү Пакистан менен Индиянын ортосундагы кезектеги куралдуу кагылышуудан кеминде он адам каза тапты. Окуянын чоо-жайы боюнча эки тараптан карама-каршылыктуу маалымат келип жатат.
Британия менен Евробиримдик Брекзит боюнча жаңы келишимге жетишти.
Казак Мажилиси кыргыз-казак чегиндеги тыгынды азайтууга көмөктөшөрү айтылган протоколду жактырды.
Нобелдин тынчтык сыйлыгы Эфиопиянын премьер-министри Абий Ахмедге ыйгарылды. Ал бул сыйлыкка Эфиопия менен Эритреянын ортосундагы 20 жылдан ашкан куралдуу кармашты токтотууга салым кошкону үчүн татыды.
Сириянын Түркия менен чек арасына жакын жайгашкан Рас-эл-Айн шаарчасында бир нече жардыруу болду.
Орусиялык юрист Алена Попова адамды кебетесинен тааный алган технологиянын Москвада колдонулушуна каршы сотко кайрылды. Ал «акылдуу камералар» сынчыл көз караштагы адамдарды куугунтуктоого көмөкчү болуп жатканын айтууда. Бирок орус бийлиги мындай системанын пайдасы көп экенин баса белгилеп жатат.
Дагы жүктөңүз