"Азаттык" радиосунун мурдагы башкы редактору . 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek
Кытай Борбор Азия өлкөлөрүнө сунуш кылып жаткан көзөмөл жүргүзүүчү технологиялардын түпкү максаты эмнеде?
Сауд Арабиясынын тышкы иштер министри эл аралык коомчулукту Иранга кысым көрсөтүүгө чакырып, Саудиянын заводдоруна урулган сокку үчүн кайрадан Тегеранды айыптады. Ирандын президенти болсо бул чабуулдун артында Тегеран турганын так далилдеп берүүнү талап кылууда.
Орусиянын бир катар маданият ишмерлери Москвада 3-августта өткөн митингге байланыштуу үч жарым жылга түрмөгө кесилген актёр Павел Устиновду колдоп чыгышты. Сот 16-сентябрда Устиновду полиция кызматкерине күч колдонууга күнөөлүү деп тапкан болчу.
АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгы президент Владимир Путинге байланыштуу жашыруун маалымат берип жүргөн орус жаранын эки жыл мурда Орусиядан чыгарып кеткенин америкалык бир катар басылмалар жазып чыгышты. Бирок Ак үй да, Кремль да мындай маалыматты четке кагып жатат.
Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган сириялык качкындардын маселеси боюнча Батыш өлкөлөрүнө кайрылды. Ал эгерде Түркиянын Сирия менен чек арасына жакын жерде коопсуз аймак түзүлбөсө, Европага бараткан мигранттарды токтотпой турганын эскертти.
Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында экинчи күн катары менен кытайлык ишканаларга каршы митинг өттү. Акимиаттын алдына чогулгандар президент Касым -Жомарт Токаевди Бээжинге баруудан баш тартууга да чакырышты. Мындай акцияны баш калаа Нур-Султанда жана Актөбө, Чымкент шаарларында да колдоп чыгышты.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 2-сентябрда парламентте биринчи жолу элге кайрылды. Ал бийлик бир колдо топтолгон бул өлкөдө саясий атаандаштыкты жана плюрализмди өнүктүрүүгө убада берди.
Британияда премьер-министр Борис Жонсондун парламенттин ишин токтото туруу боюнча сунушу кескин сынга кабылды.
Канадалык компания эки тараптын ортосундагы соттук териштирүүлөр токтотулганын жарыялады.
Орусия алгачкы гуманоид роботун акыры Эл аралык космос станциясына жеткирди. Өткөн аптада «Фёдор» аттуу роботту салган кеме техникалык мүчүлүштүктөн улам станцияга жалгаша албай калган. Орус роботу эми космосто астронавттар менен иштешүүнү үйрөнгөнү жатат.
Эми кыргыз тарап буга чейин “Центеррага” койгон дооматтарынан толук баш тартабы? "Азаттыктын" түшүндүрмө видеосун сунуштайбыз.
Бакиевдин жакындары аралашкан ишкананын меморандумунан шек жараткан жагдайлар табылды.
«Орусча Google» атыккан «Яндекс» интернет порталы орусиялык депутаттардын бутасына айланды. Мамлекеттик Думанын айрым мүчөлөрү бул порталдын башкы жаңылыктарды тандоо ыкмасына капа болушууда. «Яндекс» кабарлар автоматтык түрдө тандаларын айтып жатат.
Исламабад менен Нью-Делинин Кашмир боюнча кайым айтышуусу уланууда. Индиянын премьер-министри Нарендра Моди өкмөттүн Кашмирдин Делиге баш ийген аймагынын атайын макамын жоюу боюнча чечимин коргоп чыкты. Анын алдында Пакистандын премьери Имран Хан Индиянын Кашмирдеги саясатын кескин сынга алган эле.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кармалышынын айланасындагы соңку окуялар тууралуу Кыргызстандагы коррупциянын табиятын иликтеп жүргөн швециялык окумуштуу, Стокгольмдогу Эл аралык мамилелер институтунун илимий кызматкери Йохан Энгвалл «Азаттыкка» ой бөлүштү.
Расмий Киев саясий куугунтукка кабылган орусиялыктарга украин жарандыгын жеңилдетилген жол менен берүүнү чечти. Украин президенти Владимир Зеленский өкмөткө бул багытта тиешелүү мыйзам долбоорун иштеп чыгууну тапшырды.
Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедов акыры эл алдына чыкты. «Аркадагдын» 5-июлдан бери коомчулуктун көзүнө чалдыкпаганы анын көз жумганы тууралуу айың-кептерге себеп болгон эле.
Орусия «Google» компаниясын «өлкөдөгү митингдерди жарнама кылып жатат» деп айыптады.
Өзбекстанда президенттин буйругу менен үч облустун башчысы элден кечирип сурады. Алар "эрежеге туура келбейт" деген турак жайларды түрттүрүүдө кемчилик кеткенин мойнуна алышты. Бул жараян жергиликтүү тургундардын нааразылыгын жараткан соң президент Шавкат Мирзиёев акимдердин ишин сынга алган эле.
Индиянын өкмөтү Кашмирдин Нью-Делиге баш ийген бөлүгүнүн атайын макамын жокко чыгарууну чечти.
Дагы жүктөңүз