"Азаттык" радиосунун мурдагы башкы редактору . 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek
Ушул жылдын алгачкы беш айындагы өз ара товар жүгүртүүнүн көлөмү боюнча Бишкек менен Нур-Султандын маалыматы эки башка чыкты.
Жакында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) экс-бажычы Райымбек Матраимовго байланыштуу компаниялардан 24 млн. сомдой салык өндүрүлгөнүн кабарлады.
Туура 20 жыл мурда "Өзбекстан ислам кыймылы" радикал тобунун жоочулары Кыргызстандын чек арасын бузуп, Баткен аймагына кирип келишкен.
Түндүк Корея соңку бир жума ичинде экинчи жолу кыска аралыктагы ракетасын учурду.
Борис Жонсон Британиянын бийликтеги Консерваторлор партиясынын лидери жана өлкөнүн жаңы премьер-министри болуп тандалды. Ал өкмөт башчы катары 24-июлда расмий түрдө ишке киришмекчи.
Түштүк Корея Жапон деңизинде Орусиянын аскердик учагына эскертүү иретинде ок атты. Расмий Сеул А-50 учагы Кореянын аба мейкиндигин эки жолу бузганын билдирди. Москва мындай айыпты четке кагууда.
АКШнын президенти Дональд Трамп менен Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин Осака шаарында кездешти. Стамбулдагы мэр шайлоодо бийликтин талапкерин жеңип чыккан оппозициянын өкүлү Экрем Имамоглу кызматка киришти.
Венесуэладагы орусялык аскерлер өлкөдөн чыгып кетип жатканы маалым болду. Казакстандын Арыс шаарындагы жарылуудан кийин эвакуацияланган кишилер бийликке талап коюшту. Өзбекстанда абакта отурган адамды сабаган эки түрмө сакчысы эки жылга кара жумушка кесилди.
Жогорку Кеңештин үчтөн экиси колдосо, Алмазбек Атамбаевден «экс-президент» деген макам алынып, аны жоопко тартууга жол ачылышы мүмкүн.
Америкада Мексика менен чек арадагы мигранттардын абалы боюнча талкуу күчөдү. Тбилисиде миңдеген киши ички иштер министринин кызматтан кетишин талап кылышты. Казакстандын Арыс шаарындагы жарылууда каза тапкандардын саны үчкө жетти.
АКШ Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеиге жаңы санкция салды. Казакстанда аскердик кампадагы жарылуудан экинчи адам каза тапты. Сириянын согуш аймактарындагы кыргыз атуулдары жасалма документтер менен Кыргызстанга кайтууга аракет кылып жатканы белгилүү болду.
БУУнун адам укуктары боюнча башкы комиссары Мишел Бачелет Сирия менен Иракта кармалып турган чет өлкөлүктөр боюнча үн катты. Ал «Ислам мамлекети» террордук тобунун мурдагы согушкерлеринин миңдеген жакындары мекенине кайтарылышы керек экенин айтты.
Өзбекстандын туңгуч президентинин кызы Гүлнара Каримова өз элинен кечирим, мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёевден ырайым сурады.
АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон Иранга кайрадан эскертүү берди. Ирандын президенти Хасан Роухани болсо Вашингтонду «Жакынкы Чыгыштагы чыңалууну күчөтүп жатат» деп айыптады.
Украинанын чыгышында малайзиялык учактын атып түшүрүлүшүнө байланыштуу биринчи жолу шектүүлөргө айып коюлду. Нидерланд жетекчилик кылган Эл аралык тергөө тобу төрт шектүүнүн үчөө Орусиянын, бирөө Украинанын жараны экенин жарыялады. Москва беш жыл мурдагы окуяга тиешеси жоктугун билдирип келет.
Украин президенти Владимир Зеленский Париж менен Берлиндеги сапарында Орусияга каршы экономикалык басымды улантууга чакырды. Жакында президент Владимир Путин Орусия Зеленскийдин бийлиги менен иштешүүгө даяр экенин билдирген.
Расмий Тегеран жакын арада өзөктүк келишимдин айрым шарттарын аткаруудан баш тартаарын эскертти. АКШ Ирандын мындай билдирүүсүн "шантаж" деп атады.
Бийликти колдон чыгаргысы келбеген саясий лидерлер эркин маалымат каражаттарына кысым көрсөтүүнүн жаңы жолдорун өздөштүрүп жатышат.
Бээжиндин Тяньаньмэнь аянтында студенттердин нааразылык акциясынын аёосуз түрдө күч менен басылганына туура 30 жыл болду. Бул окуяда демократиялык өзгөрүүлөрдү талап кылган жүздөгөн адамдар коопсуздук күчтөрүнүн колунан каза тапкан.
АКШ президенти Дональд Трамп үч күндүк мамлекеттик сапары менен Лондонго келди. Анын бул келишин утурлай Британиянын бир катар шаарларында Трамптын саясатын сындаган акциялар өткөнү турат.
Дагы жүктөңүз