"Азаттык" радиосунун мурдагы башкы редактору . 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek
Өзбекстан Жакынкы Чыгыштагы согуш аймактарынан 156 жаранын чыгарып келди. Казакстанда 1930-жылдары атууга кеткен 168 адамдын сөөктөрүн кайрадан жерге беришти. Америкада салмагы алманыкындай болуп ара төрөлгөн ымыркай беш айдан кийин торолуп, төрөтканадан үйүнө чыгарылды.
Казакстанда президенттикке талапкерлердин теледебаттары болду. Бирок ага учурдагы президент Касым-Жомарт Токаев өзү катышкан жок.
Кытайлык “Huawei” компаниясы Вашингтондун чечимине байланыштуу үн катты. Ооган президентинин кеңсесинде иштегендер аялдардан кызмат үчүн “төшөк мамилесин” талап кылганы кабарланды. Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев Евразия экономикалык кеңешинин "ардактуу төрагасына" айланды.
Ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдаалы кызынын өмүрү кыйылганына бир жыл толду. Буга карата "Хьюман Райтс Вотч” уюму жаңы баяндамасын жарыялап, анда кыргыз бийлигин аялдар менен кыздардын укугун коргой албай жатат деп сындады.
Украинанын жаңы президенти Владимир Зеленский куралдуу кармаш токтобой жаткан Донбасс аймагына барды. Кытайдын Казакстандагы элчиси Чжан Сяо Шинжаңда казактарга кысым жасалып жатканы тууралуу кабарларды «жалганга» чыгарды.
Май айынын башында Кыргызстан Кумтөр алтын кенин иштеткен «Центерра Голд» компаниясынын директорлор кеңешиндеги эки өкүлүн алмаштырды.
Австриянын канцлери Себастьян Курц чуулгандуу видеодон кийин кызматтан кетти. Дүйшөмбү күнү өлкөнүн парламенти ага жана анын өкмөтүнө ишеним көрсөткөн жок.
Москвада мыйзамсыз мигранттар үчүн жасалма документтерди даярдоо жана сатуу менен алектенген ондогон борбор азиялыктар кармалды.
Кытай Арктикадагы атаандаштык тууралуу АКШнын билдирүүсүн четке какты.
АКШ Иранга эскертүү иретинде Жакынкы Чыгыш тарапка аскердик кемеси баш болгон кошумча күчтөрүн жөнөтүп жатканын билдирди.
«Хьюман Райтс Уотч» (HRW) уюму Кытайдын бийлиги Шинжаңдагы мусулман калктарын көзөмөлдөп туруу үчүн чөнтөк телефондогу өзгөчө бир тиркемени колдонуп жатканын билдирди.
Жогорку Рада украин тилинин колдонуу чөйрөсүн кеңейткен мыйзам долбоорун акыры кабыл алды. Президент Петро Порошенко талкуу жараткан бул документке кол коюп кетерин билдирди. Орусия муну "украиндештирүү" аракети деп мүнөздөдү.
Украинанын жикчилдер көзөмөлдөгөн Донбасс аймагынын тургундары орус жарандыгын жеңилдетилген жол менен алмай болушту. Тиешелүү жарлыкка 24-апрелде орус президенти Владимир Путин кол койду. Расмий Киев бул чечимди кескин айыптап чыкты.
Пхеньян жаңы куралын сынаганын жарыялады. Бирок кандай курал сыноодон өткөнүн так билдирген жок. Бул жарыяны улай Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Орусияга бара турганы ырасталды.
Индияда парламенттик шайлоо башталды.
Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Москвада орус лидери Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. 8-апрелдеги бул кездешүү Анкаранын Орусиядан С-400 ракеталык комплексин сатып алуу планына Вашингтон кескин каршылыгын билдирип жаткан учурга туш келди.
Орусия Казакстанга атомдук электр станциясын (АЭС) курууну сунуш кылды. Бул тууралуу президент Владимир Путин казак лидери Касым-Жомарт Токаев менен Москвада жолукканда айтты. Анын бул сөзүн улай Казакстанда АЭС куруш үчүн эки жер дайындалганы маалым болду.
Украинадагы президенттик шайлоодо куудул Владимир Зеленский алдыга чыгууда.
Өлкө аймагында 30 миңден ашуун шайлоо бекети ачылды.
Индия жандоочту атып түшүрө алган ракетасын ийгиликтүү сыноодон өткөргөнүн жар салды. Премьер-министр Нарендра Моди эми өз өлкөсү жогорку деңгээлдеги космостук технологиясы бар супер державага айланганын айтты. Аны улай коңшу Пакистан космосту жарыша куралдануунун чордонуна айлантпоого чакырды.
Дагы жүктөңүз