"Азаттык" радиосунун мурдагы башкы редактору . 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek
Орусия, Иран жана бир катар араб өлкөлөрү АКШ администрациясынын Голан дөңсөөлөрүнө Израилдин ээлигин таануу чечимин четке кагышты. Вашингтон 25-мартта кол коюлган документ эбак эле фактыга айланган жагдайды гана тааныганын билдирди.
Парижде жүздөгөн адамдар Кытайдагы уйгурлар менен тибеттиктердин укуктарын коргоп чыгышты. Израил Газа тилкеси менен чек арага танктарды жайгаштырды. Ирландиялык белгилүү мушкер Конор Макгрегор спорттон кетет.
"Сириянын демократиялык күчтөрү" "Ислам мамлекети" террордук тобунун акыркы чордону бошотулганы менен согушкерлерге каршы күрөш улана берерин билдирди. Ал эми жихадчылардын аялдары менен балдарынын келечек тагдыры күрт күчтөрүнүн башын оорутуп турган чак.
Азербайжан президенти Илхам Алиев өлкөдө саясий жана экономикалык реформалар ишке аша турганын жар салды. Мунун алдында Алиев элдин карызын кечип, элүүдөн ашуун саясий туткунду боштондукка чыгарган. Батышта авторитардык өлкө деп мүнөздөлгөн Азербайжандагы мындай өзгөрүүлөргө эмне себеп?
Казакстандын борбору Астана шаары эми Нурсултан деп өзгөрөт. Казак парламенти жаңы ишке киришкен президент Касым-Жомарт Токаевдин сунушун дээрлик бир добуштан колдоп берди.
Нидерланддын Утрехт шаарында куралчан адам трамвайдын ичинде жүргүнчүлөргө ок атып, андан кеминде үч кишинин өмүрү кыйылды. 18-марттагы бул окуядан бир нече саат өткөндөн кийин негизги шектүү колго түшүрүлдү.
Жаңы Зеландиянын өкмөтү 50 кишинин өмүрүн алган теракттан кийин курал-жаракка көзөмөлдү күчөтүүгө киришти. Крайстчерч шаарындагы эки мечитте кыргын уюштурган киши адвокаттан баш тартып, өз укугун өзү коргой турганын билдирди.
Сербияда оппозициянын соңку жүрүштөрүнөн кийин президент Александр Вучич өлкөдө тартипти коргоого убада берди. 16-мартта Вучичтин бийликтен кетишин талап кылган оппозициячыл топ мамлекеттик телеканалды ээлеп алып, өздөрүнүн пикирин элге жеткирүүнү талап кылышкан.
Москванын Крымды каратып алганына туура беш жыл болду.
Сириянын Багхуз аймагында «Ислам мамлекети» террордук тобунун жүздөгөн согушкерлери күрт күчтөрүнө багынып беришти. Алардын арасында кыргызстандыктар да болушу мүмкүн экенин аймакта тартылган видеолордун бири күбөлөп турат.
Орусиянын бир нече шаарында Интернеттин эркин болушун талап кылган акциялар өттү. Чогулгандар Рунетти Дүйнөлүк желеден бөлүп коюуга жол ачкан мыйзам долбооруна каршылыгын билдиришти.
Кыргыз парламентинде “Таблиги жамаат” боюнча маселе соңку жарым жылда кеминде эки жолу көтөрүлдү. Дааватчылар деген ат менен белгилүү бул диний кыймылга Орусия жана Борбор Азиянын үч өлкөсү тыюу салган. Бирок Кыргызстан коңшуларынын мындай чараларын колдобойт.
Тажик бийлиги тарабынан уурдалган Шарофиддин Гадоев Нидерланддан үн катты.
"Амазон" компаниясынын жетекчиси Жефф Безос кайрадан "дүйнөнүн эң бай адамы" деп аталды. "Форбстун" жаңы тизмесинде АКШ президенти Дональд Трамп 51 орунга алдыга жылса, 21 жаштагы америкалык модель, реалити-шоунун жылдызы Кайли Женнер Жер шарындагы эң жаш миллиардер болуп калды.
Быйыл Кытай армиясынын бюджетин 7,5 пайызга көбөйтө турган болду. Адистер бул сан мурда жоромолдонгондон аз болгону менен президент Си Цзиньпиндин дүйнөлүк класстагы армияны түзүп чыгуу планын четинен ишке ашырууга жетиштүү экенин айтып жатышат.
Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту иликтөө борбору (OCCRP) арам акчаны адалдоо менен алектенген ири глобалдык схеманы ашкереледи.
"Гэллап" (Gallup) институтунун акыркы сурамжылоосу АКШнын азыркы президенттик администрациясынын дүйнө жүзүндөгү кадыр-баркы дээрлик Орусияныкы менен теңелгенин көрсөттү. Дүйнөлүк төрт державанын ичинен Германия лидерлеринин саясаты эң көп ишенимге ээ болгон.
Пакистан бул аймакта Индиянын эки аскердик учагын атып түшүргөнүн, эки учкучун кармаганын билдирди. Бир күн мурда Индиянын аба күчтөрү Пакистандын аймагындагы "террорчулардын лагерине" сокку урганын жар салган эле.
“Настоящее Время” телеканалы Борбордук Африка Республикасында жүргөн орусиялык жалданма аскерлердин арасында бир кыргызстандык бар экенин аныктады. Алдыда ал иликтөөнүн урунттуу жерлери менен тааныштырабыз.
Индия Пакистандын аймагындагы «террорчулардын лагерине» абадан сокку урганын жарыялады. Буга 14-февралда Кашмирдеги 40тан ашык адамдын өмүрүн алган жанкечтинин жардыруусу түрткү болду. Пакистан Индия абадан шашылыш чабуул койгонун, андан эч ким жабыркабаганын билдирди.
Дагы жүктөңүз