"Азаттык" радиосунун мурдагы башкы редактору . 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek
Кыргызстандан уурдалып кеткен акчаны артка кайтарууда кандай тоскоолдуктар бар? Бакиевдин режими тушундагы финансылык махинацияларды талдаган “Чек арасыз диктаторлор” китебинин авторлорунун бири, Британиядагы Эксетер университетинин профессору Жон Хезершоу “Азаттыкка” маек курду.
Молдовада парламенттик шайлоого саналуу күн калганда оппозициянын эки лидери ууландырылганын айтып чыкты. Алар "бизди өлтүргүсү келет" деп бийликти айыпташты. Молдованын бийликтеги партиясы оппозиционерлердин билдирүүсүн дароо четке какты.
Президент Нурсултан Назарбаевдин сынынан кийин казак өкмөтү кызматтан кетти. Талдоочулар өлкөдө бийликке карата нааразы маанай күчөгөн учурда Бакытжан Сагинтаевдин өкмөтү садага чабылганын айтып жатышат.
Президент Дональд Трамп Американын космостук күчтөрүн түзүү тууралуу буйрукка кол койду. Армиянын бул бөлүгү атаандаш өлкөлөрдүн космостогу достукка жатпаган болжолдуу аракеттерине каршы турууну максат кылат.
"Ислам мамлекети" террордук тобунун акыркы чордону саналган Сириянын чыгышындагы Багхуз кыштагынан жүздөгөн адамдар качып чыгууда. АКШ колдогон күрт күчтөрү бул аймактагы согушкерлерди бутага алган операциясын алты күн мурда баштаган.
Мамлекеттик Дума “эгемен Рунет” тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Демилгечилер бул документ Глобалдык желе менен байланыш үзүлүп калганда Орусияда Интернеттин үзгүлтүксүз иштей беришин камсыз кыларын айтышууда. Бирок бул чара бийликтин Интернетке көзөмөлүн күчөтпөйбү?
Расмий Бээжин Шинжаңда мусулман азчылыктарынын укугу бузулуп жатканы тууралуу Түркиянын билдирүүсүн четке какты. Түркия Кытайдагы саясий лагерлерде 1 миллиондон ашык уйгурлар кармалып турганын билдирип, Бээжинди мындай жайларды жабууга чакырган.
Тажикстанда мурда жабылган мечиттердин кайсынысы кайра ачыларын аныктай турган атайын комиссия түзүлдү. Бул комиссия кайсы аймакка канча диний жай керек экенин да тактап чыкмакчы. Мындан бир канча жыл мурда тажик бийлиги жүздөгөн мечиттерди жаап салган.
"Freedom House" дүйнөдө демократиянын абалы 13 жыл катары менен начарлап баратканын билдирди.
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш дүйнө жүзүндө жалданма аскерлердин саны өсүп жатканына тынчсыздануусун билдирди. Ал жеке менчик аскердик компаниялар кайсы бир тараптын гана кызыкчылыгын коргобостон, чоң кылмыштарга аралашып жатканын айтты.
Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерлерде мекенине кете албай жаткан кыргызстандык аялдар жана балдар бар. Бул тууралуу “Хьюман Райтс Уотч” (HRW) уюмунун Террорчулук жана контр-террорчулук боюнча программасынын директору Надим Хоури "Азаттыкка" маегинде билдирди.
Украинада президенттикке талапкер болгусу келген адамдардын саны 83кө жетти. Үмүткөрлөрдүн катары калың болгону менен негизги атаандаштык бир нече талапкердин арасында гана жүрчүдөй.
АКШнын аймактарын арктикалык суук каптады. Абанын температурасы айрым жерлерде -50 градуска чейин төмөндөп, мындай аба ырайы кеминде сегиз кишинин өлүмүнө себепчи болду. Метеорологдор ызгаарда элди этият болууга чакырып жатышат.
Казак президенти Нурсултан Назарбаев өкмөттүн кеңейтилген жыйынында бир катар министрлердин ишин кескин сынга алды. Ал Казакстандын каржы жана банк тармагына жооп берген жетекчилерди "коркоктор" деп атады.
Британ парламенти Брекзит келишимин өзгөртүш керек деген бүтүмгө келди. Бирок расмий Брюссел келишим кайра каралбай турганын кайталады. Британиянын уюмдан чыгарына эки айдан аз убакыт калса да коомчулукта Брекзит боюнча дагы эле кайчы пикирлер бар.
Казакстандык депутат өлкөнүн расмий аталышын өзгөртүүнү сунуш кылды. Ал шаршембиде парламент жыйынында Казакстанды "Казак Республикасы" деп атоо зарыл экенин айтты. Беш жыл мурда президент Нурсултан Назарбаев Казакстандын аталышынан "-стан" деген мүчөнү алып салуу демилгесин көтөргөн эле.
Москва соту тыңчылыкка шек саналып жаткан америкалык жаранды күрөөгө бошотуудан баш тартты. Шейшембидеги соттук жараяндан кийин анын адвокаты өз кардары айыптарды четке кагарын айтып, аны кимдир бирөөлөр атайылап тузакка түшүргөнүн ишара кылды.
Евробиримдик орус тыңчысы Сергей Скрипалдын ишине байланыштуу ГРУнун жетекчисине санкция салды.
Орусиянын Москва баштаган бир катар шаарларында Курил аралдарын Жапонияга өткөрүп бербөөгө чакырган жүрүштөр өттү. Былтыр ноябрь айында эки тарап аралдар маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү тездетүүнү макулдашкан.
Беларус фирмасы дүйнөдөгү биринчи криптобиржаны ачканын жарыялады.
Дагы жүктөңүз