"Азаттык" радиосунун мурдагы башкы редактору . 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek
Канадалык жарандын өлүм жазасына кесилиши Оттава менен Бээжиндин кайым айтышуусун күчөттү.
Кырсыкка кабылган учак Тегеранга жакын жердеги "Пайам" аэропортуна конушу керек эле.
Белгиянын түндүгүндөгү Фландрия аймагында малды мууздап союуга тыюу салган мыйзам күчүнө кирди. Ага ылайык, бодо мал болобу же үй канаттууларыбы, айтор, алар алгач эстен тандырылгандан кийин гана союлушу керек. Мындай эрежеге мусулмандар менен жөөттөрдүн диний уюмдары нааразы.
Өзбекстанда кезинде Гүлнара Каримованын камкордугунда болгону айтылган "Зеромакс" компаниясынын башчысы сегиз жылдан кийин камактан бошотулду. Байкоочулар Батыш инвесторлоруна олчойгон карызы бар компания жетекчисинин абактан чыкканын өзбек президентинин саясий чечими катары мүнөздөп жатышат.
Президент Трамп америкалыктарга кайрылуусунда АКШнын түштүктөгү чек арасында гуманитардык кризис күчөп баратканын айтып, демократтарды мындай кырдаалды "таануудан баш тартып жатат" деп сындады. Конгресстеги демократтардын лидерлери да түз эфирде президенттин айткандарына жооп беришти.
Швецияда терроризм боюнча айыпталып жаткан кыргыз жана өзбек жарандарынын соту башталды. 7-январдагы алгачкы соттук териштирүүдө прокуратура айыпталуучулардын айрымдары Швецияда ири теракт уюштурууну көздөшкөнүн билдирди. Бирок соттолуучулар дооматтарды четке кагып жатышат.
Миллиондогон православ христиандары бүгүн Ыйса пайгамбардын туулган күнүн белгилеп жатышат.
Алматыда көркөм муз тебүүнүн чебери Денис Тендин өлүмүнө шектүү катары кармалган үч кишинин соту башталды. Алар бейшембидеги алгачкы соттук териштирүүдө негизги айыпты четке кагышты. Маркумдун жактоочулары белгилүү фигурист буюртма менен өлтүрүлгөнүн айтышууда.
Орусияда СССР заманын эңсеген жарандардын саны көбөйгөнүн "Левада-борборунун" жаңы сурамжылоосу көрсөттү. Ага катышкан орусиялыктардын үчтөн экиси Советтер Союзунун ыдырап кеткенине өкүнөрүн айтышкан.
Орус президенти көчөлөрдө валюта курсун көрсөткөн такталарды илүүгө тыюу салган мыйзам долбооруна кол койду. Мындай чара мыйзамсыз акча алмаштыруучу жайларга каршы күрөшүү максатын көздөйт. Бирок жаңы мыйзамды рублдун курсундагы олку-солку жагдайды жаап-жашыруу аракети деп мүнөздөгөндөр жок эмес.
Евробиримдиктин лидерлери британ премьер-министринин Брекзит келишимин кайра карап чыгуу тууралуу өтүнүчүн кескин түрдө четке кагышты. Ал түгүл уюм Британия менен эч бир келишим түзүлбөй калган кырдаалга даярданыш керек экенин да билдирди.
Орус абагында отурган украиналык режиссер Олег Сенцовго Европа парламентинин Сахаров сыйлыгы расмий ыйгарылды. Адам укуктары жаатындагы бул абройлуу сыйлык 12-декабрда Страсбургдагы жыйында Сенцовдун бөлөсүнө тапшырылды.
Британ парламентинде Брекзит келишимине добуш берүү токтотулгандан кийин өлкөнүн премьер-министри Евробиримдиктин айрым лидерлери менен жолугуп жатат. Бирок уюм британ өкмөтү менен бул келишим боюнча кайра сүйлөшүү болбой турганын ачык айтты.
Йемендеги жоолашкан тараптар эки жылдан бери биринчи жолу сүйлөшүүгө чогулду. Европада уюшкан кылмыштуу топко каршы жүргүзүлгөн атайын операциянын алкагында 90 киши кармалды.
Түркиянын соту Саудиянын эки жаранын камакка алууга ордер берди.
Иран президенти Хасан Роухани кайрадан Ормуз кысыгын жаап салаарын айтып, АКШга эскертүү жасады. Бирок АКШнын расмий өкүлү Роуханинин айткандарын четке кагып, Тегеран Ормуз кысыгын көзөмөлдөбөй турганын билдирди.
НАТО Орусиядан Керч жаңжалында кармалган украиналык деңиз аскерлерин бошотууну талап кылды. Адвокаттар Орусияны украин аскерлеринин укугун коргоодо тоскоолдук жаратты деп айыптаса, орус тарап мындай дооматтарды четке кагып жатат.
Тажикстандын Хожент шаарындагы түрмөдө тополоң чыгарды делген адамдарга карата жаңы кылмыш иштери ачылды. 8-ноябрга караган түнү болгон окуя боюнча абакта отурган онго чукул кишиге айып тагылып жатканы белгилүү болду.
Грузиянын тарыхында биринчи жолу аял саясатчы президент болуп шайланды. 66 жаштагы Саломе Зурабишвили Грузиянын чет өлкөдө төрөлгөн алгачкы президенти да болуп калмакчы.
Ооган президенти Ашраф Гани талибдер менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жол картасы иштелип чыкканын билдирди. Буга чейин АКШнын атайын чабарманы "Талибан" кыймылы менен Катарда сүйлөшүүлөрдү өткөрүп келген эле.
Дагы жүктөңүз