"Азаттык" радиосунун мурдагы башкы редактору . 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek
Бозгундагы казак оппозиционери Мухтар Аблязов сыртынан өмүр бою абакка кесилди. Жамбыл облусунун район аралык соту аны 14 жыл мурда "киши өлтүрүүнү уюштурган" деп тапты. Учурда чет өлкөдө жүргөн саясатчы бул айыпты өзүнүн саясий ишмердиги менен байланыштырып келет.
Британиянын премьер-министри парламентти Брекзит макулдашуусун колдоого чакырды. Жекшемби күнү Евробиримдикке мүчө 27 мамлекеттин лидерлери Британиянын уюмдан кандай шартта чыгаарын аныктаган документти жактырган эле. Бирок британ саясатчыларынын арасында бул келишимди кескин сынга алгандар аз эмес.
Украина менен Орусиянын кемелеринин кагылышуусунан кийин Крымдагы Керч кысыгы убактылуу жабылды.
АКШ журналист Жамал Хашогжинин (Хашогги) өлтүрүлүшү боюнча 17 саудиялык жаранга санкция салды.
АКШнын вице-президенти Майк Пенс рохинжа мусулмандарынын маселеси боюнча Мьянманын иш жүзүндөгү лидери Аун Сан Су Чжинин өкмөтүн сынга алды. Пенс менен Сингапурда шаршемби күнү жолуккан Су Чжи өз өлкөсүн “башкаларга караганда жакшыраак түшүнөрүн” айтып, жооп кайтарды.
Cалык кызматы мамлекеттик кызматкерлердин жана алардын жакындарынын 2017-жылдагы кирешеси менен чыгашасы тууралуу декларацияларын жарыялап жатат. Айрым жогорку кызматтагы адамдар декларациясында кандай мал-мүлкүн көрсөтүшкөн? "Азаттыктын" түшүндүрмө видеосунан көрүңүз.
Тажикстандын Хожент шаарындагы түрмөдө тополоң чыкты. Аны басуу учурунда бир нече адамдын өмүрү кыйылганы кабарланды. Бийлик өкүлдөрү шаршембинин кечиндеги окуяга эмне себеп болгонун айтыша элек. Хоженттеги кырдаалдан улам Кыргызстан Тажикстан менен чек арасында көзөмөлдү күчөткөнү белгилүү болду.
Украиналык таанымал жарандык активист Екатерина Гандзюктун өлүмү Киевде саясий чыңалууга себеп болду. “Жооптууларды таба алган жок” деп сынга кабылган украин башкы прокурору кызматтан кетерин жарыялады. Бирок айрым депутаттар муну "саясий шоу" жана жоопкерчиликтен качуу аракети катары баалашты.
Армениянын парламенти экинчи жолу премьер-министрди шайлай албай калды. Натыйжада парламенттин таркашына жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө жол ачылды. Өкмөт башчылыкка формалдуу түрдө премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Никол Пашинянындын талапкерлиги көрсөтүлгөн эле.
Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын Архангельск шаарындагы имаратында жардыруу болду.
Немис канцлери Ангела Меркел мөөнөтү аяктагандан кийин кызматтан биротоло кетерин билдирди. Ал жыл соңунда бийликтеги Христиан-демократиялык партиянын жетекчилиги үчүн ат салышпай турганын да айтты. Меркел мындай чечимин өз партиясы аймактык шайлоолордо ийгилик жарата албагандан кийин жарыялады.
Индонезияда учак кыйрады. Баш-аягы 189 адам бараткан учак Ява деңизине кулап түштү. Питтсбург шаарындагы синагогада 11 кишинин өмүрүн кыйды делген адамдын соту башталууда. Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Ташкент облусунда алты кишини суу аккан арыкка салып жазалаган окуяны иликтей баштады.
Жапониянын премьер-министри акыркы жети жылда биринчи жолу Бээжинге келди. Соңку эки күндө Синдзо Абэ менен Кытайдын премьер-министри Ли Кецян ири экономикалык келишимдерге кол коюшту.
Орусия НАТОну аскердик аракетин күчөтүп жатат деп айыптады.
Латвиялык ишкер Валерий Белокондун Англиядагы футбол клубуна байланыштуу британ бизнесмени менен талашына чекит коюла элек. "Гардиан" басылмасы Белокондун клубду колго алуу аракетине анын Кыргызстанда соттолгону жолтоо болуп жатканын жазып чыкты.
Москвадагы "Цивилизациялар диалогу" институнун илимий изилдөөлөр боюнча жетекчиси, саясат таануучу Алексей Малашенко Кыргызстандагы соңку бир жылдагы өзгөрүүлөр тууралуу "Азаттыкка" кыскача ой бөлүштү.
Казакстанда темир тор артындагы аткаминерге өзгөчө ыңгайлуу шарт түзүп берген түрмө жетекчилери өздөрү абакка кесилди. Соттун өкүмүндө айтылгандай, алар "Коррупция" беренеси менен соттолгон аткаминерге күчөтүлгөн тартиптеги колониянын ичинде үйдөгүдөн да жакшы шарт түзүп беришкен.
Сауд Арабиясынын бийлиги журналист Жамал Хашогги Стамбулдагы консулдукта өлтүрүлгөнүн ырастаганы менен анын сөөгү кайда экенин ачык айта элек. Түркия саудиялык журналисттин кантип өлгөнүн толук ачыкка чыгарууга убада берди.
Кытайдагы тарбия лагерлеринин биринде 80 жаштагы казак карыя көз жумганы белгилүү болду. Атасы бир ай мурда каза тапканын бул аптада гана билгенин учурда Түркияда жашап жаткан этникалык казак Өмүрбек Бегалы “Азаттыкка” билдирди.
Орус президенти Владимир Путин Өзбекстанга эки күндүк мамлекеттик сапары менен келди. Бул визиттин алкагында орус-өзбек лидерлери Борбор Азиядагы алгачкы атомдук электр станциясынын курулушун баштап беришти.
Дагы жүктөңүз