"Азаттык" радиосунун мурдагы башкы редактору . 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek
Саудиялык журналист Жамал Хашоггинин дайынсыз жоголушунан улам Эр-Риядда кийинки аптада өтө турган ири инвестициялык конференцияга катышуудан баш тарткандардын катары калыңдады.
Крымдын Керч шаарындагы коллежде орун алган ок атуу жана жардыруудан 20 киши каза тапкан.
Расмий Эр-Рияд эгер журналист Жамал Хашоггинин жоголушуна байланыштуу Сауд Арабиясына санкция салынса, ага жооп кайтарыларын эскертти. Андан мурда АКШ, Британия сыяктуу бир катар өлкөлөрдо Саудияга чара көрүүгө чакыргандар болгон.
Өзбекстандагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү кайтарган милиция кызматкерлери пахта талаасына күчтөп жөнөтүлгөнүн айтып чыгышты. Шавкат Мирзиёев башында турган өзбек өкмөтү бюджеттик кызматкерлерди ишке салууга каршы чара көрөбүз деп убада кылган эле.
Москвада жүргүнчүлөрдү сүзгөн кыргызстандык Чыңгыз Анарбек уулу жазасын эркиндикте өтөмөй болду. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев диний радикализм менен күрөшүү үчүн интернет портал ачууну сунуштады. Угандада жер көчкү 31 адамды басып калды.
Азербайжандык банкирдин аялы Замира Хажиева Британиянын арам акчага каршы күрөшкөн жаңы мыйзамынын кылтагына илинген алгачкы адам болуп калды. Ал он жыл ичинде бир эле дүкөндө кеминде 21 миллион доллар короткону аныкталды. Эми ал мынча акчаны кайдан тапканын далилдеп берүүгө тийиш.
Түрк медиасы "саудиялык журналист Жамал Хашоггинин дайынсыз жоголгонуна тиешеси бар" деп 15 кишинин ысымын атады. “Сабах” гезити бул адамдар журналист жоголгон күнү Саудиядан Түркияга келип, ошол эле күнү кечинде кайра учуп кетишкенин жазды.
«Левада-борборунун» соңку сурамжылоосу орус президенти Владимир Путиндин эл арасындагы кадыр-баркы кыйла төмөндөп кеткенин көрсөттү. Бир жылга жетпеген убакыт ичинде эле Путинге ишеним көргөзгөн орусиялыктардын саны 20 пайызга азайган.
Казакстан Кытайдан качып келген Сайрагүл Сауытбайга башкалка бербей турган болду. Анын адвокаты эл аралык уюмдардан жардам күтүп жатат. Миграция комитетинин комиссиясы Сауытбайдын Кытайда кысым көргөнү далилденген жок деген чечимге келген.
Допингге каршы дүйнөлүк агенттик (же WADA) бейшембидеги жыйынында Орусияны колдогон чечим чыгарды. Ага ылайык, Орусиянын допингге каршы агенттигинин - РУСАДАнын аккредитациясы калыбына келтириле турган болду. Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнүн спортчулары бул чечимге каршылыгын билдиришкен эле.
Өткөн жумада “Таблиги жамаат” боюнча маселе парламентте кайрадан көтөрүлүп, бул диний уюмдун оң-терс жактары тууралуу пикирлер айтылды. Кыргызстандын атайын кызматы "Таблиги жамаат" уюму өлкөгө коркунуч жаратпайт деп билдирди. Бул уюмдан башка өлкөлөр, анын ичинде Казакстан менен Орусия эмнеге чочулап жатат? Ал эми "Таблиги жамааттын" Пакистандагы таасири кандай?
Индиянын өкмөтү мусулмандардын талак айтып ажырашуусун кылмышка теңеген буйрук чыгарды. Ага ылайык, аялына талак берген эркектер эми түрмөгө кесилет. Мындай чечимди көптөгөн жарандык активисттер, алардын ичинде мусулман аялдары колдогону менен каршы болгон адамдар да аз эмес.
Филиппинде ондогон кишинин өмүрүн жалмаган “Мангхут” тайфуну Кытайдын түштүк тарабына жетти. Мындан улам Кытайдын бир нече аймагында 2,5 миллиондой киши коопсуз жайга көчүрүлдү. Дүйнөнүн батышында болсо “Флоренс” бороонунун коркунучу дале басаңдай элек.
Алматыда Кытайдан көчүп келген бир катар кайрылмандар казак бийлигине жана Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча комитетине кайрылуу жолдошту. Алар Кытайдагы саясий тарбия берүүчү лагерлерде кармалып турган жакын туугандарын бошотууга жардам берүүнү өтүнүп жатышат.
Беларус президенти соңку 24 жыл ичинде биринчи жолу расмий сапары менен Ташкентке келип кетти. Александр Лукашенконун 12-14-сентябрдагы Өзбекстандагы сапары маалында эки тарап 15тен ашык документке кол коюшту. Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Беларус менен товар жүгүртүүнүн көлөмүн 1 миллиард долларга чейин чыгарууну убада кылды. Мурдагы өзбек президенти Ислам Каримовдун тушунда беларус-өзбек алакасы кескин начарлап, керек болсо Минскиде өзбек элчилиги ачылбай келген.
Мьянманын де-факто лидери Ан Сан Су Чжи Reuters агенттигинин эки журналистине чыккан сот өкүмүн коргоду. Рохинжа мусулмандарынын куугунтукталышы тууралуу материалдарды даярдаган кабарчылардын жети жылга эркинен ажыратылышы эл аралык коомчулуктун кескин сынына кабылган.
Орус президенти Британия Скрипалдарды ууландырды деп айыптап жаткан эки орус жаранынын тек-жайы аныкталганын билдирди. Бирок Владимир Путин ал шектүүлөр расмий Лондон айткандай Орусиянын Башкы чалгындоо башкармалыгынын өкүлдөрү эмес, катардагы эле жайкын тургундар экенин айтты.
Эл аралык “Хьюман Райтс Уотч” укук коргоо уюму Кытайдын Шинжаң аймагындагы этностук азчылыктарга, анын ичинде уйгурларга карата саясатын сынга алды. Уюмдун апта башында жарыяланган жаңы баяндамасында Шинжаңда миңдеген уйгурлар “саясий тарбия берүүчү борборлордо” мыйзамсыз кармалып турганы, алар кыйноого алынганы белгиленген.
Жекшемби күнү Орусиянын бир катар шаарларында пенсия реформасына каршы жүрүштөр өттү. Санкт-Петербург, Екатеринбург сыяктуу айрым шаарлардагы нааразылык акциялары камоолор жана кагылышуулар менен коштолду.
БУУнун адам укуктары боюнча адистери Кытайдын Шинжаң аймагындагы саясий тарбия берүүчү лагерлерде миллионго чукул этникалык уйгурлар кармалып турганын айтышууда. Кытай мындай кабарларды фактыга негизделбеген маалымат деп мүнөздөп жатат.
Дагы жүктөңүз