"Азаттык" радиосунун мурдагы башкы редактору . 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek
Түндүк менен Түштүк Корея эки өлкө лидерлеринин үчүнчү саммитин 18-20-сентябрда өткөрмөй болушту. Мындай чечим бир күн мурда Пхеньянда өткөн эки тараптуу жолугушууда кабыл алынды.
Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешине кандай реформа керек? Эмне үчүн бул кеңеш гуманитардык жана маданий кызматташтыктын алкагынан чыга албай жатат? Саясий маселелерде уюмдун мүчөлөрү бири-бирин канчалык колдоп кете алат? “Азаттыктын” суроолоруна азербайжандык саясат таануучу Зардушт Ализаде жооп берди.
АКШнын Кыргызстандагы аба базасын күйүүчү май менен камсыздоодо чоң кирешеге туйтунгандар кимдер болгон?
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 1-сентябрда расмий сапар менен Кыргызстанга келди.
Бакиевдердин кеңешчиси болгон Гуревич алар Кыргызстандан 200-300 миллион доллар чыгарып кеткен деп эсептейт.
АКШда финансылык кылмыштар боюнча айыпталып жаткан, он жылдан ашык Украинада иштеген политтехнолог Пол Манафорт менен анын кызматташынын 2005-жылдагы ыңкылаптан кийин Кыргызстанга келгени тууралуу кабар дале талкуу жаратууда. Бул жаңылык ачыкка чыкканга чейин Украинанын Жогорку Радасынын депутаты, иликтөөчү журналист Сергей Лещенко Манафорт украин аткаминерлеринен алган төлөмдөрүнүн изин Кыргызстан аркылуу жашырып келгенин айткан. Лещенко Манафорттун Кыргызстандагы болжолдуу изи тууралуу “Азаттыкка” айтып берди.
Пол Манафорттун 2005-жылдагы "Жоогазын ыңкылабынан" кийин Кыргызстанга келгени маалым болду.
Украин режиссеру Олег Сенцовдун орус абагында ачкачылык кармап жатканына 100 күн болду. 21-августта Чехия, Украина жана Британия сыяктуу бир катар өлкөлөрдө Сенцовго колдоо көрсөткөн акциялар уюштурулду. Кремл режиссер өзү кечирим сурамайынча, ага ырайым берүү тууралуу өтүнүч каралбай турганын билдирип жатат.
Түрк полициясы АКШнын Анкарадагы элчилигине ок аткандарды издеп жатат. Бул окуя эки өлкөнүн алакасы кескин солгундап, президент Эрдогандын өкмөтү АКШны "Түркияга экономикалык чабуул койду" деп айыптап жаткан кезде болду.
Румынияда дээрлик бир жумадан бери өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылган акциялар уланып жатат. Шаршемби күнү кечинде Бухаресттин борбордук бөлүгүнө дагы жүздөгөн демонстранттар чогулду. Бирок өкмөт азырынча алардын талабына кулак сала элек.
Президент Режеп Тайип Эрдогандын өкмөтү АКШдан Түркияга ташылган автоунаа жана тамеки сыяктуу айрым товарларга бажы төлөмүн көбөйттү. Андан мурда Кошмо Штаттар Түркиянын эки министрине санкция салып, түрк металлына салыкты жогорулаткан.
Түркия АКШда чыгарылган электрондук жабдууларга бойкот жарыялайт. Президент Режеп Тайип Эрдоган мындай чечимди Түркияга каршы "экономикалык чабуулга" жооп катары мүнөздөдү. Андан мурда АКШ эки түрк министрине санкция салып, Түркиядан ташылган алюминий менен болоттун бажы төлөмүн көбөйткөн. Бул жагдай түрк лирасынын курсунда рекорддук төмөндөөгө себепчи болгон.
АКШ Британияда мурдагы орус тыңчысы менен анын кызынын ууландырылышына байланыштуу Орусияга санкция салаарын жарыялады.
Индонезиянын Ломбок аралында жекшембидеги зилзаладан каза тапкандардын саны өсүп жатат.
АКШ Түркияда үй камагында отурган америкалык пасторго байланыштуу эки түрк министрине санкция салды. Түркия НАТОдогу өнөктөшүнүн бул кадамын кескин сынга алып, ага жооп кайтараарын билдирип жатат. Террорчулук боюнча айыпталып жаткан пастор Эндрю Брансон жыйырма айдан ашык абакта отуруп, жакында эле үй камагына которулган.
Тажик өкмөтү жекшембидеги төрт туристтин өмүрүн алган кол салуу боюнча өлкөдө тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу партиясын" күнөөлөдү. Бирок партиянын бозгундагы лидери мындай айыптоону четке кагып, бийлик чыныгы күнөөлүүлөрдү көз жаздымда калтырып жатканын айтты. Андан мурда "Ислам мамлекети" радикал тобу бул кол салууга жоопкерчилик алган болчу.
АКШнын чалгын спутниктери Түндүк Кореядагы кубаттуу баллистикалык ракеталарды чыгарган заводдо иш тынымсыз уланып жатканын аныктады. Бул тууралуу "Вашингтон пост", "Рейтер" сыяктуу дүйнөлүк алдыңкы басылмалар америкалык расмий өкүлдөргө шилтеме кылып жазып чыгышты.
Москвада жекшембиде өткөн пенсия реформасына каршы митингде кеминде үч активист кармалды. Академик Сахаров проспектисине чогулган миңдеген адамдар өкмөттүн пенсияга чыгуу курагын көтөрүү сунушуна нааразылык билдиришти. Бийлик өкүлдөрү Орусияда пенсия системасы эртеби-кечпи реформага муктаж экенин айтып жатышат.
Өзбекстанда июль айында бир нече мечиттин имамдары иштен алдынды. Өлкөнүн муфтияты буга молдолордун диний билиминин тайкылыгы, үлгү боло албаган жүрүм-туруму себеп болгонун билдирди.
Орусиянын Мамлекеттик Думасы бир канча айдан бери талаш жараткан тил мыйзамын жактырды. Ага ылайык, Орусиянын жумурияттарындагы мектептерде окуучу кайсы тилди эне тил предмети катары окуй турганын мындан ары анын ата-энеси чечмекчи. Татарстан сыяктуу жумурияттардын активисттери эми чакан этностордун тили орус тилинин көлөкөсүндө калат деп кабатыр болуп жатышат.
Дагы жүктөңүз