Линктер

ишемби, 22-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 13:28

Өзбекстанда бир нече имам иштен алынды


Самарканддагы мечит.

Өзбекстанда июль айында бир нече мечиттин имамдары иштен алдынды. Өлкөнүн муфтияты буга молдолордун диний билиминин тайкылыгы, үлгү боло албаган жүрүм-туруму себеп болгонун билдирди.

Өзбекстандын Мусулмандар дин башкармалыгы өлкөнүн аймагында бир нече имамдын иштен алынышы боюнча 26-июлда түшүндүрмө берди. Муфтияттын билдирүүсүнө ылайык, бештен ашык мечит башчыларынын иштен кетишине алардын өздөрүнүн шалаакылыгы, билимсиздиги себеп болгон.

Мисалы, Сырдарыя облусунда үч молдо диний билими жок болгондуктан бошотулса, бул облустун башкы имам-хатиби Муминжон Усманов мындай көрүнүшкө жана мыйзамсыз нике кыюу, мечитке келгендерге орой мамиле кылуу фактыларына жол бергени үчүн кызматтан алынган.

Ташкенттеги «Шайх Зайниддин» мечитинин имамы Одилхон Исмоилов "мечит тартиптерин сактабай, күн сайын окулчу намаздарга келбей, такталбаган маалыматтарды Интернет аркылуу тараткан" деген жүйө менен иштен кетти.

Фергана районунун имамы Хасанбой Ашуров менен Самарканд районунун имамы Абдурахим Пулатов "тапшырмаларды өз убагында аткарган эмес, молдого ылайык келбеген орой мамиле кылган" деген негизде жумушунан кол жууду. Мечиттердин башчылыгынан кеткен бул динзарлар менен байланышып, алардын оюн суроого мүмкүнчүлүк боло элек.

Бирок Өзбекстандын муфтияты имамдар чындап чекилик кетиргенин белгилеп жатат.

- Айрым имамдардын кайдыгерлиги, көңүлкоштугу жана шалаакылыкка жол бергени көпчүлүктүн көңүлүн иренжитип жатат. Өкмөтүбүз диний тармакты өнүктүрүү үчүн бир катар шарттарды түзүп берүүдө. Бир кездерде кыялданып, бирок жүзөгө ашыра албаган иштер аткарылып жатат. Бирок буга карабастан айрым мечиттердеги кейиштүү көрүнүштөр жана имамдардын ишмердигиндеги кемчиликтер көңүл оорутат. Айрым мечиттердин кароосуз калганы, айрым имамдардын кайдыгерлиги бул сөздөрдү далилдеп турат,-деп айтылат муфтияттын билдирүүсүндө.

Ташкенттеги "Хазрети имам" мечити.
Ташкенттеги "Хазрети имам" мечити.

Мирзиёевдин дин саясаты

Мурдагы президент Ислам Каримовдун көзү тирүү кезде Өзбекстанда керек болсо исламдын салттуу агымы да чектөөгө кабылып келген. Шавкат Мирзиёев Каримовдун ордун баскандан бери диний агартуу ишине көңүл буруп, мурдагы бийликтин тушундагы чектөөлөр алына баштаган.

Мисалы, Ташкент сыяктуу айрым шаарлардагы мечиттерге үн күчөткүч аркылуу азан чакырууга уруксат берилген. Мурдагы бийликтин тушунда түзүлүп калган динзарлардын “кара тизмесинен” миңдеген адамдар чыгарылган.

Былтыр жыл соңунда президент Мирзиёев Өзбекстандын жогорку жана орто диний билим берүү мекемелеринде кесипкөй кадрлардын таңсыктыгын жоюу максатында “Ислам академиясын” түзүүнү чечкен.

Президент имамдардын билимин жогорулатуу курстарын уюштуруу керектигин айтып, ал үчүн тарыхый жактан калыптанган салттуу динге басым жасоо зарылдыгын белгилеп келет.

- Биз диний караңгылыкка жана коркунучтуу агымдарга каршы күрөшүү керектигин белгилеп келебиз. Бул албетте туура. Бирок андай агартуунун, андай илимдин булагы кайда? Биздин улуу ата-бабаларыбыз таштап кеткен китептерде эмеспи?,-деп билдирген Мирзиёев былтыр парламентке кайрылуусунда.

Деген менен Өзбекстанда соңку мезгилде айрым жаңы чектөөлөр тууралуу кабарлар да келип жатат. Мисалы, 25-июндан тарта Өзбекстандагы «Маданият ва маърифат» телеканалы бери дегенде эле алты диний берүүнү көрсөтүүнү токтотту. Телеканалынын өкүлдөрү жетекчиликке жогору жактан эфирге диний мүнөздөгү берүүлөрдү чыгарбоо жана дин адамдарын көрсөтпөө тууралуу буйрук келгенин билдиришти.

«Биз эфирге сакалчан кишилерди чыгарбай калдык. Эми имамдар телеберүүлөргө чакырылбайт»,-деп билдирген каналдын аты-жөнүн айткысы келбеген кызматкери.

Июнь айында Ташкентте "Ислам цивилизациясы" борборунун курулушу башталды.
Июнь айында Ташкентте "Ислам цивилизациясы" борборунун курулушу башталды.

Динзарларды "тарбиялоо" аракети

Борбор Азияда исламдын радикалдуу агымдарына каршы туруу жана мечит башкарган молдолордун диний билимин жогорулатуу маселеси дале курч бойдон турат.

Кезинде Кыргызстанда имам-казыларды диний билимин, кызматка ылайыктуулугун текшерүү үчүн аттестациядан өткөргөн учурлар болгон. Мындай практиканы Тажикстан соңку жылдардан бери колдонуп келет.

Мындан тышкары коңшу өлкөдө имамдарга карата жаңы эрежелер байма-бай киргизилип келет. Мисалы, тажик молдолоруна жылда аттестациядан өтүүгө тийиш дегенден тышкары атайын униформа кийип жүрсүн, сакалы бир тутам болушу керек деген көрсөтмө да берилген.

Бир нече апта мурда эле Тажикстандын Дин иштери комитетинин көрсөтмөсү менен мечиттердин имам-хатибдери мындан ары музейге барып турууга милдеттендирилген. Бийлик молдолор өз жеринин тарыхын билүүгө тийиш дешет.

Былтыр Тажикстанда чет жаткан билим алган имамдар иштен бошотулуп жатканы да белгилүү болгон. Дин иштери боюнча комитет чет өлкөлөрдө мыйзамсыз окуган имамдар экстремизм менен радикализмге үгүттөшү мүмкүн деген кооптонуусун билдирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG