"Азаттык" радиосунун мурдагы башкы редактору . 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek
"Орусиянын Брянск аймагындагы абакта жазасын өтөп жаткан кишини думуктуруп өлтүргөн" деген шек менен бир түрмө сакчысы кармалды. Андан мурда Ярославлдагы түзөтүү колониясындагы ур-токмокту көрсөткөн видео Интернетке тарап кетип, 17 түрмө сакчысы кызматтан четтетилген эле.
Ак үй президент Дональд Трамптын Орусия боюнча саясатын сынга алган, мурунку администрациянын тушунда иштеген 6 жогорку даражалуу аткаминерди купуя маалыматтар менен таанышуу укугунан ажыратышы мүмкүн. Бул кабарды айрым саясатчылар кескин сындап чыгышты.
Түркияда эки жыл мурдагы төңкөрүш аракетинен кийин киргизилген өзгөчө абал тартиби соңуна чыкты. Аны утурлай бийлик жаңы коопсуздук чараларын сунуштады. Оппозиция ал чараларды аскердик төңкөрүш дооруна кайтып баруу аракети катары мүнөздөдү.
“Амазон” компаниясынын башчысы Жефф Безос адамзаттын соңку тарыхындагы эң бай адам болуп калды. “Блумбергдин миллиарддерлер индексине" ылайык, Безостун байлыгы буга чейин башка миллиардерлер багындырган чектен ашып өттү.
Өзбек-тажик чек арасы ачылганы менен кайра эркин соодага тоскоолдук жаралып жатканын жергиликтүү ишкерлер билдирип чыгышты.
Германиядагы оппозициялык партиялар ички иштер министри Хорст Зеехофердин кызматтан кетишин талап кылып жатышат. Буга Германиядан Ооганстанга кайтарылган мигранттардын бири Кабулда өз өмүрүн кыйганы себеп болду.
Греция менен Орусиянын ортосунда дипломатиялык маселе жаралууда. Расмий Афины "ички ишибизге кийлигишти" деп, эки орус дипломатын өлкөдөн чыгарууну чечкенин грек гезити шаршемби күнү кабарлап чыкты. Москва болсо грек өкмөтүнүн мындай чечимине жооп кайтараарын эскертти.
НАТОнун Брюсселде 11-июлда баштала турган саммитинин алдында кескин билдирүүлөр айтылды. Европа Кеңешинин президенти Дональд Туск АКШ президенти Дональд Трамптын Евробиримдиктин коргонуу чыгымдары боюнча айткандарын сындады. Президент Трамп НАТОнун чыгымдарынын басымдуу бөлүгүн Кошмо Штаттар көтөрүп жатканын белгилеп, уюмдун Европадагы мүчөлөрүнөн коргонуу чыгымдарын көбөйтүүнү талап кылууда.
Англияда "Новичок" химиялык затына ууланган аял ооруканада каза тапты. Дон Стёрджестин өлүмүнөн кийин британ полициясы "Киши өлтүрүү" беренеси боюнча иликтөө ишин баштады. Стёрджес жана аны менен чогуу жашаган Чарли Роули мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипал менен анын кызы Юлияга кол салууда колдонулган уулуу затка кандайча кабылганы так айтыла элек.
"Биз Түндүк Кореяны өзөктүк куралдан арылтабыз". Мындай пикирин бул өлкөнүн лидери Ким Чен Ын менен шейшембиде Сингапурда жолуккан АКШ президенти Дональд Трамп "Америка добушу" радиосуна курган маегинде айтты. Трамп кезинде кайым айтышып жаткан Ким менен тил табышканын да ишара кылды.
Түркия Австриянын айрым мечиттерди жаап, имамдарды өлкөдөн чыгаруу чечимин сындап чыкты. Австриянын өзүндөгү мусулмандардын уюму өкмөттүн соңку чечими боюнча сотко кайрылганы жатат.
Сингапурда АКШ менен Түндүк Кореянын тарыхтагы биринчи саммитине акыркы даярдыктар көрүлүп жатат. Дүйшөмбүдө эки өлкөнүн делегациялары жолугуп, 12-июнга белгиленген саммиттин чоо-жайын талкуулашты.
Түркмөнстан миграциялык мыйзамдарды бузган жарандар үчүн мунапыс берүү маселесин карап жатканы белгилүү болду. Бул чара чет өлкөдө жүрүп, убагында биометрикалык паспорт албай калган түркмөн мигранттарына дагы тиешелүү.
Владимир Путин орус күчтөрү азырынча Сириядан чыкпай турганын ишара кылды.
Швециянын соту Стокгольмдогу былтыркы теракт боюнча айыпталган Өзбекстандын жараны Рахмат Акиловду өмүр бою эркинен ажыратты.
“Фейсбук” социалдык түйүнү кытайлык “Хуавей” компаниясы менен маалымат бөлүшүү тууралуу келишими болгонун ырастап, аны ушул жуманын этегине чейин токтоторун билдирди.
Иран Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттигине (МАГАТЭ) уран байытуу кубатын кеңейтүүгө киришкенин кабарлады. Тегерандын мындай чечимин Израил дароо сындап чыкты. Иран бийлиги 2015-жылкы өзөктүк келишим жокко чыгып кала турган шартка даярданып жатканын айтып жатат.
Дүйнөлүк футбол чемпионатынын алдында Орусиядагы ондогон тажикстандык мигранттар мекенине кетип жатканы белгилүү болду. Укук коргоочулар муну мелдешти утурлай орус полициясынын текшерүүлөрдү күчөткөнү менен байланыштырып жатышат.
Данияда коомдук жайларда никаб жана бурка башкача айтканда паранжы кийүүгө тыюу салынды. Мындай чечимди бул өлкөнүн парламенти бейшемби күнү кабыл алды. Натыйжада Дания паранжыга чектөө киргизген Батыш өлкөлөрүнүн катарын калыңдатты.
Бул мыйзам мурдагы кыргыз президентинин уулу Максим Бакиев жашайт делген Лондондун четиндеги “хансарайдын” таржымалын иликтөөгө жол ачышы мүмкүнбү? “Азаттыктын” иликтөөсүн көрүңүз.
Дагы жүктөңүз