"Азаттык" радиосунун мурдагы башкы редактору . 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Пхеньяга барып, Түндүк Кореянын башкы дипломаты менен кездешти. Анын бул визити АКШ менен Түндүк Кореянын лидерлери жолугат деп күтүлүп жаткан учурга туш келди. Бир күн мурда Ким Чен Ындын оң колу деп мүнөздөлгөн жогорку расмий өкүл АКШга келген.
2014-жылы Украинанын жикчилдер менен кармаш жүрүп жаткан аймагында атып түшүрүлгөн малайзиялык учактын маселеси боюнча Орусияга кысым күчөдү.
Орусия Сириянын Дейр-эз-Зор вилайетиндеги чабуулда 4 орус жоокери мерт болгонун тастыктады.
АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен 12-июнда Сингапурда өтөрү кабарланган саммитин токтотту.
Британ парламентинин комитети Орусиядан Лондонго агылган шектүү акча жана байлыкка каршы күрөштү күчөтүүгө чакырды. Орус тарап бул кабарды кезектеги пропаганда деп баалап, орус байларын акчасын Британияга эмес, Орусиянын өзүнө салууга чакырды.
Казакстанда көз каранды эмес саясат таануучулар жана активисттерден турган “Жаңы Казакстан” форуму мүдө-максаттарын коомчулукка жарыялады. Кыймылдын мүчөлөрү Алматыда алгачкы маалымат жыйынын өткөрүп, жаңы форум “элдин көзүн ачууну”, “бийлик менен диалог түзүүнү” көздөрүн айтышты. Бийликке сынчыл көз караштагы бул активисттер апрель айында Казакстандын тагдырын Брюсселде талкуулап келишкен эле.
Жогорку Кеңеш “экс-президенттер оор кылмышка шектелген учурда алардын кол тийбестигин алуу механизмдерин иштеп чыгуу” сунушун колдоду. Бул демилге коомчулукта учурдагы жана мурдагы президенттердин мамилеси талкууланып жаткан учурда көтөрүлүп жатат.
Немис канцлери Ангела Меркел Ирандын өзөктүк келишимин коргоп чыкты.
Тажикстандын башкы чек арачысы жоочулардын коркунучу тууралуу коңгуроо какты.
Израил расмий Тегеранды айыптаган билдирүү менен чыкты.
Бүгүн Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын чегинде эки лидердин саммити өтүп жатат.
Лондондо катталган “Чаарат Голд” компаниясы Кумтөр алтын кенин сатып алууга аракет кылууда.
Кыргызстан “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун 2017-жылдагы баяндамасында тогуз баскычка артка кетти.
Лукашенко Москваны беларус товарларын орус базарына киргизбей жатат деп күнөөлөдү.
Иракта орусиялык жана азербайжандык аялдар менен кошо Кыргызстандын бир жараны да өлүм жазасына кесилгени кабарланды. АКШнын жогорку даражалуу чабарманы Түндүк Кореяга жашыруун барып, Ким Чен Ын менен жолукканы белгилүү болду.
Байкоочулардын баамында бааны көтөрүү маселеси эки тараптын макулдугу менен болушу мүмкүн.
Азербайжандагы президенттик шайлоодо күтүлгөндөй эле Илхам Алиев жеңип чыкты.
Кремль муну убактылуу көрүнүш катары мүнөздөп, рынок жаңы шартка ыңгайлашаарын билдирүүдө.
Кызматын тапшырган президент эми премьер-министр болуп келет деген жоромол көп айтыла баштады.
Түркмөн жарандары каатчылыктан улам Борбор Азиядагы өлкөлөрдөн да жумуш издеп жатышат.
Дагы жүктөңүз