"Азаттык" радиосунун мурдагы башкы редактору . 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek
Тажик парламенти президент Эмомали Рахмонду эгемен Тажикстандын негиздөөчүсү деп жарыяды.
“Ислам мамлекети” экстремисттик тобу Ирактагы Мосул шаарынын тегерегинде жашаган адамдарды аёосуз өлтүрүп жатканын БУУ билдирип чыкты.
Берлинге чогулган Франция, Германия, Украина жана Орусиянын лидерлери Донбасс аймагындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча жол картаны ноябрь айынын соңуна чейин иштеп чыгууга макулдашты.
Казакстандын маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулынан сексуалдык ыдык көргөнүн айтып чыккан кыз-келиндердин саны онго чукулдады.
Украинанын чыгышындагы Донецк шаарында Орусия колдогон жикчилдердин “Моторола” аттуу таанымал талаа командири жардыруудан мерт болду. Украинанын бийлиги аны согуш кылмыштары боюнча айыптап келген.
Кыргызстанда адам укуктары жана эркиндиктеринин азыркы абалы кандай? Саясий кайым айтышуулар күчөгөн маалда кайсы маселелер көз жаздымда калып жатат?
Өзүн мурдагы өзбек президентинин тун кызы Гүлнара Каримова деп сыпаттап, “Твиттерде” талкуу жараткан колдонуучу чынында Каримова эмес экенин “Азаттыктын” өзбек кызматынын иликтөөсү көрсөттү.
АКШда республикачылардын талапкери Дональд Трамптын дарегине сексуалдык ыдык көрсөтүү боюнча дооматтар айтылууда. Соңку саясий өнүгүүлөрдөн кийин Клинтон менен Трамптын рейтингинде айырма көбөйүп баратат.
Түркияда Конституцияны өзгөртүү аркылуу президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтүү аракети жанданды. Премьер-министр Бинали Йылдырым бул кадам Түркиянын бүтүндүгү үчүн керек деп айтты.
Ооган президенти Ашраф Гани 11-октябрдын кечинде Кабулдагы шииттердин диний жайында болгон чабуулду адамзатка каршы кылмыш деп атады.
Орусия Сириядагы Тартус портуна деңиз флоту үчүн туруктуу база түзүү планын жарыялады.
Грузиядагы парламенттик шайлоодо бийликтеги “Грузин кыялы” партиясы жалпы добуштардын дээрлик жарымын (48,6 %) алды. Мурдагы президент Михаил Саакашвили негиздеген “Бириккен улуттук кыймыл” партиясы добуштардын 27 пайызына ээ болду.
Адабият боюнча Нобел сыйлыгынын лауреаты, беларус жазуучусу Светлана Алексиевич өткөн жылы “Эркин Европа/Азаттык” үналгысына маек курган.
Расмий Москва Вашингтон менен өзөктүк кызматташуу багытындагы дагы бир келишимин токтотту. Орус расмийлери бул чечим АКШнын санкцияларына жооп иретинде кабыл алынганын айтышты.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мамлекеттик кызматкерлердин интернеттеги социалдык баракчаларды колдонуусуна тыюу салууну сунуштады. Бул аракеттен майнап чыгабы?
Түркияда өзгөчө кырдаал дагы үч айга узараары жарыялангандан көп өтпөй 12 миңден ашык полиция кызматкери иштен алынды.
Эл аралык кризис тобу (ICG) Кыргызстанда коррупциядан жана мамлекеттик органдардын алсыздыгынан жаралган боштукту диний уюмдар, айрым учурда радикалдуу топтор толтуруп жатканын билдирди.
Өзбекстанда жетекчилик алмашкандан бери Борбор Азиядагы башка өлкөлөр менен дипломатиялык карым-катнаш жандана түштү.
Казакстандын Алматы шаарындагы абакта жазасын өтөп жаткан аялды зордуктады деп айыпталган түрмө сакчысы Руслан Хакимов тогуз жылга эркинен ажыратылды. Каракчылык боюнча сегиз жылга соттолгон Наталья Слекишина өткөн жылы түрмөдө зордукталып, быйыл кыз төрөгөн.
Грузияда 8-октябрга белгиленген парламенттик шайлоонун алдында саясий кайым айтышуу күчөдү.
Дагы жүктөңүз