"Азаттыктын" журналисти. Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.
"Азаттыктын" булактары Аяз Баетов Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү болорун айтышкан. Бул маалымат 8-сентябрда расмий тастыкталды. Юстиция министри болгон Алмаз Айылчиев саясий чөйрөдө анча таанымал болбосо да "ММК жөнүндө" талаштуу мыйзам боюнча топтун башчыларынын бири катары белгилүү.
Алмаз Имангазиев эмгек жана социалдык камсыздоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Саясий чөйрөдө ШКУнун саммити баш болгон иш-чаралардан соң кадрдык жүрүштөр болору тууралуу кеп бар эле. Өкмөт курамындагы кезектеги министрди алмаштыруу менен дал ушул кадрдык өзгөрүүлөр башталдыбы?
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы Бишкекте 50 миң кишиге ылайыкталган “Бишкек арена” стадионунда өттү. Оюн 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанда өтөт. Ага дүйнөнүн 112 өлкөсүнөн 3 миңге жакын спортчу катышат деп күтүлүүдө. Мелдештер спорттун 42 түрү боюнча уюштурулат.
Ысык-Көлдүн Чоң-Өрүктү айылы акыркы жылдары кулпунай, кожогаты менен таанылып калды. Жергиликтүүлөр тамаша-чын аралаш айылын "Кичи Англия" деп атап алышкан. "Данисте" Чоң-Өрүктүнүн эмгекчил элинин бизнеси тууралуу айтып берет.
Непалдагы алааматта каза болгондордун саны 500гө чукулдады. Дайынсыз болуп жаткан 800 кишинин арасында Казакстандын эки жараны да бар. Абакта жаткан Равшан Жээнбеков саясий куугунтук токтобой жаткан шартта “президенттик шайлоодо атаандаштык болобу?” - деп суроо койду.
Непалдагы суу ташкындан улам каза тапкандардын саны 270ке жетти. Дагы 1,5 миңден ашык кишинин, анын ичинде 800 чет элдиктин дайыны белгисиз. "75чилердин" сотунда онго жакын күбө сурак берди. Интернет айдыңында пикир жазган журналист, активисттерди каралоо жаңы деңгээлге чыкты.
"Ырыс ордодогу" ынтымакка чакырык, шайлоо жышааны жана "75чилер иши". Тажикстанда 2,5 миң орундуу улуттук театр ачылды. Махабат Тажибек кызынын иши Ленин райондук сотунда кайра карала баштады. Ал быйыл март айында үй камагына чыккан эле.
Милиция Таласта курулуш министри Нурдан Орунтаевдин аты аралашкан жаңжалды териштирип жатат. Сулайман-Тоо тарыхый-археологиялык музей комплексин ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгаруу сунушу талкууга түшттү. Казакстанда парламенттик шайлоодо бийликчил "Адилет" партиясы алдыга чыкты.
Аптаптан улам Америка, Европа, Азияда токойлор өрттөнүп жатат. Коңшу Казакстанда да токойдо өрт чыгып, 220 киши эвакуацияланды. Бишкек соту ишкер Ташовду 8 жылга кести. Ажырашкандан кийин аялын өлтүрүп салган адам өмүр бою абакка кесилди.
Камчыбек Ташиев президенттик шайлоого катышпасын, президент Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдорун жарыялады. Ташиев баш болгон сегиз киши бийликти күч менен басып алууга күнөөлүү деп табылып, бирок пробация жазасы менен эркиндикте калган.
Акын Аскат Жетиген абак кызматкерлери соттолгон адамдарды ур-тепкиге алып жатканын айтып, кат жазды. Жаза аткаруу кызматы муну четке какты. АКШ Ирандын аскердик буталарына сокку урду. Өз кезегинде Тегеран Иордания жана Кувейттеги базаларга чабуул койгонун маалымдады.
Экс-депутат Шайырбек Ташиев 16-сентябрга чейин камакта калды. Абакта жаткан Темирлан Султанбеков соттун ачык өтүшүн талап кылууда. Кадыр Атамбаев болсо кыйноого кабылганын билдирди. Түркияда 10 жыл мурунку ишке ашпай калган төңкөрүштөн кийин 100 миңден ашуун киши соттолду.
Акын Аскат Жетиген абактан кат жазып, саламаттыгы начарлап кеткенин кабарлады. Жаза аткаруу кызматы муну четке какты. АКШ өткөн түнү Иранга абадан сокку урду. Кыргызстанда алдыдагы төрт күндө абанын табы 40 градустан ашары кабарланды.
Кара-Жантакта айыл элинин жарандыгы жана укуктук макамы бир түндө өзгөргөн. Айыл эли жаңы шарттарга кантип ыңгайлашканы, ошол эле учурда чек аранын эки тарабындагы көп жылдык экономикалык, социалдык жана туугандык байланыштарын кантип сактап келатканын баяндайбыз.
Кыргызстанда көп аялдуулук мыйзам менен тыюу салынганына карабай, көмүскөдө нике кыйдырып жашагандар бар. Расмий статистика жок болгондуктан, көйгөйдүн чыныгы масштабы белгисиз бойдон калууда.
Кыргызстанда көп аялдуулукка мыйзам тыюу салганы менен анын көмүскөдөгү көйгөйлөрү арбын. Расмий статистика жок болгондуктан, көйгөйдүн чыныгы масштабы белгисиз бойдон калууда.
Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо келерки жылы 27-январда болот. Бул туурасында билдирген парламент спикери бүгүн кайрадан "75чилердин катынын" тобокелдигине токтолду
Баткен районунда селден улам өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Британиялыктар Еврошаркеттен чыгуу жолун тандаганына 10 жыл болду. Кыргызстанда “Ширшов” коомдук фонду ачылды. Ширшов коомдук ишке активдүү катышуу менен эмнени көздөйт?
8-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда “75чилердин каты” боюнча сот уланууда. Бул жараянда да сотту ачык кароо тууралуу өтүнүч берилип, ал канааттандырылган жок. Отурумда күбөлөр сурала баштады.
Ысык-Көл облусунун Булан-Сөгөттү айылында сел агызып кеткен 15 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү 8-июнга караган түнү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.
Дагы жүктөңүз