"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Дүйнөлүк базарда мунай жана алтын баасынын кымбаттоо жараяны уланууда. Мунай өндүрүүчүлөрдүн ОПЕК уюмунун өндүрүш көлөмүн көбөйтпөө жөнүндөгү соңку чечиминен кийин кара майдын бир баррели бейшемби күнү европалык биржалардагы соодада 105 доллардан ашып өттү. ОПЕКти өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүүгө чакырган АКШ анын соңку чечимине нааразы экенин билдирди. ОПЕКтин жетекчилиги болсо мунай кымбаттоосунун бир себебин америкалык экономиканы башкаруудагы катачылыктардан көрөт.
Грузия жана Украина НАТОго кошулуусу үчүн чечүүчү кадамды жасоосуна уруксат берилиши керек. Бул тууралуу америкалык эксперттердин тобу Вашингтондо, Хельсинки комиссиясындагы жыйында билдиришти. Эксперттер ошондой Балкан чөлкөмүнүн учурда НАТОго кошулуунун үстүнөн иштеп жаткан үч өлкөсү: Албания, Хорватия, Македония келерки айдагы саммитте уюмга кирүүгө чакырык алыш керектигин белгилешти.
Армения борбору - Ереванда өзгөчө абал сакталууда. Мындай тартип ишемби күнү орун алган тополоңдон кийин киргизилген эле. Анда оппозиция өткөрүп жаткан демонстрациянын катышуучулары менен полициянын кагылышуусунан, расмий маалыматка караганда, сегиз адам өлүп, 131 киши жарадар болду. Бийликтер бул окуяга байланыштуу оппозициянын 30 активисти камалганын ырасташты. Кызмат мөөнөтү аяктап жаткан президент Роберт Кочерян эл аралык коомчулуктун оппозиция менен сүйлөшүү жөнүндөгү чакырыктарын четке кагып, өзгөчө абал ал киргизилген мөөнөткө толук сакталарын билдирди. Өлкөдөгү азыркы кризисти алып келген жакындагы талаштуу президенттик шайлоо "Карабах кланы" деген маселе көңүл борборуна чыгышын да шарттады.
Борбор Азиянын калкы быйыл соңку ондогон жылдардан берки эң катуу ызгаарды баштан кечирди, кар адаттагыдан калың түштү. Эми жаздын келиши менен аймакта сел жүрүү тобокелчилиги жогору болуп турат. Муну эл аралык уюмдар да эскертүүдө.
Арменияда өзгөчө абал сакталууда. Башкаала Еревандын көчөлөрүн аскерлер көзөмөлдөп жатат. Өзгөчө абал өлкөнүн кызмат мөөнөтү аяктап бара жаткан президенти Роберт Кочерян тарабынан мындан эки күн мурда киргизилген эле. Анын алдында президенттик шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу оппозиция өткөрүп жаткан демонстрация кагылышуу менен аяктаган. Андан расмий маалыматка караганда, сегиз адам каза тапты, 130тан ашуун киши жаракат алды. Бул үчүн өкмөт менен оппозиция бири-бирин айыптоодо.
Иракта өлкөнүн улуттук акчасы – динардын жаңы үлгүсү жүгүртүүгө киргизилгенине төрт жылдан ашып калды. Кубаты барган сайын кетип бара жаткан АКШ долларына карата акыркы жылдары анын наркы да кыйлага өстү. Муну айрымдар өтө эле жагымдуу жагдай деп эсептешет. Бирок ирак валютасынын баалуулугу артуусунун чын эле экономикалык негиздери барбы?
Орусиянын жыйынтыгы күн мурунтан белгилүү президенттик шайлоосуна саналуу күн калды. Шайлоо президент Владимир Путиндин мураскери, орус өкмөтүнүн азыркы биринчи вице премьер-министри Дмитрий Медведевдин жеңиши менен аяктары күтүлүүдө. Медведев устаты Путин сыяктуу эле мурдагы Ленинград, азыркы Санкт-Петербургда туулуп өскөн, кесиби боюнча юрист, 43 жашта. Бул болочок президенттин айрым бир белгилүү жактары, белгисиз жактары кайсылар?
Орусияда ушул аптада өтүүчү президенттик шайлоону утурлай Эл аралык мунапыс уюму жарандардын ой-пикир билдирүү, чогулуу, жыйын куруу укуктарынын өлкөдөгү абалын талдаган жаңы отчетун жарыялады. Отчеттун тыянагына караганда, адамдын бул фундаменталдык негизги үч укугу тең Орусияда акыркы жылдары кескин кыскарды. Мындан карапайым тургундар менен катар ириде адам укук коргоочулар, көз карандысыз бейөкмөт уюмдар, саясий оппоненттер жабыр тартууда.
Түркия күрд согушкерлеринин базалары жок кылынмайынча түндүк Ирактан аскерлерин алып кетүүнүн мөөнөтүн белгилебейт. Бул тууралуу Түркиянын шаршемби күнү Багдадга келген атайын чабарманы билдирди. Түркиянын түндүк Ирактагы аскерий операциясын ирак өкмөтү башында сабырдуулук менен кабыл алган эле, азыр болсо айыптады. Бир аптага жакындап калган уруштарда, түрк армиясынын маалыматына караганда, ПККнын 230 согушкери жок кылынды. Ал эми түрк армиясы 24 аскеринен айрылды.
Улуттар уюмунун дүйнөнүн тигил же бул аймагында ачарчылыкка кабылган адамдар менен алектенген агенттиги быйыл таратылуучу жардамын кыскартууга аргасыз болушу мүмкүн экенин эскертүүдө. Мындагы башкы себеп – дүйнөдө азык–түлүктүн кымбатоосу уланып жатканы. Ал эми адистердин пикиринде, бул көрүнүш жакынкы жылдары сакталчыдай.
Беларуста оппозиция лидерлеринин бири Александр Казулин абакта ачкачылык жарыялады. Мындай кадамы менен ал жок дегенде жубайын акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүнө катышууга бийликтер уруксат берүүсүнө жетишүүнү көздөөдө. Казулиндин жубайы Ирина рак дартынын айынан өткөн ишемби күнү каза тапкан эле. Александр Казулин - Батыш абийир туткуну деп мүнөздөгөн беларус саясий айыпкерлеринен абакта калгандарынын азырынча акыркысы.
Орус өкмөтүнүн биринчи вице-премьер министри, бир аздан соң өлкөнүн кийинки президенти болору күтүлүп жаткан Дмитрий Медведев алдыдагы жеңишин күтпөстөн эле тышкы саясаттын маселелерине киришип, дүйшөмбү күнү Сербияга барды. Орусиянын болочок президентинин визити Косово көз карандысыздыгын жарыялоосунан улам Сербия Батыш менен каршылашып жаткан учурга туш келди.
Ооганстанда аялдар маселеси жана укуктары менен алектенүүнү көздөгөн алгачкы саясий партиянын түзүлүшүн Кабулдагы саясий чөйрө кубаттады. Анткен менен айрым аял активисттердин өзү да партия баш каала Кабулдан сырткаркы аймактарда кандайдыр бир маанилүү ийгиликке жете аларынан күмөн санап турушат. Мунун бир жүйөөсү - коомдо эскичил салттардын бекем орун-очок алып калганы.
Арменияда бүгүн президенттик шайлоо өтөт. --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/02/0459A9D5-4EB9-4303-8AF3-0C96BBA37640.ASP Мамлекет башчысынын мандатын жалпысынан тогуз талапкер талашып жатат. Азыркы премьер-министр Серж Саркисян менен өлкөнүн биринчи президенти Левон Тер–Петросян бул шайлоодогу негизги атаандаштар катары каралууда. Армениянын да бүгүнкү шайлоодогу негизги көйгөйү – ал адилет өтөөр-өтпөсү.
Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш бул күндөрү иш сапары менен Африкада жүрөт. Бул анын президенттик кызматка киришкенден бери "кара континентке" экинчи ирээт келиши жана ал жалпысынан беш өлкөнү кыдырат. Аймактагы жакырчылыкка жана жугуштуу оорууларга каршы күрөшүү анын иш сапары учурунда талкууланып жаткан башкы маселелерден. Президенттик мөөнөтү аяктап бара жаткан Жорж Буш Африкага багытталган саясатты тышкы гуманитардык саясат катары карайт.
Косово парламентинин жекшемби күнү Бишкек убактысы боюнча кечки саат сегизде башталган атайын сессиясында Көз карандысыздык жөнүндөгү декларацияны Косовонун премьер-министри Хашим Тачи окуду. Декларацияда Косово көз карандысыз, демократиялуу жана көп улуттуу өлкө деп жарыяланган.
Сербиянын провинциясы катары эсептелинип келинген Косово жекшемби, 17-февралда өзүнүн көз карандысыздыгын жарыялары күтүлүүдө. Бул тууралуу ишембиде провинциянын премьер-министри Хашим Тачи да ишара кылды. Мунун алдында Евробиримдиктин өлкөлөрү Косоводо 1800 адамдан турган миссиясын жайгаштырууну биротоло жактырды.
Өзбекстан менен Еврошаркет ортосундагы маанилүү сүйлөшүүлөрдү утурлай өткөн аптада өзбек түрмөлөрүнөн бир нече укук коргоочу активист бошотулду. Бул окуя көпчүлүк тарабынан адам укуктарынын абалын жакшыртуусу үчүн Батыштын расмий Ташкентке көргөзгөн кысымынын жеңиш менен аяктоосу катары бааланды. Бирок "унутта калган саясий айыпкерлер" да жок эмес. Алардын үй-бүлөлөрү Еврошаркет менен АКШны өзбек өкмөтү менен алдыда өтүүчү сүйлөшүүлөрдө ошол саясий айыпкерлердин тагдырын эске салууга чакырууда.
Орус президенти Владимир Путин Кремлде салтка айланган жылдык пресс-конференциясын өткөрдү. Бул анын мамлекет башчысы катары ушундай мүнөздөгү акыркы маалымат жыйыны болду. Президенттик кызмат мөөнөтү аяктап жаткан Путиндин жоопторун угууга келген жергиликтүү жана чет элдик журналисттердин саны бул ирээт 1330тан ашты. Ага ички, ошондой эле тышкы саясаттын айрым талаштуу маселелери боюнча ондогон суроолор берилди.
Казакстанда оппозициянын таанымал өкүлү, белгилүү саясий ишмер Алтынбек Сарсенбаев киши колдуу болгонуна эки жыл толду. Анын өлүмү үчүн күнөөлүү деп эсептелгендер сот жообуна тартылганы менен бул иш алигиче казак саясатына көлөкө түшүргөн окуя бойдон калууда. Атүгүл казак президентинин мурдагы күйөө баласы, Алтынбек Сарсенбаевди өлтүрүүгө президент Нурсултан Назарбаевдин өзү буйрук бергенин айтып чыккан жайы бар.
Дагы жүктөңүз